Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

"Спецназды өспүрүм кантип тескейт?" Рамзан Кадыровдун уулунун жаңы кызматы


Адам Кадыров
Адам Кадыров

Чечестандын башчысынын 16 жаштагы уулу Адам Кадыров дагы жаңы кызматка барып, Гудерместеги "Орусиянын атайын отряд университетинин куратору" болду.

Бул жерде азыр Украинага каршы согушкерлер даярдыктан өтүп жатат. Өспүрүм учурда эки батальонду жана Рамзан Кадыровдун коопсуздук кызматын жетектейт. Чеченстандын башчысынын кичүү уулунун жаңы кызматы эмнеге байланыштуу экенин Кавказ.Реалии сайты иликтеп көрдү.

Атайын отряддын куратору

16 жаштагы Адам Владимир Путиндин атын алып жүргөн "Орусиянын атайын отряд университетине" куратор болгонун Рамзан Кадыров өзүнүн Телеграм-каналына жазды.

"Кымбаттуу агамдын, Орусиянын атайын отряд университетинин жетекчиси Байбетар Вайхановдун суранычы менен Адам Кадыровду ОАУга куратор кылып дайындоо чечимин кабыл алдым. Ал бул атактуу университеттин ишмердиги менен жакындан тааныш, андыктан өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарат деп ишенем", - деп билдирди Кадыров.

Вайханов өз өтүнүчүн республиканын башчысынын кичүү уулунун "кайраттуу" жана "иштиктүү" экенине, "окуу борборунун спецификасын жакшы түшүнөрүнө" байланыштырды.

"Адам Рамазанович Кадыров В.В.Путин атындагы ОУСту мындан ары да жакшыртуу үчүн эмне кылуу керектигин жана кандай кылууну билет".

"Атайын отряд университети" - Гудерместеги окуу базасы, анда чечен күч түзүмдөрү жана жалданма согушкерлер Украинага барардын алдында даярдыктан өтөт. "Университет" расмий кагазда спорттук ок атуучу клуб катары көрсөтүлгөн, Чеченстандын Билим берүү министрлигинин лицензиясына ээ жана бир дагы күч органына баш ийбейт. Марттагы президенттик шайлоонун алдында Орусиянын лидеринин урматына Чеченстандагы базага Владимир Путиндин атын ыйгарышкан.

Кадыровдун кенже уулу "Атайын отряд университетинде" эмне менен алектенери азырынча белгисиз. Буга чейин ал бул жерге машыгууга жана ок атуу боюнча мелдештерге катышып, москвалык делегацияны коштоп келген. 2023-жылы 15 жаштагы Адам жетектеген күч кызматтары тактикалык ок атуудан утуп алган. Февралда Чеченстандын башчысынын уулу Дубайда өткөн атайын отряддардын UAE SWAT Challenge мелдешине катышпаса дагы сыйланган.

Москвадагы академиялык ЖОЖдордун биринде иштеген Түндүк Кавказ боюнча эксперт (аты-жөнүн орусиялык мыйзамдын репрессиясынан чочулап, жашыруун калтырууну каалады - ред.) Чеченстандын башчысы да, атайын отряддын жетекчилиги да 16 жаштагы өспүрүмдүн колуна аскердик даярдыгы бар чоңдорду башкартып коюудан арданбаганына таң калды.

"Эгер бул баланын спецназга көз салгандай деңгээли бийик болсо, калгандары эмне кылып отурат? Адам жеткен бийиктикке эмнеге алар жетпей жатат?" - деп суроо салды Түндүк Кавказ боюнча эксперт.

"Уникалдуу" Адам

Адам Кадыров жаш курагы жана билими туура келбесе да бир нече жооптуу кызматтардын башында турат.

Мисалы, 2023-жылы ноябрда аны Чеченстандын коопсуздугун камсыздаган бөлүмгө жетекчи кылып дайындашкан. Ошол эле айдын соңунда өспүрүм Орусиянын Коргоо министрлигинин Түндүк Кавказдагы батальонун жетектей турганы жарыяланган. Батальон бир кезде Орусияга каршы кыймылдын башында турган Шейх Мансурдун атын алып жүрөт. Андан бир нече жума өтпөй ага дагы Росгвардияга караштуу Байсангур Беноевский (ал дагы Орусияга каршы кыймылдын лидери болгон) атындагы батальонду ишенип тапшырышкан.

Адамдын кураторлукка дайындалышы тууралуу Чеченстандын басма сөз министри Ахмед Дудаев пикирин билдирип, баланын уюштуруучулук таланты "чыныгы эр жүрөк баатырдыкындай" деп сыпаттаган.

Түндүк Кавказ боюнча москвалык эксперт Адам Кадыровдун бул кызматтардын баарына дайындалышын Чеченстанда жашаган элди сыйлабастык катары баалады.

"Эмнеге мындай маанилүү постторду республиканын башчысынын баласы ээлеп отурат? Чеченстанда дайындай турган эч ким калган жокпу? Батальондорду, "спецназ университетин", Чеченстандын күзөт кызматын жетектей турган киши жок экен да? Кадыровдун ордунда фамилиясы башка киши болгондо, мындай маанилүү кызматтарга жаш баласын дайындоону ойлонмок да эмес. Биз республикадагы жеке адамдын керт башка сыйынууну көрүп атабыз. Чечен чиновниктеринин 5-6 жаштагы баланы да гений атап жибере жаздаган куттуктоолорун окуганда уяласың. Кадыровдун үй-бүлөсүнөн башка кадр жетишсиздиги - бийликтин банкрот болгонунун ачык мисалы", - дейт эксперт.

Аскердик эксперттер жана аналитиктер буга чейин Адамдын кызматын номиналдуу деп, анткен менен бир катар сыйлыктарга көрсөтүлгөн факт маанилүү экенин айтышкан.

Көз карандысыз аскердик аналитик Кирилл Михайлов Адам "университетке" жөн эле келип, сүрөткө түшүп, ТикТок тартып кетет, ошону менен кураторлугу бүтөт деп эсептейт.

Кадыровдун уулунун даңкы Грозныйдагы тергөө абагында Куранды өрттөөгө айыпталып жаткан Никита Журавлевду камера алдында сабагандан кийин чыккан. Чеченстандын башчысынын уулу республиканын баатыры деген наам алган. Андан кийин аны башка аймактарда: Татарстанда, Карачай-Черкессте, Кабардин-Балкарда сыйлашкан. Ал чечендердин "Даймехкан Сий" ("Улут намысы") ордени жана "Умма алдындагы кызматы үчүн", "Ислам динине кызмат кылганы үчүн" диний медалдары менен сыйланган. I даражадагы "Орусиянын атайын отряд университетине кошкон салымы үчүн" медалын алган.

Мыйзамга таяна турган болсок, бул наамдарды 16дагы Адам Кадыров жаш курагына байланыштуу алмак эмес.

Адам Кадыров азыр атасынын жолоюна түшкөнүн байкоого болот, ушул жылдын башталышында ал чет өлкөдө жатып алып Чеченстандагы режимди сындагандарга күч колдонорун айткан.

"Куйтулуктун жолуна түшкөн адамдарды, шайтандарды, душмандарды кайсы гана мамлекетте: Батышта же Украинада болбосун таап, жазалайбыз, буга күмөн санабайм", - деген Кадыровдун кенже уулу.

"Алар элдин баарынын кыжырына тийгенин түшүнө элек"

"Өз туугандары жана балдарынан башка, айланасындагыларга колдоо көрсөтүү менен жаңы элитаны таптагысы келген Чеченстандын башчысы өзүнө көз карашы түз, коопсуз чөйрө кургусу келет", - дейт Прагадагы Карлов университетинин саясат таануу факультетинин профессору Эмил Аслан.

"Республиканын кызматтарына Кадыровдордун тандалып атышы азыркы бийлик баарынын кыжырына тийип бүткөнүн түшүнбөй жатканынан кабар берет", - деп эсептейт Европада орун алган ичкериялык "Бирдиктүү күч" кыймылынын өкүлү Сайхан Музаев.

Кадыровдун чечимин ал чечен лидеринин ден соолугуна байланыштырды. Буга чейин бир катар ЖМКлар Рамзан Кадыров оор дартка чалдыкканын кабарлашкан.

"Алар (Чеченстандын бийлиги) баарынын жинине тийип бүткөнүн билишпейт. Эгер Кремлдин тандоосу Кадыровдун үй-бүлөсүнөн башка адамга түшө турган болсо, баары репрессияланат. Бул өлкө башына Кадыровдун айланасындагы башка адам бийликке келсе деле болушу мүмкүн. Мындан качып кутула албайсың. Рамзан Кадыровдун бийликти үй-бүлөсү менен толтурууга аракет кылып далбастаганы ушуга байланыштуу", - дейт Музаев.

Ата-жөнүн жашыруун калтырууну каалаган чечен журналисти өлкө башчысы ден соолугуна байланыштуу айланасында башталган оюндарды көрбөй да, сезбей да жатканын айтты.

"Уулун бир катар ордендер, кызматтар менен сыйлап алган Кадыров эми токтоно албайт. Өз тукумун Гиннес китебине киргизүүгө аракет кылууда. Башка жагынан караганда, бул "Новая газета Европага" чыккан макалага реакция деп ойлоп атам. Ал муну менен өз айланасына жана бийликке талапкерлерге аны эсептен чийип салууга эрте экенине сигнал бергендей", - деп божомолдоду журналист.

  • Адам Кадыров 2007-жылы ноябрда туулган. Атасы анын алты жашка толбой жатып Куранды жатка билген Орусиядагы эң жаш хафиз болгонун айткан. Буга далил катары азырынча эч нерсе жок.
  • Чеченстандын башчысынын үчүнчү уулунун карааны федералдык масштабдагы чыр-чатакта бир нече жолу көрүнгөн. Бала чагында Адам Кадыров рингдеги зомбулук менен чектелсе, Украинага кол салынгандан бери эл алдына куралчан чыгып, согушту пропагандалап келет.
  • Буга чейин эксперттер аймакта Рамзан Кадыровдун өзүнүн керт башына сыйынуу калыптанып жатканын билдиришкен. "Кудай сүйгөн" башкаруучу деген атак ага жана анын үй-бүлөсүнө бийлигин бекемдөө үчүн керек экенин чечен оппозициясынын NIYSO Телеграм-каналы кабарлаган.
  • Ахмат Кадыровдун аты республикада 300дөй көчөгө, Грозныйдагы башкы аянтка, парктарга, Чечен мамлекеттик университетине, бала бакчаларга, "Чеченстандын жүрөгү" мечитине жана "Новая газета" февралда жертөлөдөгү жапырт кыргынга тиешеси бар деп билдирген Росгвардиянын полкуна берилген.

Кавказ.Реалии сайтынын макаласы орус тилинен которулду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG