Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Жапония: Дайичи өзөктүк ишканасы тынчсыздантууда


Дарыгер аскердин көзөмөлү астында аялдын радиация деңгээлин текшерүүдө. Фукусима перфекти, Нихонмацу шаары.
Дарыгер аскердин көзөмөлү астында аялдын радиация деңгээлин текшерүүдө. Фукусима перфекти, Нихонмацу шаары.

Жапон бийликтери “Фукусима-1” АЭСинде 15-мартта таң эртең болгон жарылуу жана өрт тегеректеги адамдардын саламаттыгына коркунуч туудурушу мүмкүн экенин билдирди.

Бул өткөн жума күнкү 9 баллга жеткен жер титирөө айдаган цунамиден берки АЭСтеги үчүнчү жардыруу.

Фукусима шаарындагы Дайичи өзөктүк кубат ишканасындагы радиациянын деңгээли эл аралык коомчулукту да кооптондура баштады.

“Фукусима-1” АЭСиндеги үчүнчү жарылуу

“Фукусима-1” АЭСиндеги жаңы жарылуу жана өрт атомдук станция
Жапониянын коргонуу күчтөрүнүн аскерлери Нихонматцу шаарында радиациядан тазалоо иштерин жүргүзгөнгө камданышууда. 15-март 2011
жайгашкан Хонсю аралындагы радиациялык кырдаалды дагы осолдотту.

Төртүнчү блоктогу өрт нурланууну дагы күчөтөт деген коркунуч бар.

Жапондордун “Киодо Цусин” агенттигинин маалымдашынча, АЭСтин өзүндө жылдык нормасынан 400 эсе көп радиация катталган.

Премьер-министр Наото Кан 15-мартта атомдук станциядан 30 чакырым тегеректе жашаган элди үйдөн чыкпоого чакырды.

Бул атырапта 140 миңдей калк жашайт. Хонсю аралынан 240 чакырымдай түштүктөгү өлкө борбору 35 миллиондуу калкы бар Токиодо жардыруудан кийин радиациянын деңгээли бир аз көтөрүлүп, кийин кайра ылдыйлаган.

Жапон министрлер кабинетинин баш катчысы Юкио Эдано шейшемби күнү Токиодо болгон маалымат жыйынында Фукусиманын Дайичи өзөктүк ишканасында нурлануунун деңгээли эртең менен адам өмүрүнө коркунучтуу деңгээлге жетип, андан соң төмөндөгөнүн билдирди:

- Бирок радиациянын деңгээли, тилекке каршы, өтө бийик деңгээлге чыкканына жол койгонубуз факт. Биз абал начарлабасы жана жагдайды мүмкүн болгончо жакшыртуу үчүн колдон келгендин баарын жасообуз керек.

Маалыматтарга караганда, бүгүн (15-мартта) экинчи энергоблокто болгон жардыруудан реактордун тулкусу зыян тарткан сыяктуу.

Буга чейин биринчи жана үчүнчү энергоблокто бүгүнкүдөй эле кычкылтек жарылган. Белгилей кетчү нерсе, бардык жардыруулар тең реактордун муздаткыч системасы иштен чыккандан улам болгон.

Азыр адистер дагы чоң алааматты болтурбоо максатында биринчи жана үчүнчү блоктогу реакторлордун жылуулук бөлчү окторун муздатканга аракет кылышууда.

Ал үчүн айрым бөлүгү ээрип калган октор орношкон тулкуга (корпуска) деңиз суусун куюшуп, кайра агызышууда.

Адис-инженерлерди экинчи блоктун реакторунун абалы өзгөчө тынчсыздандырууда. Анткени, жардыруудан кийин реактордун отун бөлчү элементтери бир аз ачылып калгандыктан нурлануунун күчөшү калетсиз.

Токиолуктар Жапон өкмөтү радиациянын деңгээли адам өмүрүнө коркунуч туудурбайт деп сооротконуна карабастан дүкөндөрдөн азык түлүктү көп-көптөн алышууда.

Бир нече элчиликтер өз кызматкерлерин жана жарандарын нурлануу жайылган аймактардан чыгып кетүүгө кеңеш беришти.

Иран элчилиги бейшемби күнү Токиодон мекендештерин эвакуациялай баштамакчы.

Кытай өкмөтү Жапония тарапты көзөмөлдөөнү күчөтөрүн жана улуттук авиакомпания Токиого учууну токтотконун билдирди.

Жапон өкмөтүнүн акыркы маалыматы боюнча, 11-марттагы кубаты 9 балдык жер титирөө менен коштолгон топон суудан (цунамиден) 2722 адам набыт болгон, 3742 киши алигиче дарексиз жок.

XS
SM
MD
LG