Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:39

Иран: дарга асууну көргөн бала...


Айрымдар көчөдөгү дарга асууну көрүүгө балдарын да ээрчите келишет
Айрымдар көчөдөгү дарга асууну көрүүгө балдарын да ээрчите келишет

Бүгүн өлүм жазасына каршы Дүйнөлүк күн белгиленүүдө. Иранда быйыл, “Эл аралык мунапыс” корунун маалыматында, ондогон адам эл алдында дарга асылган. Бирок бул тизмеге дарга асууну оюн катары көрүп, өзүн кокусунан өлтүрүп алган 12 жаштагы бала кирген эмес.

Мехран өзүнүн инисинин жардамы менен дарга көтөрүлүп, арканды мойнуна байлаганда, чынында, жанынан кечүүнү деле ойлогон эмес.

Бул бала жөн эле ойноп көрүүнү каалаган. Анткени Ирандын батышындагы бул Керманшах провинциясында утуру эле бул коомдук жайда адамдарды ушинтип дарга асышканын көрүп жүргөн.

“Мохриан” маалымат агенттигинде кабарчы болуп иштеген Моктар Хандани ал бала 31-августта өлгөндөн кийин заматта ошол окуяны чагылдырыш үчүн Келашлулем айылына барган.

“Мен ал баланын ата-энеси, жакын туугандары менен сүйлөштүм. Алар Мехрандын иниси бүт нерсени даярдаганын, анан ал өзүн асканын айтышты. Иниси кичине бала да, агасы тамашалап ойноп жатат деп ойлоптур. Кийинчерээк ал эмне болуп жатканын көрүп коркуп кеткенден кийин улууларды жардамга чакырган. Бирок башкалар келгенче 12 жаштагы Мехран жан берген экен”, - деди журналист.

Amnesty International былтыр бул өлкөдө 560 адам коомдук жайларда дарга асылганын кабарлады
Amnesty International былтыр бул өлкөдө 560 адам коомдук жайларда дарга асылганын кабарлады
Бул ага-ини өспүрүмдөрдүн “дарга асынуу оюну” болгону бир нече мүнөткө созулган. Мехран аркан асылган тактыга көтөрүлүп, жипти мойнуна орогондон кийин иниси анын астындагы тирөөчтү жыгып салган. Ошондон кийинки Мехрандын абада титиреген бийи дарга асынып өлүүнү ойноо эмес болчу, ал чыныгы өлүмдүн өзү эле.

Бул бала Ислам республикасында азырга чейин колдонулуп келаткан коомдук өлүм жазасын аткаруу жөрөлгөсүнүн эч ким күтпөгөн курмандыгы болуп калды.

Amnesty International бейшембидеги баяндамасында былтыр Иранда 560 киши өлүм жазасы менен тындым кылынганын маалымдаган. Алардын ичинде 330 адамдын өлүмү тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттарында кабар берилген. 195 адамдын өлүмү жөнүндө адам укугун коргоочулар кабарлашты, бирок алардын өлүмүн өкмөт ырастай элек. Дагы 35 адамды Ооганстан менен чектеш жердеги түрмөдө жашыруун түрдө өлтүрүшкөн болсо керек дешет. Өлтүрүлгөндөрдүн көпчүлүгү баңгизаттар менен байланышкан кылмыштар үчүн жаза алгандар эле.

Иранда дарга асуу көбүнчө түрмөлөрдө болот. Өткөн жылы бирок 63 адамды, быйыл дагы ондогон кишини коомдук жайларда эл алдында дарга асышты. Өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексине ылайык, “эл алдында дарга асуу кылмыштын азайышына жардам болот, анткени ошондо эл адам өлтүрүү, зордуктоо, баңги аткезчилиги өңдүү кылмыштарга барбай калат” деп ишенишет.

Коомдук жайда адамды өлтүрүүнүн өзүнүн жол-жобосу бар, бирок ага чоңдор эле эмес, балдар да күбө болушат.

Журналист Хандани көп эле жерлерде дарга асуу учурунда көрүүчүлөрдүн катарында балдар да болоорун айтат.

“Мен жашаган Керманшахта көчөлөрдөгү дарга асуу учурунда өзүм деле, тилекке каршы, балдарды көп көрөм. Балдар муну оюн катары көрүшү мүмкүн”, - дейт Хандани.

Сырттагы эл чогулчу аянтчаларга көзү байланган, колу кишенделген адамдарды алып келип, дарга асышканда көрүүчүлөрдүн көбү коркуп, келме келтирип, ыйлашы мүмкүн. Бирок окуяга ырсаңдап күлгөндөр да болбой койбойт. Мунун баарын көргөн балдардын аң-сезиминде эмнелер болуп жатканын ким билсин. Кантсе да, көз алдындагы зомбулук баланын психикасына катуу таасир этерин психологдор дайыма эле айтып жүрүшөт.

Лондондук психолог Фария Барластын айтымында, Мехранга окшогон балдар, маселен, дарга асууну кудум театрдагы оюндай кабылдашы мүмкүн. Башкалары муну реалдуу эле нерсе катары көрүп, бирок таш боордук менен жасалчу зомбулукту нормалдуу эле нерсе катары таанып, кийин өздөрү андан да оор кылмыштардын оордугун сезбей калышы ажеп эмес.

“Ушул өңдүү зомбулукту коркунучтуу нерсе катары эмес, кадимки эле көрүнүш деп өскөн бала чоңойгондо жашоону ошол деңгээлде кабылдайт. Ушундай түшүнүк менен өскөн балдар кийин ошол зомбулукту өздөрү атайылап же атайылабай эле кайталаш коркунучу алда канча жогору болот”, - деди Барлас.

Иран өлүм жазасы менен өлтүрүлгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки экинчи орунда турат. Расмий Бээжин өзүндөгү өлүм жазасына тартылгандар жөнүндө маалыматты жашырат, ошого карабай миңдеген адамдар андагы түрмөлөрдө жылына өлтүрүлөөрү тууралуу бейрасмий кабарлар бар.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG