Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

500дөн ашуун зыяратчы Саудиядан Иранга кайтарылды


Ажыга келген мусулмандар жума намазды Мекедеги ал-Харам мечитинде окушууда. 4-ноябрь 2011
Ажыга келген мусулмандар жума намазды Мекедеги ал-Харам мечитинде окушууда. 4-ноябрь 2011

Иран-Сауд Арабия арасындагы тирешүү ажы маалында да уланды. Сауд бийликтери визасы жалгама деп, Ирандан келген 500дөн ашуун мусулманды мекенине кайтарды.

Бул инцидент акыркы чейрек кылымда ажы зыяпаты учурунда Иран жана Сауд Арабия арасында болгон араздашууларды эске салды. Айтсак, 1987-жылы ирандык зыяратчылар менен Саудиянын коопсуздук күчтөрү төбөлөшө кетип, 400дөн ашык адам, анын ичинде 275 ирандык мерт болгон.

Үстүбүздөгү аптада Сауд Арабияга ажы парзын сакыт кылганы келген 520дан көп ирандык камакка алынып, мекенине жөнөтүлгөнүн Ирандын маалымат булактары тастыктады.

Ирандан келген зияратчы аялдар Жидда шаарынын аэропортунда. 30-октябрь 2011
Ирандан келген зияратчы аялдар Жидда шаарынын аэропортунда. 30-октябрь 2011
Алгачкы 150 зияратчы 31-октябрда Медина аэропортунда “визаңар жасалма” экен деп кармалган.

Бул топтун атын атабаган мүчөсү: “Алар бизге "маселе визаңарда болууда: жалгама экен" дешти. Кээ бир офицерлер Саудиянын Мешхеддеги консулдугу берген визаны чын деп жатышты,-деди Ирандын Фарс жаңылыктар агенттигине курган маегинде. -Бизге ирандыктардын көпчүлүгү жөөттөр же теги жөөт, ошон үчүн ажыга келүүңөрдүн кажети жок деп айтышты”.

Чатакты жөндөө үчүн Ирандын тышкы иштер министринин найыбы Хасан Кашкави Саудияда жүргөнү кабарланган. Бирок 3-ноябрда дагы 370 зыяратчы кармалып, Иранга кайтарылды деген маалымат келди. Алардын арасында Куранды жатка билген бир нече кары да бар. Бир да саясатчы жок.

28-октябрда ажылык башталганга чейин расмий Тегеран быйылкы зыяпат тынч өтөт деген үмүтүн билдирген. Себеби 11-октябрда АКШ бийлиги Израилдин Вашингтондогу элчилигине, Сауд Аравия менен Аргентинанын дипломатиялык миссияларына да кол салууну мерчемдешкен эки ирандыктын бири кармалганын жарыя кылган.

Иран тарап кутумга эч кандай катыштыгы жок экенин айтып актанган. Бирок бул окуя Тегеран менен эр-Рияд мамилесин бир кыйла салкындатып койду.

Мусулмандар Мекедеги ал-Харам (Улуу мечит) мечитиндеги зыяпат учурунда. 31-октябрь ,2011
Мусулмандар Мекедеги ал-Харам (Улуу мечит) мечитиндеги зыяпат учурунда. 31-октябрь ,2011
Ушу аптада Саудия канзаадасы, падышалыктын ички иштер министри Найеф Абдел Азизден ажы зыяраты алдында Иран менен өзгөчө бир келишим түзүлдүбү деп сурашканда: "Ортодо эч кандай түшүнбөстүк жок. Ирандыктар ажылыкка дайыма урмат менен мамиле кылышат",-деп жооп берген. Ал Саудия зияраттын тынч өтүүсү үчүн бардык аракеттер көрүлөрүн да эскерткен:

- Биз бардык окуяларга даярбыз... Непада кимдир бирөөлөр чабуул жасоону кааласа, аларды токтотуу үчүн колдогу бардык каражаттарды колдонобуз.

Деген менен серепчилер 525 ирандык зыяратчыны мекенине кайтаруу Саудия менен Иран ортосундагы мурдагы жана азыркы мамилелердин туундусу деп эсептешет.

Адел Дербиш Жакынкы Чыгыш боюнча адистешкен британ журналисти. Ал падышалык ирандыктарды зыярат кылдырбай артка айдоо 1980-жылдары Тегеран ажылык учурун ислам ыңкылабын жайылтуу үчүн колдоно баштаган мезгилден башат алат дейт:

- Кийинки бир нече жылда Ирандын чалгындоо кызматтары өтө кылдат иштечү болду. Алар революциянын жана радикалдуу идеяларды жайылтуу үчүн зыяратчыдай кийинип алышат. Мекеге Африка, Азия, Европадан адамдар келет эмеспи.

Ирандык руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейинин портреттерин көтөргөн аялдар АКШнын Тегерандагы мурдакы элчиканасы алдындагы анти-америкалык демонстрацияда. 4-ноябрь, 2011
Ирандык руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейинин портреттерин көтөргөн аялдар АКШнын Тегерандагы мурдакы элчиканасы алдындагы анти-америкалык демонстрацияда. 4-ноябрь, 2011
Адел Дербиш Иранда исламчыл өкмөт турганда Саудияга коркунуч токтобойт деп боолгойт. Буга бир жагынан Ирандын калктын басымдуу бөлүгү шиилер, Саудияда суннилер экенине байланыштуу.

Экинчи жактан, ажылык учурунда Саудияда ирандыктардын катышуусу менен болгон тополоңдордон изи сууй элек.

Ирандык зыяратчылар 1980-жылдардын башынан тартып Саудияда АКШ жана Израилге каршы демонстрация өткөрчү болушкан.

1987-жылы алар баштаган жаңжал учурунда 400дөн ашык адам, анын ичинде 275 ирандык курман болгон.

Анын артынан эле ирандыктар падышалыктын Тегерандагы элчиканасына чабуул коюшкан. Аятолла Хаменейи болсо саудиялыктарды падышаны тактан кулатууга үндөп, келерки үч жылда ажыга бойкот жарыялашкан.

1989-жылы ажылык учурунда болгон кош кабат жардыруу үчүн Саудия Иранды күнөөлөгөн. Чабуулдан бир адам өлүп, 16 киши жарадар болгон. Бул окуяга байланыштуу кувейттик 16 шиит соттолгон. Алар алгач ирандык террорчулар деп жарыяланган.

1990-жылдардын башында эки өлкө дипломаттык мамилени калыбына келтирип, ирандыктардын ажыга келүүсүнө Саудия уруксат берген. Ошондон тарта демонстрация өткөрүү үчүн Мекеде атайын жай бөлүнгөн.
XS
SM
MD
LG