Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:49

HRW: "Бурмаланган акыйкаттык"


Оштогу коогалуу күндөр, 11-июнь, 2010.
Оштогу коогалуу күндөр, 11-июнь, 2010.

Июнь коогасынын үч жылдыгында Human Rights Watch уюму кыргыз бийлигин акыйкаттыкты орното албаганы же аны каалабаганы үчүн сындады.

Дүйнөдө адам укуктарынын абалына көз салган Human Rights Watch уюму июнь окуяларынын үч жылдыгын утурлап “Бурмаланган акыйкаттык” деген отчетун жарыялады.

Бул баяндамадагы негизги тыянак – “Кыргызстандын бийлиги июнь трагедиясынан бери үч жыл өтсө да, ал окуяларды иликтөөдө акыйкаттыкты орното албады же орнотууну каалаган жок. Тетирисинче, көбүрөөк өзбектерди туш келди камап, убактылуу кармоо жайларында түрдүү жолдор менен кыйноого алып, айыпталуучулардын коргонуу укугун камсыздай албады” делет.

“Иликтөө жана сот иштеринин ушундай ачык эле шектүү түрү улуттар ортосундагы ынтымакка жетүү жөнүндөгү аракеттерди жокко чыгарат жана эртеби-кечпи жаңы зордук-зобунду жаратышы ажеп эмес”, - деп айтылат баяндамада.

Докладдын авторлорунун жазышынча, 2010-жылдын 10-июнунда башталган кыргыз-өзбек улуттарынын жаңжалынан өзбектер көбүрөөк жабыркаган, ошол окуялар үчүн айыпталгандардын азыр басымдуу бөлүгү (85%) кайра эле өзбектер.

Баяндамада айтылгандай, Кыргызстандын бийликтери “иликтөө жана сот иштеринин улутуна карап өткөрүү менен акыйкаттыкты орнотууну эмес, кыргыздарды тынчытууну каалашкан”.

Human Rights Watch уюмунун бул жолку докладында өзбектер камоо жайларында тергөө учурунда көргөн кыйноолор документтештирилгенин, азыр уюмдун колунда 65 факты боюнча “ишенимдүү маалыматтар” бар экени да айтылды.

40 жаштагы Дилмурат Хайдаров, 34төгү Шукурулло Кочкоров, 37деги Бахадир Сабиров, 39дагы Ганижан Садикжанов, 37деги Хайрулло Саипов, 34төгү Данияр Кадиров 2010-жылдын июнь айынын этегинде адам өлтүрүү, тополоң уюштуруу сыяктуу бир нече кылмыштарга шектелип кармалган. Сот процесси улам-улам создуккандыктан, алар үч жылдан бери убактылуу кармоочу жайда отурушат.

Ошол эле маалда, докладдын авторлору Кыргызстанда 2011-жылдын апрелинде жаңы баш прокурордун дайындалышы менен прокуратура органдарына июнь окуялары менен байланышкан кандай гана кыйноо болбосун, кылдат иликтөө жөнүндө буйрук берилгенин белгилеп, муну жакшы жышаан деп баалашты. “Бирок бүгүнкү күнгө чейинки иликтөө жана сот иштерин карасак, баары бир кыйноолор токтотула элек”, - делет документте.

Эл аралык уюм ушул жылдын март айында кармалган өзбек улутундагы жети жарандын: 57 жаштагы Махамадсоли Исмаилов, 50дөгү Икромжон Нооманов, 35деги Ибидулло Абдулажанов дайынсыз болгон коңшусунун өлүмүнө шектелип кармалган. Аларга бир катар оор айыптар тагылып, ур-токмокко дуушар болгонун белгиленет. Алардын ичинен Исмаилов үй камакка чыгарылган. Булардан башка дагы төрт адам кармалып, милиция адвокатсыз эле аларды суракка алган. 3-апрелде 51 жаштагы Хайбибилло Сайдалиев камакка алынгандан кийин токмок жеп, андан жүрөгү инфаркт болгону тууралуу анын адвокаты арыз менен кайрылган.

Докладда мындан сырткары 2011-жылы кармоочу жайда көз жумган Усмонжон Холмирзаев кыйноолордон жан бергенин, 35 жаштагы Махамад Бизуруковдун сотунда айыптоочу тарап анын туугандарына ыдык көрсөткөнү көрсөтүлөт. Кыргыз бийликтери өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра тергөөдөн баш тартканы дагы белгиленет.

Human Rights Watch кыргыз бийликтерин камактагылардын укугу бузулган учурларды өзгөчө текшерип, андайга жол бербеген саясат жүргүзүүгө үндөдү. Өлкөгө Бириккен улуттар уюмунун кыйноолор боюнча атайын докладчысынын келишине шарт түзүүгө, анан эң башкысы – июнь окуялары менен байланышкан бардык кылмыш иштерин эл аралык юрист-эксперттердин катышуусунда кайра кароого чакырган.

2010-жылкы июнь окуясына байланыштуу ондогон адамдар сот жообуна тартылышкан. Алардын алды өмүр бою, арты үч-беш жылдан эркинен ажыратылган.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG