Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

БУУ: Израилдин курулуштары тынчтыкты тыйпыл кылат


Палестина -- Эл Палестина БУУда “мүчө эмес, байкоочу өлкө” макамына ээ болушун белгилешүүдө. Рамалла 29-ноябрь, 2012.
Палестина -- Эл Палестина БУУда “мүчө эмес, байкоочу өлкө” макамына ээ болушун белгилешүүдө. Рамалла 29-ноябрь, 2012.

Бириккен Улуттар уюмунун жетекчиси Израилдин Батыш Жээктеги курулуштары тынчтыкты «тыйпыл» кылаарын эскертти. БУУда Палестин бийликтеринин макамы жогорулатылгандан кийин Израил басылып алынган жерлерде он миңдеген жаңы үйлөрдү кураарын жарыялаган.

БУУнун билдирүүсүндө Израилдин 3 миң жаңы үй куруу планы Чыгыш Иерусалимди Батыш Жээктен «таптакыр» бөлүп салаары эскертилет. Жаңы конуштар тууралуу Израил палестиндер Бириккен Улуттардагы макамы «байкоочу бирдиктен» «мүчө эмес мамлекет» макамына көтөрүлгөндүн эртеси, өткөн жума күнү жарыялаган.

Ал эми 2-декабрда Израил Палестин бийликтеринин атынан чогулткан 100 миллион доллардык салык жана башка төлөмдөрдү палестиндерге кайтарып бербей тургандыгын кулак кагыш кылды.

Мунун алдында Палестин президенти Махмуд Аббас Нью-Йорктон Батыш Жээкке кайтканда, эл аны зор кубаныч жана салтанат менен тосуп алган.

Рамаллага келгенде Аббас палестин бийликтеринин макамынын жогорулашы бүткүл «эр жүрөк» палестиндердин жеңиши болгондугун белгилеген.

Аббас эми палестиндердин арасында элдештирүүнү колго алаарын кошумчалады. Аббастын Батыш Жээкти башкарган Фаттах уюму менен Газа тилкесинде шайлоо аркылуу бийликке келген исламчыл ХАМАС уюмунун мамилеси кырды бычак экени маалым.

Израилди жок кылууну көздөп, бул өлкөнү маал-маалы менен ракетадан аткылап келаткан ХАМАС согушкерлерин Израил менен анын союздашы болгон АКШ тынчтык сүйлөшүүсүнө кошула алат деп эсептешпейт.

Иерусалимди, анын ичинде палестиндер келечек мамлекетинин борборуна айландырабыз деген шаардын чыгыш бөлүгүн Израил өзүнүн баш калаасы деп эсептейт.

2-декабрдагы кабинет жыйынында өкмөт башчысы Бенжамин Нетаньяху БУУнун сынын четке кагып, Израил Иерусалимде курулушун уланта берет деди:

- Бүгүн Иерусалимде жана Израилдин стратегиялык кызыкчылыктарына кирген бардык аймактарда курулуш иштерин жүргүзүп жатабыз жана аларды уланта беребиз.

Израилдин өкмөтү өткөн аптада палестиндердин макамынын жогорулашы Израил менен палестиндердин ортосундагы сүйлөшүүгө эч кандай таасирин тийгизбей тургандыгын билдирген.

Палестиндерге берилиши керек болгон салык төлөмдөрүн кармап калуу чечимине байланыштуу болсо Израилдин каржы министри Ювал Стеиниц бул каражат палестин бийликтеринин Израилдик электр компаниясына жана башка израилдик ишкана-мекемелерге болгон карызын жабууга жумшалат деди.

Палестин бийлигинин мартабалуу өкүлү Яссер Абед Раббо Израилдин салык фондусун тартып алышын «каракчылык жана уурулук» деп мүнөздөдү.

Палестиндердин айтымында, чогултулган салыктарды Израил ай сайын жиберип турбаса, Палестин бийликтери он миңдеген өкмөттүк кызматкерлерге жана коопсуздук күчтөрүнө айлык төлөй албай калат.

XS
SM
MD
LG