Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:51

Иран менен "алтылык": кезектеги таймаш


Ирандын өкүлү Саид Жалили менен Евросоюздун тышкы саясий мекемесинин башчысы Кэтрин Эштон Женевада сүйлөшүүлөр башталаар алдында, 6-декабрь, 2010
Ирандын өкүлү Саид Жалили менен Евросоюздун тышкы саясий мекемесинин башчысы Кэтрин Эштон Женевада сүйлөшүүлөр башталаар алдында, 6-декабрь, 2010

Женевада Иран менен эл аралык "алтылыктын" сүйлөшүүлөрү башталды. Батыш өлкөлөрү талкууларда жылыштар болот, Тегеран уран байытуу программасынан баш тартат деп үмүт кылып жатышат. Ирандын өкүлү бу маселени талкуулагандан караманча баш тарта турганын эскерткен эле.

Жекшемби күнү Иран өлкөнүн өзүндө казылып алынган уран кошулмасынын алгачкы партиясын Исфахандагы кен байытуучу ишканага жеткирди.

Буга чейин урандын бардык кошулмаларын Тегеран өткөн кылымдын 70-жылдары Түштүк Африкадан ташып келген, алардын баары акырындап түгөнүп баратат деп айтылып жүргөн эле.

"Батыштагылар бу жагынан катуу жаңылышканын" айтып, өлкөнүн атом программасынын башчысы Али Акбар Салехи "уран байытуу иши жараткандын жардамы менен өнүгүп жатканын, баары пландалгандай жүрүп отурса, эмдиги жылдын күзүнө барып Тегерандагы атом реакторуна Ирандын өзүндө өндүрүлгөн биринчи отун жөнөтүлө турганын" билдирди.

Женевадагы сүйлөшүүлөргө бир күн калганда Тегеран жарыялаган бул жаңылыкты алты өлкөнүн өкүлдөрү кандай кабыл алышканы азырынча белгисиз. Алардын делегациясын Женевага Еврошаркеттин тышкы саясий мекемесинин башчысы Кэтрин Эштон жетектеп келди. Тегеран өкмөтү Женевага бул маселе боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдөгү өзүнүн туруктуу өкүлү Саид Жалилини жөнөттү.

Жекшемби күнү Жалили уран байытуу ишинен Тегерандын баш тартышы тууралуу маселе Женевадагы талкуулардын күн тартибине кирбей турганын маалымдады. "Мурдагы сүйлөшүүлөрдө Ирандын мындай укугу бузулушуна жол берген жокпуз. Бул жолу да биз ушул багытты карманабыз", -деп айтты ал.

Дүйнөлүк "алтылыктын" – АКШ, Британия,Германия, Кытай, Россия жана Франция - өкүлдөрү менен өзүнүн атом программасына байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын өткөрүүгө Тегеран ырасмий түрдө ушул айдын башталышында макул болгон эле.

Бул кадамды кубаттап, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон бул жолку сүйлөшүүлөргө Иранды жетик позиция менен келүүгө чакырган эле.

"Биз Иранды эл аралык коомчулуктун жоопкерчиликтүү мүчөсү катары көргүбүз келет. Бирок бул үчүн Иранга эл аралык милдеттенмелерин бузганды токтотуп, атом куралына ээ болуу аракетинен толук баш тартууга туура келет",-деп айткан эле Клинтон Астанада жүргөн маалында.

Иран массалык кыргын куралдарын таркатпоо жөнүндөгү келишимге катышкан өлкө катары мурдагыдай эле өзүнүн ички керектөөсү, биринчи кезекте атом реактору үчүн уран байытканга укугу бар экенин ырастап келатат.

Тегеранда дүйшөмбү күнү белгисиз бирөөлөр атом тармагында иштеген иран физиктерине кол салып, алардын бирин тындым кылып кетишти, экинчиси оор жарадар болду. Буга байланыштуу бир нече киши кармалды. Алардын аты-жөнү аталган жок.

Атайын кызматтардын башчысы Хейдар Мослехи муну АКШ, Британия жана Израил өңдүү өлкөлөрдөн көрүп, аларды кескин айыптады.

XS
SM
MD
LG