Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:49

HRW: Июндагы зомбулукка кыргыз бийлиги да жарым-жартылай жооптуу


Оштогу тополоңдо жабыркаган аял, 24-июнь.
Оштогу тополоңдо жабыркаган аял, 24-июнь.

Human Rights Watch эларалык уюму Кыргызстандын түштүгүндө июнда болгон улуттар аралык жаңжал жөнүндө жаңы баяндамасын чыгарды. Анда уюм өкмөттүк айрым күчтөр өзбектерге каршы чабуулдарга колдоо көрсөтүшкөнүн айтат. Баяндама авторлору кыргыз өкмөтүн коогалаңдын астейдил иликтенишине анча кызыкпай жатканы үчүн да сындашты.


Июнь окуяларын өз алдынча иликтеген Human Rights Watch уюму Кыргызстандын өкмөтүн өзбектерге каршы чабуулдарды колдогон деген тыянак чыгарды.

“Акыйкаттык кайда?” деген суроо менен башталган баяндамада кыргыз бийликтери июнь окуяларын өз алдынча иликтеш үчүн түзгөн комиссиясынын иши айрым катачылыктар менен коштолуп жатканы айтылат.

Эларалык бул уюм иликтөөсүн окуялардан жабыркаган 200дөн ашуун өзбек жана кыргыз улутундагы адамдар, күбөлөр, юристтер, адам укугун коргоочулар, бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери менен болгон интервьюларына негиздеди. Андан сырткары, космостон тартылган сүрөт, видео, бир топ документалдык жана башка далилдер да анализге алынган.

“Проблеманын бир бөлүгү”

Баяндаманын авторлорунун бири, Human Rights Watch уюмунун өзгөчө кырдаалдар боюнча илиздөөчүсү Оле Солваң июндагы коогалаң өлкөнүн күч органдары үчүн чоң проблемаларды жаратканын, көп учурда алар проблеманы чечпей, тескерисинче, анын бир бөлүгү болуп калышканын айтты.

“Андыктан кыргыз өкмөтү өзүнүн иликтөөлөрүн жүргүзүүдө мына ушул баяндамада айтылгандарды эске алат го деп үмүттөнөбүз”, - деди Солваң, “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып.

“Июндагы окуяларды иликтеген улуттук да, эларалык да комиссиялар чынында ишин бейтарап жүргүзө алышат го деп үмүттөнөбүз. Эгер алар буга жетише алышса, биз аныктаган бир топ жагдайларды таба алышат деп ойлойм”, - деди укук коргоочу Оле Солваң.

Бул уюмдун баяндамасында айтылгандарга караганда, Оштогу зомбулук 10-июнь күнү кыргыз-өзбек жаштарынын казинодогу мушташынан башталган. Ошондо өзбектердин жоон тобу чогулуп, түнү менен кыргыздарга чабуул коюшат. Бир топ үйлөр өрттөнөт. Анан ага жини келген кыргыздар Оштон жана башка жактардан чогулуп, 11-июндан тарта 14-июнга чейин өзбектерге чабуул коюшканы айтылды.

Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү

Натыйжада 400 жакын адам – айрымдар мындан да көп дешет - өлдү, материалдык чоң зыян келтирилди. Өзбектер массалык түрдө кыргыз-өзбек чекарасына качышты.

Human Rights Watch бул иликтөөсүндө окуяларга күбө болгон бир топ адамдардын көрсөтмөлөрүн келтирет. Аларда айтылгандарга ылайык, айрым райондордо күч органдарынын формасын кийгендер көчөлөрдө адамдар тургузган тосмолорду армиянын унаалары менен сүрдүрүп салышкан.

Андан ары жаалданган адамдардын тобун көчөлөргө өткөрүп, үйлөрдү талап-тоноого, өрттөөгө жол беришкен.

Көрүнө элек “ниет”

Өкмөт буга чейин курал-жарактар менен айрым унаалар уурдалганын айткан эле. Билдирүүнү бул баяндама жокко чыгарбай турганы айтылат. Ошентсе да, аскердик унаалар чабуул жасаганга колдонулганы армиянын буга такыр катышы болбогонун толук айгинелей албайт делет. Муну далилдеген айрым күбөлөрдүн билдирүүлөрү бар экенин, армия кээ бир райондордо элди куралсыздандырып, андан аркы зордук-зобунга жол бергени жазылды. Оле Солваң кыргыз өкмөтү окуяны ачык-айкын иликтей алганга кудурети жетет деп ишенээрин, бирок азырынча расмий Бишкек андай ниетин көрсөтө электигин айтты.

“Президент Роза Отунбаева өзү жер-жерлердеги прокурор-тергөөчүлөргө, милицияга ишти толугу менен мыйзам чегинде аткарууга көрсөтмө бергенин айтканы менен, азырынча андай боло элек, - дейт Солваң. - Маселен, адамдарды туш келди эле камаган нечендеген окуялар болду. Камалгандарды болсо уруп, кыйнаган далай учурларды көрдүк. Ошон үчүн иликтөөнүн кандай өтүп жатканы боюнча бизде өтө олуттуу суроолорубуз бар”.

Уюм бул иликтөөсүндө камактагы 60 адамдын кыйноого алынганын аныктаган. Алардын бири түрмөдө көз жумганы айтылат. Абактагыларды кыйноо токтотулбаса, оор кырдаал андан бетер татаалдашышы мүмкүн экени эскертилди.

“Олуттуу суроолор”

Солваң жакында Кыргызстандын башкы прокуратурасы чыгарган билдирүүгө көңүл бурдурат. Анда камалган 243 адамдын 29у гана кыргыз, 213ү өзбек экени айтылган.

Human Rights Watch Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун Кыргызстанга кеңешчи полисмендерин эртерээк жиберүүгө чакырды. Алар кыргыз милициясына кеңеш берүү максатында жиберилээри күтүлүүдө.

Уюм андан сырткары, Бириккен улуттар уюмун июндагы улуттар аралык жаңжалды жана андан кийинки абалды эл аралык деңгээлде иликтөөгө алууга үндөдү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG