Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:51

Калемгерлердин сөзү абакта да жаңырат


Түркиялык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Орхан Памук өмүрүнө болгон коркунучтан улам кийинки жылдары АКШда жашоодо.
Түркиялык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Орхан Памук өмүрүнө болгон коркунучтан улам кийинки жылдары АКШда жашоодо.

15-ноябрь - Абакта отурган жазуучу-калемгерлердин эл аралык күнү.

Жазган китептери жана макалалары, коомдогу көйгөйлүү маселелер тууралуу оюн айтканы үчүн азыр дүйнө өлкөлөрүнүн түрмөлөрүндө жүздөгөн жазуучу-журналисттер отурушат.

Жазуучулардын эл аралык уюму - "Пен клубдун" маалымдашынча, бийлик үчүн калеми жана ою коркунучтуу калемгерлер өзгөчө Иранда, ошондой эле экс-советтик Өзбекстан менен Азербайжанда көп. Кыргызстандан үч журналист бар.

Абакта отурган жазуучу-калемгерлер күнү быйыл 31-жолу белгиленүүдө. Анын демилгечиси баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Жазуучулардын эл аралык Пен клуб уюму.

Кэти МакКейн "Пен клубдун" Азия жана Жакынкы Чыгыш боюнча изилдөөчүсү.

“"Пен клубдун" мүчөлөрү, Абактагы жазуучулардын эл аралык күнү, салт боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн түрмөлөрүндө отурган жазуучулардын абалына көңүл буруу өнөктүгүн өткөрүшөт. Бүгүн 31-жолу андай өнүктүктү өткөрүүдөбүз. Бул "Пен клубга" кирген бардык эле борборлор үчүн өтө маанилүү өнөктүктүн күнү деп ойлойм”, - деп маалымдады МакКейн айым.

Ирандык калемгер Шива Назар Ахари 28 жашта. Шива айым 2009-жылкы талаштуу президенттик шайлоодон кийин президент Махмуд Ахмадинежадга каршы өткөн демонстрацияларга катышканы үчүн “Кудайга каршы согуш ачты” деп айыпталып, быйыл сентябрда төрт жылга кесилген. Мурда да оюн коркпой ачык жазганы үчүн алты жылга кесилген жана соттун өкүмү менен ага 74 палак урулган.

“Башка адамдардын укуктарын ойлоп, жаның жай албай калганда, сурак башталгандагы сыңары эле жүрөгүң кыжаалатка түшөт... Адамдардын ишенимин көрүп, адамзатка ишенич жаралган кезде, сен биринчи кылмыш жасаган болосуң”, - деп жазат Шива айым өзү сыяктуу эле “адилет сөзүмдү айтам” деп, түрмөдө отурган калемгер-санаалаштарына жолдогон бир катында.

Эфиопиялык блоггер Искиндер Нега террорчулукка катыштыгы бар деген жалаа менен июль айында 18 жылга кесилген. Ал былтыр бир макаласында: "Биз өз макалаларыбыз аркылуу чындык, адилеттик жана демократия үчүн тынч кызмат кылабыз деп ишенем. Бул биздин милдеттенмебиз. Биз коркпойбуз. Демократия жалпы адамзаттын тилеги. Узак сапардан кийин Эфиопия өз тагдыры менен бет келгени турат. Биз ага жетип калдык. Биз азат болушубуз керек”, - деп жазган болчу.

"Пен клубдун" июнь айына карай берген маалыматы боюнча, 156 калемгер абакта отурса, 132 журналисттин тергөө жүрүп жаткан. Анын ичинде Иранда 36 жазуучу-журналист, экс-советтик Өзбекстанда 12, Азербайжанда 7, Кытайда 21 калемгер абакта отурган же тергөө жүрүп жаткан. Дагы жүздөгөн жазуучу-журналисттер ур-токмокко алынган. Оюн тайманбай айтканы үчүн өлтүрүлгөндөр да бар.

Эл аралык "Пен клуб" абакта отурган жазуучулардын тизмесине акын-жазуучулар, журналисттер, редакторлор, басма ээлери, блоггерлер сыяктуу өз оюн маалымат булактарына жарыялаган калемгерлерди киргизген.

Жазуучулардын эл аралык уюму үстүбүздөгү жылкы өнөктүктө дал Иран, Филиппин, Мексика, Түркия жана Эфиопияга сыяктуу өлкөлөрдөгү журналист-жазуучулардын абалына дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурганга аракет кылууда.

Кошумчалай кетели, түркиялык атактуу жазуучу, Нобель сыйылыгынын лауреаты Орхан Памук ага болгон коркутуп-үркүтүүлөрдөн улам акыркы жылдары АКШда жашоодо.

Түштүк африкалык жазуучулардын "Пен клубу" Абактагы жазуучуларды эскерүү күнүнө арналган 15-ноябрдагы кечени америкалык рок-музыкант Боб Дилан 1964-жылы жазган Chimes Of Freedom (“Эркиндиктин коңгуроосу”) гимни менен жабышат.

XS
SM
MD
LG