Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:56

Иран боюнча келишимдин башкы жоболору бекитилди


Иран боюнча макулдашуунун жоболорун Ирандын тышкы иштер минитсри Зариф жана ЕБнин өкүлү Могерини окуп беришти
Иран боюнча макулдашуунун жоболорун Ирандын тышкы иштер минитсри Зариф жана ЕБнин өкүлү Могерини окуп беришти

Швейцариянын Лозанна шаарында өтүп жаткан Ирандын ядролук программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүү ийгиликтүү аяктады.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини билдиргендей, сүйлөшүүгө катышкан тараптар Иран боюнча соңку макулдашуунун негиздерин иштеп чыгышты.

Бейшембиде кечинде жетишилген документтин башкы жоболорунун бири - аны эми Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши жактырышы керек.

Көптөн бери уланып келаткан алты тараптуу сүйлөшүүнүн соңку айлампасы Лозаннада башталганына сегиз күн болду. Бейшембиде жарыя кылынган мунаса документ 30-июнга чейин кол коюла турган жыйынтык келишимдин негизги жоболорун камтыйт.

Ага ылайык, Иран ядролук программасынын көлөмүн кыйла кыскартат, ал үчүн Тегеранга каршы эл аралык санкциялар акырындап жоюлушу керек.

АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай ушунча убакыттан бери Иран менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында табылган келишимдин негиздери келечекте Ирандын ядролук программага жамынып алып, атомдук курал жасашына жолду биротоло бууйт, ошону менен 12 жылдан бери уланып келаткан эл аралык кризис да аягына чыгат деген үмүттү жандырды.

АКШ президенти Барак Обама Лозаннада алты мамлекет жана Иран биргелешип жетишкен макулдашуунун негиздери "жакшы келишим" болгонун жана ал "азырынча башкы максатка жетүүдөгү мыкты кадам" экенин белгиледи.

Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча жогорку өкүлү Могерини айым макулдашуунун жоболоруна ылайык, Иран уранды байытуу программасын кыскартып, андай иштер аткарылган атомдук станциялардын бир бөлүгү ядролук физиканы изилдөө борборуна айландырылаарын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG