Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:25

Орозбектен ойноок кеп (2-шиңгил)


“Азаттыктын” окурманы Орозбек Бөрүгулов “Күлкү кербенге” сунуштаган ар кыл азилдер.


Президент болсом деген оюм бар

Президенттик шайлоо улам жакындап келатпайбы, туугандар.

Ал тууралуу ар кандай пикирлерди айтыбатасыңар. "Баланча", же "Түкүнчө" президент болуш керек, же азыркы Президент ордуна калат го деген сыяктуу божомолуңар оозеки айтылууда, гезиттерге жазылууда.

Ошол "Баланча" менен "Түкүнчөлөрдүн" арасына мени деле кошуп койсоңор болмок.

Эмне үчүн антпейсиңер? Эмне мени эмдигиче байкабайсыңар?

Же шайлоонун дагы жакындай түшүшүн күтүп атасыңарбы?

Айлам кеткенде мен силерге өзүм кулак кагыш кылып коюуга аргасыз болуп отурам, улуу башым менен.

Келгиле, президенттикке менин талапкердигимди сунуш кылгыла.

Эгер мен президент болуп калсам, өлкөнү төмөндөгүдөй жолдор менен өнүктүрмөкчүмүн:

1. Элге кө-өп убада берүү.
2. Башка мамлекеттерден тез-тез карыз суроо.
3. Алгачкы карыздарды кайрып бербей коюунун жолун ойлоп табуу. (Ушул багытта жаңы министрлик ачып, анын жетекчилигине э-эң аферист кишини дайындоо).
4. Мафия, коррупция деген немелерди Ак үйдүн төбөсүнө чейин чыгарып жиберүү.

Баса, бизде жердешчилик күчтүү эмеспи.

Менин кайсыл жерлик экенимди билүүгө ынтызарланып жатканыңарды жүрөгүм сезип турат.

Шайлоодо да ошого карап "иш" кыласыңар да. Туурабы?

Мен баарыңардын тең жердешиңер болом. Тагыраак айтканда, биздин үйгө Оштон да, Таластан да, Ысык-Көлдөн да, Нарындан да, Чүйдөн да аяш атаңмын деп келип жатып кетип жүрүшчү. Уруучулук боюнча да баарыңарга тең кошулам.

Ал тургай, биздин республиканын аймагында жашап жаткан өзбектер, казактар, уйгурлар, кытайлар, дунгандар, татарлар, орустар, еврейлер, немистер менен да тууганчылык жайым бар. Анткени, кошуналарым ошондойлор.

Мени бир колдоп койгула, айланайындар!

Бир келген жашоодо бир мертебе президент болуп койоюн. Андан кийинки шайлоодо бул постту өзүм эле тапшырып берем. "Сизден башка татыктуу адам жок, дагы иштеп бериңиз" - деген кошоматчылардын сөзүн укпайм.

Эмесе, мени президент кылыш үчүн, силер эмитен аракеттене беришиңер керек.

Агитация баракчалары менен менин сүрөттөрүмдү столбаларга, дарактарга, дааратканаларга… ал тургай, сулуу кыз-келиндердин көкүрөктөрүнө чаптап койсоңор, во-о!

Анда, урматтуу шайлоочуларым, Ак үйдөн көрүшкөнчө!

* * * * *

Салык

Башкы эсепчи менен эсептешип калдым.

- Ко-ош… Сага 73 сом жазган экенбиз, марттык кылып. Анын 40 пайызын салыкка кармап калдык.

- Салык?..Кандай салык?

- Салыктын түрлөрү көп. Мисалы, бойдок салыгы…

- Ой, мен бойдок эмесмин го, аялым бар.

- Аялың бар болмоктон, күйөөң бар болсун… серавно, аны ар бир адамдан кармоого тийишпиз. Керек болсо, тирүү жүргөнүң үчүн да салык төлөөгө милдеттүүсүң.

- Бөлөк кандай салык кармадыңыз?

- Алимент…

- Алимент? Ой, мен аялым менен ажырашкан эмесмин го?!

- Ажырашпасаңар, эми ажырашасыңар.

- Эмне үчүн?

- Өзүң жарыбаган маяна алсаң… ошонун кесепетинен "казан-аяк кагылышат".

Анан... "Кырсык - каш-кабактын ортосунда" тура.

"Казан-аяк кагылыша электе" эле мени кырсык басты.

Тагыраак айтканда, даараткананын үстүндөгү шиферди оңдоп жатып кулап кетип, мүрт кеткем. Бирок, салык деген нерсе тигил дүйнөдө деле бар экен.

Мына, үңкүрө-маңкүрөвөй инспектор кечээ эле менден бир топ суммада салык өндүрүп кетти эле, бүгүн о дүйнөнүн жарык дүйнөдөгү тыңчысынан мындай мазмунда телеграмма келиптир:

"Былтыр өлгөн Мадырайымдын атынан почточулар дале пенсия алып өздөрү жеп жатышат. Давайте, Мадырайымдан алынуучу салыктын өлчөмүн дагы жогорулаткыла!"

* * * * *


Электирчи

Мурунку кездери милиционерлерди көргөндө көчүгүм бүлкүлдөп калаар эле, кылмышым болбосо деле. Азыркы заманда адамдар милиционерлерден эмес эле электриктерден коркот экен.

Себеби, эсептегичти (счетчикти) көбүнчө өчүрүп койом. Эшиктен дабыш чыкса эле электрик келип калгандай туюла берет.

Кимден корксоң, ошол адам көзүңө сүрдүү көрүнөт турбайбы. Биздин көчөнүн электриги мен үчүн иттей сүрдүү. Анын куралы - колтугунда кыпчылган калың дептери. Кечээ күнү жолдо баратсам, ал каршымда келе аткан экен.

Аны көргөндө чочуп кетип бакырып жибере жаздадым. Катуу коркуп калган окшойм, азыр ооз-мурдумун айланасы бүт учук.

Баса, менин оюма бир жакшы идея келип жатат.
Кийинки учурларда милиционерлерибиз дурус иштей албай калышпадыбы.

Ошондуктан, коомдук тартипти калыбына келтирүүдө электриктердин кызматынан пайдалануу керек.

Анүчүн төмөндөгүдөй мыйзам чыгаруу абзел:

1. Электирчилерге "Электр лейтенанты", "Электр капитаны" сыяктуу даража-чиндерди берүү.
2. 23 жыл иштеген электрикти кызматтан четтетүү.
3. Электриктердин полкун, атчандар дивизиясын түзүү.
4. Той болуп жаткан жерлерде алдын-ала электриктерге арак куюлбаса, электр тогун трансформатордон өчүрүп коюу.

Эми алардын кийиминин түрү жөнүндө сунушумду айтайын:

Кабель - зымдан токулган костюм-шым. Баш кийими – эсептегич аспап.

* * * * *

Сыйлык ыйгаруу

Беш-алты айдан бери эмгек акыларын албаса да кадимкидей жашап, тирүү жүргөндөрдү сыйлоо үчүн өкмөтүбүз төмөндөгүдөй наамдарды чыгарган экен:

1."Ач курсактардын баатыры"
2."Республиканын эмгек сиңирген ачкасы"
3."Курсагы катуу курулдаган киши"
4. "Ашказан" ордени
5. "Жокчулук" медалы
6. "Алсыроо" грамотасы

Ушул наамдардын эң башкысы биздин мекемеге туш болуп, ошону кимге ыйгаруу жөнүндө биздин ишканада чогулуш болуп жатыптыр.

Чын эле бул наамга ким татыктуу? Ким болсо да бактылуу адам го!

Себеби, мындай наамга эгедер болгон адамга күн сайын бир маал ысык оокат, эки стакан чай, бир кесим колбаса жана 50 грамм арак берилет экен.

- Урматтуу мырзалар жана айымдар! - дедим мен. - "Ач курсактардын баатыры" деген наамды кароолчубуз Асан акеге ыйгаралы. Өзүңөр деле байкап жүрсөңөр керек, Асан акенин акыбалы оор. Азыр курсагы иттей ач. Ал алты ай эмес, тогуз айдан бери маяна ала элек.

Бирок, менин сөзүмдү коштогон адам болгон жок.

Талапкерди туура эмес тандаганымды, жаштык кылганымды кийин гана билип, өкүнүп калдым.

Ардактуу наамды башчыбызга менден башкасы бир добуштан ыйгарышты. Аны жан-дили менен колдогон Куйтуубай минтип сүйлөдү:

- Ырахмат, айланайындар! Силер аксакалды сыйласаңар, силерди демократия сыйласын. Көрөгөчтүк кылдыңар. Чындыгында ушул жерде турган адамдардын эң эле курсагы ач - аксакал. Эгер аксакалдын курсагы ачпаганда, аксакал пара албайт болчу. Туурабы? Эң туура. Ал эми кароолчунун кана пара алганы, кана жалган ведомостко кол койгону? Жок. Антпейт. Себеби анын курсагы ток да.

Эмесе, урматтуу аксакал, сизди ардак наамыңыз менен өзүмдүн атыман, үйүмдөгү катын, бала-чакамдын, чөнтөгүмдөгү 500 сомумдун жана короодогу кой-эчкилердин атынан куттуктап коюуга уруксат этиңиз
!

Анан чогулуш улантылып, кыскартуу маселеси каралды.

Мен мурда кароолчунун талапкердигин сунуш кыла коюп, андан кийин чийки май жегендей болбодум беле.

"Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, мен шашып-бушуп, кыскартууга башчыбыздын талапкердигин сунуш кылдым.

Тилекке каршы, бул сунушум да четке кагылды.

Алар мени кыбыланы карай… кыскартууну карай жыгышып, жумушсуздар дүйнөсүнө мезгилсиз жөнөтүштү.

* * * * *

Орозбек Бөрүгулов,
“Азаттыктын” окурманы.
XS
SM
MD
LG