Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Франция: Мохамед Мерах өлтүрүлдү


Францияда 7 кишини атып кеткен деп шектелген Мохамед Мерах өлгөнүн ички иштер министри Клод Геан тастыктады.

Ал полициячыларга ок ачып, терезеден секирүүгө аракеттенген жеринен жан берди. Канча тартип коргоочу жарадар болгону азырынча белгисиз.

Ошентип Франциянын түштүк-чыгышындагы Тулуз шаарындагы 33 саатка созулган операция шектүү адамдын өлүмү менен аяктады.

Полициянын атайын бөлүктөрү 7 кишини атып кеткен деп шектелген адам жашырынган үйдү 21-марттын түнүндө курчоого алышкан.

Операцияны жетектеген ички иштер министри Клод Геан "Мерах менен сүйлөшкөндөн кийин ал өтө кооптуу, эч нерседен кайтпаган адам экенин түшүндүк" деди:

- Бүгүн эртең менен аны кармоого аракет көрүү чечими кабыл алынды. Батирге бир нече граната ыргытылгандан кийин тиги тараптан эч кандай реакция болгон жок. Атайын бөлүктүн кызматкерлери батирге эшиктен, терезелерден кирип, видеобайкоо жүргүзгөн техниканы орнотушкан.

Бир заматта кылмышкер ваннадан чыга калып, каарданып, токтобостон туш тарапка ата баштады. Аскерлер албетте коргонууга аракеттеништи. Аягында Мерах куралын колдон чыгарбастан терезеден секирди. Анын өлүгү жерде табылды.

Ага чейин маалымдалгандай, Мерах "ал-Кайиданын" мүчөсү, палестиналык балдар үчүн өч алууну, француз армиясын чет өлкөлөрдөгү, асыресе Ооганстандагы урушка катышкандыгы үчүн жазалоону көздөгөнүн полицияга өзү айткан.

"Ле Монд" гезитинин жазганына караганда, Мохаммед Мерах бир нече ирет Пакистан менен Ооганстанга барып, "ал-Кайиданын" лагерлеринде машыгуудан өтүп келген. Акыркы сапарынан кийин ал Франциянын ички чалгындоо кызматынын назарына түшкөн.

19-мартта белгисиз бир адам жөөттөрдүн лицейинин жанынан 3 баланы жана мугалим-раббинди атып кеткенде полиция ал кылмышты дароо Монтобанда 3 парашютисттин өлтүрүлүшү менен байланыштырды.

Тергөөчүлөр ошол эле тапанча, ошол эле мотоцикл колдонгонун аныктаган. Куралдуу күчтөрдүн 3 жоокери 11-мартта жана 15-мартта каза болгон. Алардын бардыгынын теги түндүк африкалык болчу.

"Биригүүгө тийишпиз"

Кечээ окуу жайынын жанында набыт кеткен 4 кишинин сөөгү Иерусалимде жерге берилди. Жонатан Сандлер, анын Арие жана Габриэл аттуу эки уулу жана Мириям Моснонегонун зыйнатына Франциянын тышкы иштер министри Алэн Жюппе катышты.

- Антисемитизм кайсы жерде пайда болбосун, аны менен күрөшүүгө даярдыгыбыздан күмөн санабагыла. Биздин өлкөдө жөөттөрдү кемсинтип, токмоктоп же өлтүргөндө андай окуяларга бүтүндөй улутубузга сокку катары карайбыз.

Президент Николя Саркози Тулуздагы операциянын жүрүшү менен жакындан таанышып, 21-март күнү кечинде Монтобан шаарчасына жөнөп кетти. Ал жерде 3 жоокерди бардык аскерий менен акыркы сапарга узатышты. Анын алдында Николя Саркози кайрылуу жасап, элди биригүүгө үндөдү:

- Жөөт жана мусулман коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, бардык маалыматтар менен бөлүшүп турууга убада кылдым. Терроризм улутубуздун биримдигин бөлүп-жаралбасын көрсөтүүгө чакырдым. Бүтүндөй француз элине кайрылат элем: биз биригүүгө тийишпиз. Дискриминация же өч алуу сезимине жол бербеш керек. Мындай окуяларга тикебизден тик туруп туруштук берели. Франция эли бириккенде гана күчтүү болот.

Аскерлердин тажыясына президенттикке талапкерлердин дээрлик бардыгы катышты. Саркози жана талапкерлердин көпчүлүгү Тулуздагы трагедиядан кийин үгүт иштерин бейшембиге чейин токтотууну чечишкен.

Айрым байкоочулар апрель айында өтүүчү президенттик шайлоо алдындагы кампанияга элдин добуш беришине акыркы теракттар чоң таасир тийгизиши мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG