Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Беш түрк тууралуу эмгектен улам: 1916-жылкы боштондук көтөрүлүштө жергиликтүү эл гана негизги ролду ойногон


“Кыргыз эл” коомдук бирикмеси менен "Үй куруучулар" партиясы 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштүн баатырларын эскеришти. 03.8.2012
“Кыргыз эл” коомдук бирикмеси менен "Үй куруучулар" партиясы 1916-жылдагы улуттук көтөрүлүштүн баатырларын эскеришти. 03.8.2012

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин доцентинин милдетин аткаруучу, тарыхчы Роза Абдыкулова Түркияда иликтөө жүргүзүп жүрүп, Осмон султандыгынан келген беш түрктүн 1916-жылы Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө катышкандыгы тууралуу баалуу маалыматты учураткан.

1916-жылдагы көтөрүлүштүн чет элдик булактарда чагылдырылышы маселесине «Азияда беш түрк» эмгегинин мисалында токтолуп өткүбүз келет.

Чакан киришүү

Орус жана совет тарыхнаамасында XIX жана XX кылымдын башындагы Орто Азия мамлекеттеринин тарыхын изилдөөдө бир тараптуу каралып, маанилүү маселелер көз жаздымда калып кеткени байкалат. Мындай изилдөөдөгү калып кеткен маселелерге эң жакшы мисал Осмон мамлекети менен Орто Азия мамлекеттеринин байланышынын терең изилденбегендиги болуп саналат.

1916-жылдагы Түркстан көтөрүлүшүнүн эң чоң бөлүгүн түзгөн Жети-Суудагы көтөрүлүштө кыргыздар менен кошо падышалык Орусия империясына каршы согушкан беш осмон түркүнүн бири болгон Адил Хикмет Бейдин «Азияда беш түрк» деп аталган эмгеги айрым өксүктөрдү толтурууда кошумча булак катары огожо боло алат (Adil Hikmet Bey. Asyada Beş Türk. İstanbul: Ötüken. 1999.).

1916-жылдагы Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүш маселелери туурасында жогоруда аталган эмгектен сырткары Түркия мамлекетиндебашка да бир катар илимий эмгектерде да чагылдырылган. Аларга профессор Зеки Валиди Тогандын «Бүгүнкү Түркстан жана Жакынкы тарыхы» (Bugünkü Türkili (Türkistan) ve Yakın Tarihi), Баймырза Хайиттин «Түркстан мамлекеттеринин улуттук күрөштөрүнүн тарыхы» (Türkistan Devletlerinin Milli Mücadeleleri Tarihi), Акдес Нимет Кураттын «Орусия тарыхы башталгыч учурдан 1917-жылга чейин» (Rusya Tarihi Başlangıçtan 1917’ye kadar) аттуу эмгеги, Надир Девлеттин «Орусия түрктөрүнүн улуттук күрөшүнүн тарыхы» (Rusya Türklerinin Milli Mücadele Tarihi (1905-1917), Саадеттин Гөмечтин «Түрк жумурияттарынын жана топторунун тарыхы» (Türk Cumhuriyetleri ve Toplulukları Tarihi) аттуу эмгектеринде көтөрүлүш туурасында маалыматтар кездешет.

Кыргыз тарыхнаамасында болсо көтөрүлүш 20-30-жылдарда советтик-партиялык кызматкерлердин эмгектеринде, эскерүүлөрдө, көркөм адабиятта жана айрым илимий эмгектерде баяндалып келет. 1960-1980-жылдарда болсо көтөрүлүшкө байланышкан К. Yсөнбаевдин, Ж. Бактыгуловдун илимий эмгектери мисал боло алат. Бүгүнкү күндө болсо Ж. Жакыпбековдун, Т. Өмүрбековдун, М. Махмутбекованын жана Ж. Алымбаевдин эмгектеринде баяндалат. Мындан сырткары «Азиядагы беш түрк» аттуу эмгектеги маалыматтарды Кыргызстандан көтөрүлүшкө катышкандардын эскерүүлөрү жана кээ бир архив даректери тастыктап турат.

Эмгек тууралуу кыска маалымат

Орто Азияга келген беш осмон түркүнүн бири Адил Хикмет Бейдин «Азияда беш түрк» эмгеги 1999-жылы Түркиядагы "Өтүкен" басмасында жарык көргөн. Эмгекти арап арибинен латын арибине Юсуф Гедикли которгон.

Автор Адил Хикмет Бей сапарын карыткан соң эскерүүлөрүн, саякатнаамасын Түркиядагы "Жумурият" аттуу гезитке 1928-жылы 16-июндан 16-октябрга чейин арап ариби менен жазган. Бул эмгек дагы кийинчерээк латын алфавитине которулган.

Эмгектеги маалыматтарга караганда, Кушчу башы Селим Сами, Хусейин Эмруллах, Хусейин (крымдык), Ибрахим жана эмгектин автору Адил Хикмет Бей Измирден соодагер кейпинде 1914-жылы 22-июлда Жидда - Бомбей тарапка аттанган Кара-Деңиз түрк кемесине түшүшкөн. Ал жерден Памир аркылуу Ооганстанга өтүү үчүн жолду улантышат.

Чыгыш Түркстандан өтөөрдө 1915-жылы 27-апрелде орус аскерлери тарабынан кармалып калышат. Орустар аларды Таш-Коргонго жөнөтүшөт. Таш-Коргондон аларды өлтүрүүнү пландап, бирок ал планынан баш тартышат да, аларды андан ары Ташкентке айдашат. Ал мезгилде Германиянын Кытайдагы элчиси кызматын аркалаган Фон Хинце аларды өлүмдөн куткарып калат.

1915-жылы 14-июлдабеш осмондук түрк абактан чыгышып, Балкаштагы Капал шаарына, андан кийин кыргыз-казактар жашаган Сархан шаарына сүргүнгө айдалышат. Ал жерде оор турмушту баштарынан өткөргөн соң, көтөрүлүшкө туш келишет.

Демек, алар көтөрүлүштү уюштуруу үчүн эмес, саякат кылуу үчүн Борбордук Азияга келген осмон түрктөрүнөн.

Арийне, Адил Хикмет Бей калтырган эскерүүдө 1916-жылдагы көтөрүлүш тууралуу арбын маалыматтар кездешет.

Эмгекте автор Адил Хикмет Бейдин өзү тууралуу анчейин көп маалымат кездешпейт.

Ал төрт тилде эркин сүйлөй алган (француз, арап, италия, англис), аскердик эрдиктеринен улам жогорку наамдарга жетишкен. Эмгекти саякатнаама, эскерүү, тарыхый романдан сырткары бир күндөлүк катары кабыл алууга да болот.

Төмөндө эмгектеги маалыматтар бир нече чакан аталыштар менен өз өзүнчө берилди.

Беш түрктүн Орто Азияга келүү максаты

Автор Адил Хикмет Бей сапарлаштары менен Индияда, Чыгыш Түркстанда болгондорун, орус аскерлеринин колуна түшкөндөрүн, өлүмдөн араң зорго кутулуп чыккандарын, алардан качканда кыргыздарга туш келгендерин, Чыгыш Түркстанга баргандарын, Такламакандан Хотанга жана ал жерден Кытайга, Шанхай мажаралары менен бирге көтөрүлүшкө катышкандарын жана көргөндөрүн жазган.

Беш осмон түркү Орто Азияга келген кезде Түркстан аймагынын батыш бөлүгү Орусия тарабынан, чыгышы - Кытай жана түштүгү (Түндүк Ооганстан) Англия тарабынан басып алынган мезгил болгон. Алардын Орто Азияга келишинин максаты Түркстандагы боордоштордун улуттук аң сезимин ойготуу эле.

Бирок келген беш осмон түркүнүн бешөөнүн төртөө эмне үчүн аскер адамдары болгон деген суроо да туулат. Куралдуу түрдө эмес, түрк тектүү калктардын аң сезимин ойготуу максатында келгендери туурасында жазылат. Бирок алар көтөрүлүшкө туш болгондуктан, бир колуна кылыч, бир колуна шам чырак кармаган көтөрүлүшчү болушат.

Бул туурасында төмөндөгүдөй жазуу Адил Хикмет Бей жазган эмгекте кездешет:

«Акылыма ишенип, англис, орус жана кытай чек араларынан оңой өтүп, кыргыз, огуз, өзбек, кыпчактарды бир туунун алдына топтоодо мындай шекерден таттуу нерсенин ачуу тарабы да болоорун оюма да келтирбептирмин».

(Adil Hikmet Bey. Asyada Beş Türk. İstanbul: Ötüken. 1999. - 39-б.).

Кызык, булардын бири Сами Бей айрым кыргыз эскерүүлөрүндө Самыйбек деп эскерилген учурлар бар. Демек, алар менен кыргыздар кезиккенин көз карандысыз булактар да тастыктайт.

Маселен, 1916-жылкы көтөрүлүшкө катышкан кыргыз Абдыраим Серкебаевдин эскерүүсүн салыштырып көрөлүк:

«Самыйбек деген түрк үч кишиси менен кыргыздарды мал бергиле, Кытайдан курал сатып алалы, орустарга каршы чыгалы дептир. Текесте кыргыздарды орустар артынан жетип, кырып баратканда Самыйбек жети киши менен орустарды атышып, кыргыздарга жардам кылыптыр. Кыргыздардан мал жыйнай албай, шаарына кеткен экен. Шабдандын балдарына жолуга албай калып, ошолорго бир жолуксам деп кетиптир. Кийин арасы жыйырма күнчөлүк жол экенине карабастан Кемел, Кашымбек (караколдук) барышыптыр. Эмне сүйлөшкөнүн билген жокмун. Шабдандын балдарына бир тору ат, отуз зээр бериптир.

Кийин Кытай өкмөтү кармап айдап бара жатканын (Самыйбекти) өз көзүм менен көрдүм».

(Булак: Мистегүл Махмутбекова. Кыргызстандагы улуттук-боштондук көтөрүлүш. Бишкек. Эркин-Тоо. 1996. - 55-56-беттер.).

Кыргыздардын арасындагы пикир келишпестик

Автор Адил Хикмет Бейдин берген маалыматы боюнча, беш осмон түркү Кытайга барган чакта ал тарапка качкан кыргыздарга туш болушат. Качкан кыргыздардын арасында пикир келишпестиктер пайда болот. Алардын бир бөлүгү малынын кырылып калаарынан коркуп, артка кайтууну, орустар ээлеген жерге кайрадан барууну каалашкан. Экинчи бир бөлүгү болсо орустарга аскер бергенден көрө Кытайдын аймагында өлгөн артык дешет. Пикир келишпестик көпкө созулуп, акырында баарынын Кытай аймагында калуусуна чечим чыгарышат.

Жаныбектин боз үйүндө конок болуу

Адил Хикмет Бей жазган эмгектеги маалыматка караганда, сапарга чыккан беш түрк Кичине Казган аймагынан Кулжага карай бет алган жолдо Жаныбек аттуу кыргыз бегинин үйүнө конушат.

Жаныбек кечки тамакты сунган соң, комузун колго алып революциялык чакырыктай ырды созуп киргени баяндалат. Ал ырдаганда көздөрү жанып, революциялык чакырыкты угузуп жаткандай туюлат.Ырдын мааниси төмөндөгүдөй сөздөрдү камтыган:

Ата мекенден куулдум,

Душмандарга кул болдум.

Бул мекендин тили болсо

Аталарыбыз бизди көрсө

Тур, каарман түрк эли

Тарыхтын март түрктөрү

Душмандарды эзип,талкалап,

Заалымдарды кыргыла.

Кыргыздардын салт-каадасынын өзгөчөлүктөрү

Адил Хикмет Бей жарыялаган бул эмгекте кыргыздар тууралуу абдан көп маалымат кездешет.

Аларга мисал келтирсек: “кыргыздар өз алдынча кеңешпей иш кылышпайт. Тез-тез кынаш (кеңеш) деген мажилистерин өткөрүп турушат. Бул кеңештерде чечим чыгарылбаса, анда таркатылып, башка кеңештер түзүлөт. Кээде бир маселе үчүн күндөр бою талкуулашып, туура келе турган чечимди кабыл алышат. Кыргыз башкаруучулары чече албай жаткан маселесин мажилистердин жардамы менен чечкендиги үчүн дайыма адилеттүү болгон”.

Эмгектин дагы бир бөлүгүндө “кыргыз чечендери абдан сөзмөр келишет. Алар адамдарды муютууну, көндүрүүнү билишет. Негиздүү далилдерди келтиришип, поэтикалык чыгармаларды окушат”, - деп берилет.

Кыргыздардай зирек адамдардын арасында жүрүүнү беш түрк тең абдан жактырышат. Алар ошол аймакта калып, Кулжага барбай калышат.

Көтөрүлүштүн жүрүшү

Автор Адил Хикмет Бей кыргыздарды көтөрүлүшкө үндөп, Мукден согушунда (орус-жапон согушундагы узак мезгилди кучагына алган, кандуу салгылаш) жапондорго жеңилип, бирок Түркстан көтөрүлүшүн кандуу түрдө баскан падышалык Орусиянын сарайында кызматка аттанган генерал Куропаткиндин жоокерлери менен үзгүлтүксүз салгылашкандарын жазган. Мында кыргыздар кѳтѳрүлүш чыгарууга даяр экенин билдирип, беш түрктүн жетекчилик кылуусун сунушташканы айтылат (бирок бул маалыматты башка булак менен тастыктоо азырынча мүмкүн эмес). Атүгүл чөлкөмдө жети миңдей куралдуу кыргыз бар экенин кабарлашат.

Алар эң күчтүү аскер тобун Ысык-Көлдүн айланасында топтошкон. Ал жакта кыргыздар кѳтѳрүлүш чыгара баштаган кез.Алар жеңилип калбашы үчүн жардамга аттанышат.

Согуш боюнча аскердик кеңеш түзүшөт.

Бардык маанилүү иш-аракеттер ушул кеңештин чогулушунда каралмай болот. Алардын арасында Шабдан баатырдын уулу Хисамүдүн (Исамүдүн) да болот.

(Бул маалымат кыргыздар боштондук кыймылын өздөрү эл жетектешкенин айгинелейт).

Алгачкы кадамдары орус кыштактарын басып кирүүдө болгон.

Түн ичинде орус ок-дары курал-жарак камптарын басып кирип курал алышат. Ар бир иш-чараларын жашыруун жүргүзүшөт. Бир жума үзгүлтүксүз айланадагы кыштактарга чабуул жасашат. Жети-Суу облусундагы курал-жарак коюлган кампаларды бүлгүнгѳ учуратышат. Бир да кыргыз атчаны куралсыз калбашы үчүн аракет жасалат.

Автор Адил Хикмет Бейдин берген маалыматы боюнча, алиги беш түрк кыргыздар менен кайсы жерде чогулуп, кеңеш кураарын да такташып турган. Натыйжада кыргыз аскерлери Ысык-Көлдө топтолуп, жетекчиликке Шабдан баатырдын уулу Хисамүдүн менен беш осмон түркүн дайындашат. Орустарга каршы күчтөрүнүн жетпей турганын билген соң алгач түндөрү алардын курал жарак койгон кампаларын тоной башташат. Натыйжада көптөгөн кыргыз куралдуу болот.

Кээ бир бай кыргыздар бардык байлыгын аскерлердин куралданышына сарпташат. Буга эң мыкты өрнөк - Шабдандын уулу Хисамүдүн эмгекте бардык мүлкүн көтөрүлүшкө сарптаган каарман катары баяндалат (Adil Hikmet Bey. Asya’da Beş Türk. İstanbul, 1999. Ötüken yay. 299-б.).

Көтөрүлүшчүлөргө каршы генерал Куропаткиндин жетекчилигинде орус аскерлери жолго чыгат. Бирок Куропаткин беш осмон түркүн жазалоо үчүн туткундай альай калган соң, аларды кармоо боюнча атайын билдирүүсүн гезиттерге жарыялатат.

Автор Адил Хикмет Бей аталган билдирүүнү төмөндөгүдөй баяндайт:

«Жети-Суу облусундагы беш түрк ар кандай ушак-айың таратты. Орусия падышачылыгы менен калкынын тынчтыгы маанилүү. Калкынын кайгысы - мамлекеттин кайгысы. Азыр баш-аламандыктан калк кордук көрүшү мүмкүн. Мындай абал биздин бүтүндүгүбүзгө жат келген көрүнүш. Падышалык бизге буйрук берет. Падышалыкка каршы чыгып жаткан беш түрктү кармап, өкмөткө алып келген адамга ар бир түрк үчүн он миң сом берилерин туура көрдүк. 15-декабрь, 1916-жыл. Генерал Куропаткин» (Adil Hikmet Bey. Asya’da Beş Türk. İstanbul, 1999. Ötüken yay. 218-б.).

Бул билдирүүнүн чагатай түркчө тексти эмгекте баяндалат. Текст Орто Азия калктарынын чагатайча орток жазма тилинде жатык түрдө жазылганы көрүнүп турат.

Худанын фазыл ве инайетини билен (иле) биз Николай импаратор хем (ве) бүтүн Русйанын мүстакил падитшахы Сарполски кыняз Филандески ве гайры ве гайрылар:

«Йедису вилайетинде булунан беш түрк тынчсызлык ве фитнелер бизнин жеракини хор хасрет илен туттурдулар. Русйа падишыханын бахт ве саадети халк ве жемаатнин бахт ве саадети билен (иле) үзүлмек бирликте туташкандыр. Халкунун кайгу ве хасрети анын (онун) кайгу ве хасретидир. Хазыр чыккан тунучсузлук, тертипсизликлерден ихтимал бир хор жемаат тертипсизлиги пейда болур. Хем де бизнин шаханенин бирлик ве бүтүнлүгүне хавф ве хати келүрю. Падишахлык хидметинде хор ахд ве незримиз бизге эмир кыладыр. Бүтүн күч, куввет ве акыл тасарруфумуз илен падишахлыкка хавф ве херетли (зарарлы) булунган фитне ве игвааты (йолдан чыкармалары) басуга ижтихад кылурга керек бу беш түркү ушлаб, колларыны баглаб правленияга (хүкүмете) теслим кылган адамна ве бехер түркнин серине (башына) он миң сом берүрге лазым ве ла-бүдд (герекли) гөрдүк.

2 Канун-и эввел (15-декабрь) 1916. Генерал Куропаткин».

Көтөрүлүштөгү кыргыз атчандары тууралуу

«Кыргыз атчандары үзѳңгүнү теминишти. Куралданышты. Күтүүсүздѳн айланага калың чаң көтөрүлдү. Кыргыз атчандары тѳрт флангдан атылган окко карабай чаап баратышты. Аттардын кишенегени угулбай баратты. Биздин атчандарыбыз алда канча алдыга кеткен болчу. Болгону күндүн нурлары кыргыздардын найзаларына тийип, жалтырап кѳрүнүп жатты».

Анатолияга көчүү маселеси

Беш түрк бир күнү Шабдан баатырдын уулу Хисамүдүн мырза менен Ахмет мырзанын Кучардан Хотенге келгендиги тууралуу кабар алышат. Эмгектеги маалымат боюнча Хисамүдүн Орусияга каршы согушта бардык мал-мүлкүн ага арнаган бир түрк каарманы, баатыры эле.

Хисамүдүн мырза кыргыздардын узак убакытка чейин Кытайда кала албастыгын, Ооганстан жана Иран аркылуу Анатолияга көчү маселесин кеңешүү үчүн беш түрккө келет.

Кыргыздар Анатолияга көчүшү керек беле?

Бул маанилүү маселе болчу. Жөнөкөй, эмгекчил, жакшы мүнөз жана бекем элдин Түркияга жайгашуусун ойлоп көрүү керек болгон. Айрыкча кыргыздарды чыгыш Анатолиядагы тоолуу аймактарга жайгаштыруу Осмон султандыгы (Түркия) үчүн чоң пайда алып келмек. Кандай болгон күндө да эки армян кыштагынын арасына үч кыргыз кыштагын жайгаштыруу армяндардын ойлоруна чекит коюу болмок.

Анатолиянын чыгыш областтарында жашаган күрттөр шайыктардын колунда оюнчук сымал болгондуктан буга чейин Түркияга маселе жаратып келген. Кыргыздар көчүп баруу менен аларды дагы буттарынан тушамак. Булар иштин саясий тарабы...

Кантип көчүшмөк?..

Хисамүдүн мырза бир кеч өз долбоорун алып келип беш түрккө сунат. Мында кыргыздарга:

- Анатолияга карай бет алгыла! - десе гана жетиштүү эле.

Булар дос жана тууган Ооганстан жана Ирандан өтүп, аттары, мал-мүлктөрү менен жолго чыгышмак. Негизинен тоодо, кырда жашаган кыргыздардын көч маселеси боюнча чоң проекттер түзүүнүн да кажети жок болчу. Өкүнүчтүү тарабы, ал чакта мындай иш мүмкүн эмес болчу. Түркия (ал кезде Осмон мамлекети) согуш ичинде болгон кез. Бул көч ал кезде ачкачылык менен токтомок.

Хисамүдүн мырза:

“Кыргыздарды бул жерден Анатолияга көчүрүү менен аларга дагы өзүбүзгө дагы кызмат кылган болмокпуз. Кыргыздар кайраттуу жана эмгекчил келет. Өндүрүштө кыска убакытта ийгиликке жетишмек. Бул жерлерден Анатолияга башка калктардан да кете алат. Мисалы, Хотендеги, Кашгардагы жана Алтышаардагы калкты көчүрүү абдан оңойго турмак. Кытай өкмөтү мындай көчкө тоскоол болууну ойлоп да коймок эмес...хотендиктер килем токуу менен атагы чыккан. Алар Анатолияга баруу менен ал жердеги килем токуу тармагын дагы да байытмак деген сунушун берген.

Хисамүдүндүн айтканын кабыл алышкан эмес. Ал чакта маселени канааттандырарлык деп кабыл алуу мүмкүн эмес болчу. Балким согуштан кийин болушу мүмкүн эле. Александр Керенскийдин амнистиясынан (кечириминен) кийин кыргыздардын мекендерине кайтууларын туура көрүшкөн.

Автор Жети-Суу көтөрүлүшүн абдан ирети менен ачыктап жазган. 1914-жылы Орто Азияга келген жана Жети-Суу көтөрүлүшүнө катышкан беш осмон түркү тууралуу архив материалдарына көз жүгүртүү зарыл. Архив даректеринен сырткары беш осмон түркү тууралуу баяндаган Кытайга чейин көтөрүлүштө барып келгендердин айтуусунан да кабарларды алууга болот.

Кыргыз филологу, тилчи Хусаин Карасаев 1916-жылы Кытайга ата-энеси менен качып, кайрадан Кыргызстанга Ысык-Көлгө кайтып келгендердин арасында болгон. Анын айтымы боюнча Кытайга бараткан кезде Самыйбек (Селим Сами Бей) аттуу осмон түркү менен жолугушкандарын, кыргыздар менен чогуу беш осмон түркүнүн көтөрүлүштө жетекчилик кылышкандарын, кыргыздардын беш түрктөн Самыйбек аттуусунан таасирленгендерин, ошол жылы дүйнөгө келген эркек балдардын атынын Самыйбек болгонун жазып өтөт.

(1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө. Кусеин Карасайуулу. Үркүн. 1916. Тарыхый-даректүү очерк. 1993. 211-б.).

Мындан сырткары кыргыздын тунгуч тарыхчыларынын бири катары таанылган жана 1916-жылкы көтөрүлүшкө катышкан Белек Солтоноев өз эмгегинде Самыйбек аттуу жетекчилери менен үч-төрт сандагы түрк Кулжада Мусабаев аттуу уйгур менен жолугушат. Алар көтөрүлүшкө чыккан кыргыздар менен чогуу күрөшкө катышууну каалагандар эле, - деп берет (1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндө. Кусеин Карасайуулу. Үркүн. 1916. Тарыхый-даректүү очерк. 1993. 181-б.).

Орто Азиядагы беш түрк тууралуу бир гана эскерүүлөрдө эмес, кээ бир архив даректеринде да маалыматтар кездешет. Алсак, «Жети-Суу турмушу» («Семиреченская жизнь») гезитиндеги маалымат боюнча, көтөрүлүшчүлөрдүн колуна түшүп, кайрадан куткарылгандардын билдирүүсү боюнча көтөрүлүшчүлөрдү түрк генерал жана эки европалык жетектеген, - деп айтылат (КМБА. Фонд. 75., опись 1., 11 лист, 4-бет.).

Жети-Суу облусунун башчысы менен Түркстан генерал губернатору Куропаткин көтөрүлүшкө катышпагандарды да кыргынга учуратууда себепкер болгон адамдар эле. Орус аскерлеринин колунда замбиректер болсо, жергиликтүү калктын колунда найза, таяктар болгон. Жусуп Абдрахмановдун берген маалыматына караганда көтөрүлүшчүлөрдү, жада калса көтөрүлүшкө катышпагандарды да кекилик терип аткандай өлтүрүшкөн (Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү жөнүндө. Жусуп Абдрахманов. Үркүн. 1916. Тарыхый даректүү очерк. Бишкек, 1993. 42-б.).

Бул жерде көтөрүлүшчүлөрдү орус аскерлеринин куралдуу күчү менен салыштырууда мүмкүн эместигинен сырткары алар борбордошкон бир жетекчилик формасында жүргүзө алышпаганы да өзгөчө кемтик тарабы болуп саналат.

Түркстан көтөрүлүшүндө Жети-Суу, колониалдык саясаттын жер маселесинде эң маанилүү чөлкөмгө айланган. Бройдонун ою боюнча көтөрүлүш Орусия империясынын жергиликтүү калкын тукум курутка алып барган жерлерди бошотуу, тартып алуу саясаты эле.

(1916-жылдагы кыргызкөтөрүлүшүнүн тарыхына материалдар. Г.И. Бройдо. Үркүн. 1916.Тарыхый даректүү очерк. Бишкек, 1993. 97-б.).

Баялы Исакеевдин ою боюнча жергиликтүү калктын жерин алууда Орусия империясынын үч негизги максаты болгон. Биринчиси орус дыйкандарына жер бөлүштүрүп берүү, экинчиси, Түркстан жер асты табигый кен байлыктарын пайдалануу, үчүнчүсү болсо колониалдык саясатын жүргүзүү болгон (1916-жыл. Баялы Исакеев. Үркүн. 1916. Тарыхый даректүү очерк. Бишкек, 1993. 101-б.).

1916-жылкы Түркстан көтөрүлүшүнүн узак убакытка созулган жери Жети-Суу аймагы болгон. Көтөрүлүштүн экинчи аты үркүн деп аталаары баарына маалым. Анткени Орусия империясына каршы чыккан жергиликтүү калкты кыргынга учуратканда аргасыздыктан жерин таштап Кытайга качуу мажбурдугунда калышкан. «Үркүн» аталышы Түркстан көтөрүлүшүнө берилген экинчи ат катары аталуу менен бирге аталган сөз XI кылымда жашаган Кашкардык Махмуддун «Дивану лугат ат-түрк» эмгегинде жана аны которгон Аталай: үркүн душмандан улам калкта пайда болгон үркүү, чептерге жашынуу, жайгашуу деп ачыктайт.

(Divanu Lugat-it-Türk Dizini “Endeks”, IV. Baskı. Çeviren Besim Atalay. Ankara, 1991, Türk Dil Kurumu Yayınları: 524, 715-б. Караңыз: Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7).).

Үркүн сөзү Юдахиндин ою боюнча кыргыздарда эки мааниде колдонулат. Биринчиси, 1916-жылдагы калктын качуусуна берилген аталыш, экинчиси болсо качкандар, же болбосо 1916-жылдагы көтөрүлүштөн качкандар маанисинде колдонулат (Киргизско-русскийсловарь / Составил: Юдахин К.К. Москва, 1985. 325-б.). XX кылымдын башында 1916-жылкы көтөрүлүш колониалдык саясаттын соңу жана XX кылымдын башындагы улуттук трагедия катары таанылып келет.

Беш түрктүн кийинки тагдыры

Беш осмон түркү 1917-жылы Кучарга барышкан. Россия менен Кытай буларды кармоо аракетин жасашат. Түрктөр 1918-жылы 29-июнда Шанхайга келген учурда түрктөрдү англичандар издей баштаган кез эле. Беш осмон түркү англичандардын өздөрүн куткаруу максатында бешөө беш башка жол менен Түркияга сапар карытышат.

Селим Самыйбек жана Ибрагим 1920-жылы 13-апрелде Манчжурия аркылуу Россияга, Адил Хикмет менен Хусеин 14-апрель 1920-жылы Жапониядан кеме менен Гамбургга, Эмруллах болсо Ооганстан, Батуми, Трабзон аркылуу 19-июль 1919-жылы Стамбулга келишкен. Автор болсо 23-март 1921-жылы Стамбулга кайтып келген.

Эмгектеги кыргыздардын экономикасы тууралуу маалымат

Эмгек көтөрүлүштөн сырткары кыргыздардын социалдык жана экономикалык абалы тууралуу да маалыматтарды берет. Алар Индиядан Чыгыш Түркстанга Памир аркылуу өткөндүктөн кыска убакыт болсо да памирдик кыргыздардын арасында калышкан. Алардын маданияты, күндөлүк жашоо турмушу тууралуу маалыматтарды алышат. Мисалы,койлорунун топроктордой чоң болгонун, кышта үй жаныбарларынын карды жиреп оттогондорун өз көздөрү менен көрүшкөнүн жазат. Памир кыргыздарынын койду кескенге чейин «омийин» деп бата кылгандарын, койдун башын да бышырып дасторконго коюшкандарын, аны коноктордон эң улуусуна жана сыйлуусуна берилерин да баяндап жазган.

(Adil Hikmet Bey. Asya’da Beş Türk. İstanbul, 1999. Ötüken yay. 93-б.).

Беш түрк Памирден Ташкоргонго (Кытайда) баратып кыргыздарга жолугушат. Кыргыздардын атүйүрлөрү, кой жана топоз кармаганын, жакырларынын эт менен күн көргөнүн, байларынын болсо Кытай базарларынан шекер, ун, күрүч, арпа сатып алгандарын, эттен чучук жасашаарын, бээнин сүтүнөн кымыз жасашканына күбө болушат. Айрыкча капканга түшкөн бүркүттү коё беришкенин, ал капкандын кыргыздарга тиешелүү экенин жазат.

(Adil Hikmet Bey. Asya’da Beş Türk. İstanbul, 1999. Ötüken yay. 104-б.).

Булкыргыздарда мүнүшкөрлүк кесибинин бар экенин айгинелөөчү жөрөлгө. Ал мезгилдерде осмондуктарга Орто Азия калкы «Стамбул түрктөрү» деп аташкан. Балким Орто Азиядан Меккеге ажылык үчүн сапар тарткандар Стамбул аркылуу баргандыктан улам аталган шаар калктын арасында жакшы таанылчу. Автордун айтымы боюнча осмон түрктөрү Анжиянга келген чакта алар туурасында жергиликтүү калк гезиттерден кабар алганын, памирдик кыргыздарды көз каранды эместик үчүн үгүттөшкөндүгү туурасында айтышат. Демек, ошол мезгилде орусча жарыяланган гезиттерде бул беш осмон түркү туурасында маалыматтар сөзсүз кездешет деп айтууга болот. Булар айрыкча Россиядагы архивдерде беш осмон түркү тууралуу маалыматтар бар болушу керек деген тыянак чыгарууга болот.

Эмгектеги кыргыздардын маданияты тууралуу маалымат

Эмгекте бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келген кыргыз үрп-адат, када салттарынан да баяндалат. Алар капысынан бир кыргыз боз үйүнүн бурчунда бир аялдын ыйлап жатканын көрүшкөнүн, көрсө аялдын атасынын кайтыш болгонуна бир жыл өтүп, анын ашы же болбосо жылдыгы болуп жаткандыктан кошок айтып отурганын билдирет. Аны көргөн осмон түрктөрүнөн Ибрахим мырза тиз чөгүп, Курандан сүрө окуй баштайт. Аял ыйлаганын токтотуп, отуруп калат. Аял ордунан туруп, казандын ичиндеги карды ээритип, чай даярдай баштайт.

(Adil Hikmet Bey. Asya’da Beş Türk. İstanbul, 1999. Ötüken yay. 97-98-б.).

Кыргыздардын тамак-аш салтында кымыздын өзгөчө орду бар. Автор кымыз бээ сүтүнөн жасалып, XX кылымдарда көптөгөн ооруларга шыпаа экени, натыйжада кыргыздардан башка калктар кымыз алып ичкенинен кабар берет. Айрыкча көк жөтөлгө дары экенин, атүгүл орус калкы да алып ичкенин баяндап өтөт.

(Adil Hikmet Bey. Asya’da Beş Türk. İstanbul, 1999. Ötüken yay. 101-б.).

Осмон түрктөрү Памир кыргыздарынан башка азыркы Кыргызстан аймагындагы Ысык-Көлдүк кыргыздар менен жолукканда эки аймактагы кыргыздардын үй маданияты жана интерьерлери оп-окшош экенин жазып өтөт. Кыргыздардагы бозүй негизги турак катары саналып, андагы оң тарап эркекке тиешелүү же эр жак, сол тарабы болсо аялга тиешелүү болуп эпчи жак аталаарын, мындан башка бозүйдүн ичи конок отуруучу жай жана ашканага бөлүнөөрүн жазат.

Беш түрк Ысык-Көлгө келген чакта бозүйдөгү адамдар чабалекейдей эки жакка чуркап жатканын, чуручууга туш келгендерин, натыйжада ал үйдүн бир уулу дүйнөгө келгенин жана ага коноктор ат коюусун суранганда Тургут атын ыйгарышканын жазган. Кыргыздарда арап, перс адам аттары болгонуна карабастан айрыкча Тургут аты эч кездешпеген көрүнүш. Бүгүнкү күндө Ысык-Көл аймагында Тургутов же Тургутова фамилиясы менен адамдар бар болсо, 1916-жылында дүйнөгө келген жана беш түрк койгон чоң атасынын аты болуп саналаары шексиз.

Бул жерде дагы бир көңүлдү бурган нерсе төрөгөн аял дароо ордунан туруп, түрк конокторго тамак даярдаганына күбө болушат.

(Adil Hikmet Bey. Asya’da Beş Türk. İstanbul, 1999. Ötüken yay. 194-б.).

Кыргыз маданиятында комуз музыкалык аспабы дайыма негизги орунду ээлеп келген. Беш осмон түркү Жаныбек аттуу кыргыздын үйүндө конок болгон чакта, үйдүн ээси комузду колго алып күүлөрдү черткенде кадимки Анатолия ыргактары алардын көз алдына келет. Кытайга үркүндө качкан кезде да кээ бирлеринин колунда комузу менен кеткени, жолдо комуз чертип дартын күүгө, сөзгө келтиргендери эмгекте баяндалат.

Корутунду

1916-жылкы көтөрүлүш тарыхый окуялардын ичинде дайыма актуалдуулугун коргоп келе жаткан тынымсыз изилдөө айлампасына айланган темалардын бири. Орто Азия мамлекеттеринде жылына тынымсыз көтөрүлүшкө байланышкан конференциялар, илимий чогулуштар өткөрүлүп келет. Чохан Валиханов атындагы тарых жана этнология институту Алматыда 2010-жылы "1916-жылкы улуттук күрөш: өтмүшү жана азыркы учур" (Национально-освободительное движение 1916 года. История и современность, Алматы, 2010) аталышында эл аралык конференция өткөргөн. Мындай илимий конференциялар Кыргызстанда да өткөрүлүп келет.

2010-жылдын август айында мамлекеттик масштабда илимий конференция өткөрүлгөн. Мындагы максат, тарыхый окуяларды изилдөөдө жаңы маалыматтарды алуу, көтөрүлүштүн негизги себептерин, жүрүшүн, мүнөзүн аныктоо менен кайрадан жаңы тыянактарга баруу болуп саналат. Анткени 1916-жылдагы көтөрүлүш улуттук боштондук күрөш, колониалдык саясатка каршы күрөш, согушка каршы кыймыл (Биринчи дүйнөлүк согуш тууралуу сөз болуп жатат), империализмге каршы күрөш, феодализмге каршы кыймыл же үркүн деген ар кандай аталыштар менен аталып келүүдө.

1916-жылкы көтөрүлүштүн тарыхы темасын изилдөөдө жаңы булак катары кызыгуу туудурган эмгек – жогоруда таразаланган «Азияда беш түрк» аттуу эмгек болуп саналат. Аталган эмгек көтөрүлүш жана ал мезгилдеги кыргыз-түрк байланыштары тууралуу бир кыйла кызыктуу маалыматтарды сунат.

Роза Абдыкулова,

тарых илимдеринин кандидаты.

Бишкек ш.

Тектеш

XS
SM
MD
LG