Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Франция: исламчыларга кысым күчөөдө


Францияда паранжыга тыюу салынган 11-апрель, 2011-жыл
Францияда паранжыга тыюу салынган 11-апрель, 2011-жыл

Францияда мечитке кол салууну мерчемдеди деп шектелген аскер адамынын камакка алынганын бардык маалымат булактары башкы кабар ирети беришти.

Францияда мечитке кол салууну мерчемдеди деп шектелген аскер адамынын камакка алынганын өлкөдөгү бардык маалымат булактары башкы кабар ирети беришти. Мусулман лидерлеринин айтымында, дүниябий өлкөдө мусулмандарды жек көрүү-исламофобия кеңири кулач жайып барат.
Улуттук өкмөт болсо бийлик эч кандай экстремизмге жол бербесин жана ага каршы чечкиндүү чара көрүлөрүн айтууда.

Маалымдалганга караганда, 23 жаштагы аскер Лион шаарынын четиндеги мечитке Орозо айт күнү кол салмак экен. Мусулмандарга каршы кыянаттык ойлогон деп кармалган жигитти Франциянын ички иштер министрлиги “оңчул экстремисттерге жакын деп сыпаттады. Береги жигит камакка алынганы угулар замат Лиондогу борбордук мечиттин имамы Камел Кабтане өкмөттү мусулмандар арасындагы коркуп-чочулоолорду басууга батыл аракеттенүүгө үндөдү.

- Бул илдетти баарыбыз чогуу жок кылышыбыз керек. Ал эмне деген балээ жана ага каршы кантип жапырт күрөшсө болорун билүү үчүн адегенде исламофобия боюнча парламенттик комиссия түзсө, неге болбосун?

Франциядагы исламофобияга каршы комитеттин маалыматына караганда, акыркы жылдары мусулмандарга кол салуулар жана коркутуулар улам арбып баратат. Өтүп бараткан жылдын алгачкы алты айында мусулмандарга каршы жасалган 108 зобун-зордук катталган. Бул былтыркыдан 35 процентке көп. Береги комитеттин өкүлү Марван Мухаммаддын айтымында, улутчул оңчулдардын улам айтылып жүргөн бузук идеялары орточулдар арасында да тамыр жайууда:

- Өкүнүчтүүсү оңчулдардын айрым бир кунарсыз идеялары кадыресе партияларга да жайылууда жана андан ары орто жарандарды уулантып, алар башка бирөөлөрдү кемсинтүүгө, маскаралоого, эң жаманы, зобун-зордук жасаганга барышууда.

Франциядагы исламофобияга каршы комитеттин билдиришинче, бети-башын жаап, хижап-паранжачан жүргөн аялдарды шылдыңдап, кемсинтүү негизинен өкмөттүк мекемелерге мүнөздүү көрүнүшкө айланууда. Июлда эле мындай тогуз окуя катталган.

Франциянын ички иштер министри Манюэл Вальс диний фундаментализм менен элдеше албасын айтып, “салафиттер менен исламчылардын максаты” калыптанган коомдук мунасаны бузуу экенин эскерткен. Ал мындай эскертүүнү июлда бетин такыр чүмбөттөп алган аялды полиция текшермек болгондо, күйөөсү полицияга кол салгандан кийинки тополоңдон соң жасаган. Ошондо топтошкон адамдар жанагы эркек кармалган полицияканага келишип, аны коё берүүнү талап кылышкан жана ондогон автомобилдерди өрттөшкөн. Париждин ныптасындагы Трапп шаарчасында болгон эки күндүк тополоң учурунда 14 жашар бала көзүнөн жарадар болгон.

​Францияда башка улуттарга жаман мамиле кылуу көбөйүүдө дегенге оңчулдар макул эмес. Оңчул Улуттук фронттун вице-президенти Флориан Филиппот өлкө түрдүү улуттарга ачык, бирок коомдо коммунитаризм же жеке адамдын эркиндигин басмырлоого каршылык өсүүдө дейт:
- Жамааттар аралык араздашуу көбөйүүдө. Биз себеби коммунитаризм коомуна кирдик. Маселе исламдын, ислам радикализминин көйгөйлөрүн чечпегенден, аларга этибар бербегенден, андай проблема жок дегенден улам келип чыгууда. Биз эгер расистбиз жана толеранттуу эмеспиз десек, анын кесепети бардык мусулмандарга тиет.

Франция дүниябий мамлекет. Дин мамлекеттен бөлүнгөн. Өлкөдө 5 миллион мусулман жашайт. Аларды коомго жуурулуштуруу жай жүрүүдө. 2004-жылы коомдук мектептерде ачык-айкын диний символдордун болушуна тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Муну ислам жаатында мусулман кыздардын мектепте жоолукчан жүрүүсүн чектеген чара катары баалашкан. Бул мыйзам былтыр күздөн тарта университеттерге да жайылтылган. 2011-жылы коомдук жайларда бети-башын толук жаап алып жүргөндү тыюу салган мыйзам күчүнө кирген.

XS
SM
MD
LG