Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:05

Катуу ысыктан кантип коргонуу керек?


Июль айы ченемден тыш ысык болот
Июль айы ченемден тыш ысык болот

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму алгач ирет адамдарды ысыктан сактанууга үндөгөн жол-жобосун чыгарды. Расмий сунушталган жол-жободо аталган уюм ысык аба ырайы адамдын саламаттыгы үчүн кооптуу экенин эскертилет.

Бирок Кыргызстанда жашагандар 40, же 45 градустук ысыктан кооптонбой эле койсо болорун айтат академик, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Айнагүл Жумагулова:

- Кыргызстанда абанын температурасы көп болсо 40 градустан өтөт. Деңиз деңгээлинен бийик жайгашкандыктан, биздин ысык кургак келет. Андыктан коркпош керек. Ошентсе да күн катуу ысыганда адам өзүн туура алып жүрүүнүн бир нече жолу бар. Биринчиден, күндүз абанын температурасы аябай жогору кезде көлөкөдө басканга же такыр эле сыртка чыкпаганга аракет кылуу керек. Аптапта киши өзүнө ыңгайлуу, ысык тартпаган кийимдерди кийсин. Тар, кара түстөгү, синтетикалык материалдан жасалган кийимдер күн тартып, кишинин кыймылын чектейт. Тердетип жиберет. Андыктан кенен, пахта кийимдерди кийген туура.

Суусунду кандыра билүү маанилүү

Жайкысын суусундук ичүү да өзгөчө мааниге ээ эмеспи. Адам организми ысыганда өзүнөн сууну тер аркылуу бөлүп чыгарат. Анын ордун толукташ үчүн адам күн сайын кеминде 2 литрдей суу ичиши керек. Бирок бөйрөк дартынан жапа чеккендер ашыкча суюктук ичүүдөн абайлоосу зарыл.

Акыркы мезгилде суусунду сыра менен басуу модага айланып кетти. Бирок адис сыранын ысык аба ырайы учурунда зыяндуу экенин эскертет:

- Өтө ысык убакта киши денесиндеги нымдуулукту сактап туруу үчүн күнүнө кеминде 2-2,5 литрдей суу ичиши керек. Таза сууга эле кичине лимон, же апельсин сыгып, бир чай кашык кант кошуп ичсе суусун канат. Бирок бөйрөгүндө оорусу барларга ашыкча суу ичүү сунушталбайт. Кадимки эле кыргыздын сонун жармасы, шоросу бар. Бирок кымызды күн ысыкта ичсе болбойт. Себеби анын курамында алкоголь бар. Азыр элдин баары салкындайбыз деп сыра ичип атышпайбы, ал да туура эмес. Себеби сыра заараны тез-тез чыгарып, кишинин денесин кургатып, нымдуулукту азайтып жиберет. Ысыкта арак ичүү да болбойт. Азыр бизге көп орто жаштагы кишилер ысыкта арак ичип алып, жүрөгү кармап келишет. Арак кан тамырларды тарытып, кан айланууну басаңдатат.

Улгайып калган кишилер айылда же талаачылык иштеринде иштесе көп убакыт бою күндүн ысыгында башын салаңдатып, ылдый болуп туруу да алардын кан айлануусун бузуп, жүрөк талмасы сыяктуу ооруларга жол ачышы ыктымал. Андыктан профессор Жумагулова күн ысыкта кара жумушта иштөөдө да этият болууга чакырат.

Азыр ысыганда үйдүн ичине, же кеңселерге абаны муздатуучу кондиционерлер коюлууда. Алардын зыяны тууралуу да көп айтылып келет. Кондиционердин жайкысын муздатуучу эң жогорку температурасы 23төн түшпөшү керек. Бул жабдык ар дайым чаң соргуч, нымдуу чүпөрөк менен тазаланып турса, өпкөгө зыяндуу заттар кирбейт. Температураны түшүрүп жиберүү кишинин денеси үчүн олуттуу зыян алып келет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG