Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:08

Москва: кулчулуктан кутулгандарды дагы коркунуч тооруду


Бакия Касымова (солдо) менен Лейла Аширова журналисттерге кулчулукта көргөн азабын айтып беришти, Москва, 2-ноябрь, 2012
Бакия Касымова (солдо) менен Лейла Аширова журналисттерге кулчулукта көргөн азабын айтып беришти, Москва, 2-ноябрь, 2012

Москвада прокурорлор бир топ жыл дүкөндө борбор азиялык мигранттардын кулчулукта кармалганы боюнча кылмыш ишти жаап койду. Бирок окуяга азыр мамлекеттик органдар көңүл бура башташкан өңдүү. Федералдык миграция кызматы азырынча иш толук иликтенмейин, мигранттарды өлкөдөн чыгарбай тураарын билдирди.

Лейла Аширова менен Бакия Касымова жакында адам укугун коргоочулар аларды Москвадагы дүкөндөрдүн биринен бошотушканда, 10 жылга созулган азап тозогуна чекит коюлду деп ойлошкон.

Активисттер заматта окуяны бүтүн дүйнөгө жарыялап, бир топ киши бул жерде жылдар бою токмок жеп иштегенге мажбур болушканын, жертөлөдө эч кандай айлык акысыз иштешкенин айтышкан. Ошондон кийин орус бийликтери кылмыш ишин козгогонго мажбур болушкан эле.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Москвадагы элчилигине алардын жарандары бул шаарда кулчулукта жашап жатканы тууралуу кабарлар “дайыма” түшүп турганын билдиргенде бул окуя жалпы эл аралык талкууга түшкөнсүдү.

Анан эле бир маалда окуя такыр башкача нукта өнүгө баштады.

Ушул айдын башында, 9-ноябрь күнү полиция Аширова менен Касымованы Орусияда жашап иштөөгө укук берген тийиштүү документтери жок экени үчүн айыптады. Келиндер өздөрү документтерин мурда эле дүкөндүн ээси тартып алганын айтышкан. Азыр эми келиндердин адвокаты полициянын айтканын “депортация коркунучу жөнүндө кеп баштады” деп түшүндүрүүдө.

Жабыркагандар айыпталып...

Анан ошондон төрт күндөн кийин, өткөн аптада күтүүсүздөн эле прокурорлор дүкөндүн ээлерине каршы ачылган кылмыш ишин “эч кандай кылмыш табылбаганынан” жабышты.

Казакстандан 10 жыл мурда келген 26 жаштагы өзбек улутундагы Ашированын таламын талашкан адвокат Ирина Бирюкованын айтымында, азыр бул келиндердин коопсуздугуна эч кандай кепилдик жок.

"Азыр ал кыздардын абалы өтө татаалдашып кетти, анткени алар мындан ары кылмыш иши боюнча иликтөөлөрдөн сыртта калышты. Бул дегени алар орус бийликтеринин пикиринде азыр өлкөдө мыйзамсыз жүрүшөт дегенди билдирет, - дейт адвокат. - Бийликтер аларды эптеп өлкөдөн чыгарып жиберүүгө кызыкдар. Бирок биз буга жол бербейли деп болгон аракетибизди жасап жатабыз".

Аширова жана Касымовадан сырткары, 30-октябрда Москвадагы көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги дүкөндөн кулчулукта жаткан дагы 10 казак жана өзбек улутундагы адамдар бошотулушкан. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Бул аялдар 10 жыл бою кул катары иштегенге мажбур болушканын, качканга аракет кылышканда кармалып, дайыма ур-токмокко, сексуалдык зордукка да кабылышканын айтышты. Эч ким аларга айлык акы да берген эмес.

Аширова бул жакка алгач жакшы ишке орноштурабыз деп алып келишкенде 16 жашта болчу. Мында көргөн азап-тозогу жөнүндө ал “Азаттыктын” өзбек кызматына айтып берген.

"Ушул жерден бир кыздын өлүгүн алып кетишти, - дейт ал. - Дагы бир кызды ата-энеси алып кеткен, ал көпкө үйгө барбай калганда үйдөгүлөрү өздөрү келишти. Башка бир келин 10-15-жыл иштегенден кийин буту гангрена болуп, анан кетти".

"Кылмыш табылбады"

Анткен менен шаардык прокуратуранын расмий өкүлү Елена Рассохина “Азаттыкка” сүйлөп жатып, бул иште эч кандай кулчулук жок деп билээрин айтты.

"Азыр баары эле өзбек келиндерин күң катары кармашкан деп жатышат. Бирок аларды эч ким ал жерде күч менен кармаган эмес, - деп ишенет прокуратуранын өкүлү. - Алар кеңири эле дүкөндөргө, ооруканаларга барып жүрүшкөн, эч кимге алар арызданган да эмес. Прокурор бул иште кылмыш таппады. Маселе өзү чоң суроо жаратууда. Ошол..."

“Альтернатива” деген адам укугун коргоочу уюмдун активисти Олег Мельников прокурорлордун аргументин “болбогон кеп, жалганчылык” деп сыпаттап жатат.

Мельниковдун уюму жогорудагы келиндерди бошотууга активдүү катышкандардын бири. Анын ишениминде, ал аялдарга төрөгөн учурда гана ооруканага барууга уруксат беришкен, болгондо да кийинчерээк балдарын тартып алышкан.

Жашоо үчүн күрөш

Активист азыр бийликтерди атайылап эле бул окуяны тезирээк жабууга шашылып жатканы үчүн, ал эми маалымат каражаттарын бул ишке такыр эле көңүл бурбай жатканы үчүн айыптады.

"Москвада аздыр-көптүр стабилдүүлүк орноп калган болчу. Ошондуктан азыр бийликтерге “бул шаарда 21-кылымда да кулчулук бар экен” деген сөз жакпай жатат. Алар муну тезирээк жапканга аракет кылышканы да “баш ооруну азайталы” дегени эле. Анын үстүнө полиция да коррупциялашып кеткенин эстен чыгарбаш керек", - дейт укук коргоочу.

Активисттердин айтымында, азыр ал келиндер аягына чейин күрөшөбүз деп турушат. Анткени иш ушуну менен эле жабылып калса, аларга Москвада да, мекенинде да уурдаган кишилер күн көргөзүшпөйт.

Ошондуктан азыр адвокаттар кылмыш ишин кайра ачууга жетишиш үчүн аракет кылышууда. Адам укугун коргоочу Данил Медведевдин айтымында, бул кулчулук жөнүндөгү жалгыз окуя эмес. Анын айтымында, азыр өлкөдө жарым миллиондон 2 миллионго чейин киши кул абалында жашап иштейт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG