Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:01

Илимпоздордун азилдеринен -1


Кыргыз илимпоздорунун азилдерин жаза берсек, бир нече куржундук кеп болоор.


Оңой суроо

Бир күнү археология боюнча кезектеги дарсын аяктаган соң, ыраматылык доцент Бейше Урстанбеков Кыргыз улуттук университетинин биринчи курсунун студенттеринин бири Макени капысынан ордунан тургузуп, шаштырып сурап калды (бул анын “эл үнүн” өзү үчүн тактаган ыкмасы, студенттер үчүн – күлкү булагы болчу):

- Кана, дарсты кантип аңдаганыңды билеличи. “Кокусунан табылган табылгалар” деп эмнени айтабыз?

Аскерге барып, шыр жооп бергенге машыккан Маке:

- “Кокусунан табылган табылгалар” деп кокусунан табылган табылгаларды айтабыз! – деп бир дем менен “автоматын тытыратып” жооп берди.

Зал кыраан каткыга толду.

* * * * *

Карапа табылган

Бир күнү Байыркы Чыгыш тарыхынан дарс окуган Таабалды Мурзабеков агай КУУнун тарых факультетинин биринчи курсунун студентинен сурап калды:

- Кызым, айтчы, эмне үчүн Байыркы Индиядагы цивилизациялардын бирин “Хараппа цивилизациясы” деп атап калышкан?

- Агай, анткени ал жерде казуулар маалында карапалар көп чыккан.

* * * * *

Окуусу жеңил тура!

Бир ирет факультетке студент уулун издеп келип калган адабиятчы илимпоз Салижан Жигитовго тарыхчы окутуучулар тийишип калышты.

Декандын орун басары Таабалды Мурзабеков:

- И, Салижан агай, филологиядан оокат кылыш кыйын экен деп уулуңузду тарых факультетине тапшыр деп көндүрдүңүзбү?

- Жок, антпей эле. Тил илими татаал эмеспи. “Окуусу жеңил экен” деп ушу силердин факультетке тапшыртпадымбы, - деп Салижан агай шыр жооп узатты.

* * * * *

Пианино седебин ким басты?

Этнограф окумуштуу Айнагүлдүн үйүндө отурабыз. Жездеси Ош мамлекеттик университетинде музыка бөлүмүнө кирүү үчүн келген абитуриенттин жоругунан кеп салып отурду.

- Биз абитуриеттердин музыкалык угуу жөндөмүн текшеребиз да. Бир жолу кызык окуя болду. Адаттагыдай эле бөлмөгө сүзө кирген бир уланга пианинону көрсөттүк.
Тапшырма өтө олуттуу: абитуриент пианинодон чыккан доошту эстеп калышы керек да, окутуучу баскан седептерди жаземдебей таап басып бериши керек.

- Берилчү тапшырманы билесиң да? Азыр ары карап турасың. Анан бул агайың экөөбүздүн бирибиз пианинонун клавишаларын басабыз. Андан соң таап бересиң. Түшүнүктүүбү?

- Ооба.

- Анда ары карап тура гой.

Бирибиз пианинонун седептерин бастык.

- Эми тапшырманы аткар.

Абитуриент улан бери бурулуп, шектүү көзү менен бирде мени, бирде кесиптешимди карап, кабагын бүркөп ойлоно калды да, анан “болду, болбоду!” дегендей чечкиндүүлүк менен кесиптешимди сөөмөйү менен көрсөттү:

- Сиз бастыңыз!

* * * * *

Көрүнбөй жатпайбы!

“Женпеддин” (азыркы И.Арабаев атындагы педагогикалык университеттин, мурдагы кыз-келиндер пединститутунун) эски азилдеринен бир шиңгил.

Бир үнү чыйылдаган бою пакене агай дарс окуп жатат дейт.

Бир убакта караса, тээ алыскы катардагы партада отурган бир студент кыз улам ойдолоктойт имиш.

- Кызым, сага эмне, угулбай жатабы? – деп чыйылдаптыр агайы.

- Жо-ок, көрүнбөй атасыз, - дептир тиги чунак кыз.

* * * * *
ТЧ.
XS
SM
MD
LG