Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

Германия Иран менен экономикалык алакасын жандантат


Иранда хай-текти өнүктүрүү боюнча Берлинде өткөн конфереция, 4-июль, 2015
Иранда хай-текти өнүктүрүү боюнча Берлинде өткөн конфереция, 4-июль, 2015

Германиянын тышкы иштер министри Зигмар Габриэл дүйнөнүн алты державасы менен Иран кол койгон тарыхый келишимден кийин Тегеранга келген Батыштын жогорку даражадагы биринчи өкүлү болду.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин орун басары, экономика министри Зигмар Габриэл «немис компаниялардын, өндүрүш мекемелердин жана окумуштуулардын чакан тобу» менен үч күнгө Тегеранга барды.

14-июлда жетишилген тарыхый келишим «Иран менен экономикалык алакаларды жандантууга негиз берип, аларды ишке ашыруунун баскычтары аныкталганы» немис министрдин билдирүүсүндө айтылат.

Германиядан барган делегация Ирандын президенти Хасан Роухани жана бир катар министрлер менен жолугат.

Жаңы келишимдин шарты боюнча Иран ядролук программасын чектейт, ошол эле маалда Батыш буга чейин Тегеранга каршы киргизген экономикалык санкцияларын жоёт.

Делегациянын мүчөсү, Германиянын Соода-өндүрүш палатасынын жетекчиси Эрик Швейцар Тегеранга сапарын санкциялардын айынан табигый ресурска бай бул өлкөдө ишкердик жүргүзө албай калган Батыш компанияларын "шыктандырган жышана" деп айтты. Ал ошондой эле жаңы келишимди саясий жактан гана эмес экономикалык мааниси боюнча бурулуш жасай турган чечим деп баалады.

«Германиянын компаниялары Ирандагы эски байланыштарын жандандыруунун жолдорун издей башташат» деген Швейцар алдыдагы эки-үч жылда эки тараптуу сооданын көлөмүн төрт эсеге чейин, башкача айтканда 10 миллиард долларга жеткирүүгө болорун белгилейт.

Иран менен Германиянын соода-сатыгынын көлөмү 2003-2004 жылдары 8,6 миллиард долларга жетип турса, өткөн жылы 2,6 миллиардга түшкөн.

Иран жаратылыш газынын кору боюнча дүйнөдө экинчи, кара май запасы боюнча төртүнчү чоң өлкө болуп саналат.

Ирандын мунай министри он жылдай жаңыланбай калган кара май өндүрүү тармагын модернизациялоо үчүн 100 миллиард доллар чет элдик инвестиция тартуу каралып жатканын жарыялаган.

Немис делегациясынын өкүлү Швейцар непадам Тегеран ядролук келишимдин шартын бузуп, кайрадан санкциялар киргизиле турган болсо немис компанияларынын укугун коргоо маселесин дагы көтөрөт.

Ал эми укук коргоочу уюмдар болсо немистерди Ирандагы адам укуктарынын абалын эстен чыгарбоого чакырууда.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун немис тобунун жетекчиси Кристан Михр гезиттердин бирине берген маегинде министр Габриэл “адам укуктары менен сөз эркиндигине караганда экономикалык кызыкчылыктарга артыкчылык берсе” анда бул “катастрофа” деп атады.

«Зигмар Габриэл келишимдерге кол коёрдон мурун Иранда абактарда отургандардын, бийликти сындагандардын, запкы жегендердин тагдыры тууралуу ойлошу абзел» дейт Берлинде жашаган ирандык Фариборз Жаббари.

Британия болсо Иранда өз элчилигин жыл акырына чейин кайрадан ачууну караштырууда. Лондон Тегерандагы элчилигин 2011-жылы ноябрда имаратка демонстранттар чабуул койгондон кийин жапкан.

Тегерандыктар ядролук келишимдин жетишилгенин майрамдоодо

XS
SM
MD
LG