Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Eurovision-2014: ыр менен чымчылашуу


Орусиядан "Евровидение-2014" сынагына эже-сиңди Толмачевалар катышат.
Орусиядан "Евровидение-2014" сынагына эже-сиңди Толмачевалар катышат.

“Евровидение” ыр сынагы быйыл Даниянын борбору Копенгагенде өтөт. Алтынчы жана сегизинчи майда өтө турган жарым финалда сынактагы эң мыкты 16 ырчы аныкталат.

Украинанын намысын “Евровидение” сынагында “Тик-ток” деп аталган чыгарма менен Мария Яремчук коргойт.

Алгач өлкө ичинде өткөн сынакта Яремчуктун атаандаштары өз чыгармалары аркылуу “Евровидениенин” сахнасын Орусияга каршы колдонууну көздөшкөн.

Бирок Копенгагенге жолдомого жеткен Яремчуктун ырында эч кандай саясат аралашкан эмес, бир гана махабат бар.

Мариянын атасы, маркум Назарий Яремчук Украинада элдик ырларды ийинине жеткире аткарган белгилүү ырчы болгон. Мария болсо өз мекениндеги акыркы окуялар аябай ойлонтуп жатканын “Азаттыкка” мындайча билдирди.

- Албетте, биз командабыз менен өлкө үчүн, үйдөгүлөр үчүн сарсанаа болуп жатабыз. Бул биздин даярдыктарыбызга дагы таасирин тийгизип жатат. Ошого карабай биз алдыга, жеңишке умтулабыз.

Британиялык окумуштуу, сынактын ашынган күйөрманы, “Доктор Евровидение” деген каймана атка ээ болгон Павел Жордан аткарыла турган чыгармаларга мүнөздөмө берип жатып:

- Тагдырдын тамашасын кара, Мария Яремчуктун ырынын аталышы “Тик-Ток” деп аталып калганын карбайсыңарбы. Өлкөдөгү кырдаалды эске алсак, бул дүрмөттөлгөн бомбаны элестетет. Орусия тескерисине эл аралык коомчулуктун алдында жумшак көрүнгүсү келгендей. Анткени азыр Москва сынактын алкагында дагы катуу сынга кабылууда. Бир эле Украина үчүн эмес, кумсаларга каршы жасаган иш-аракеттери үчүн дагы. Ошол себептен Орусия татынакай эки назик өспүрүм кызды жиберүүнү туура көрдү. Анткени “Евровидениенин” күйөрмандарынын арасында ЛГБТлар көп жана алар бул кыздарга каршы эч нерсе айта алышпайт,- деди.

Жордан айткандай эле Орусиядан Данияга 2006-жылы “Балдар Евровидениесин” жеңип алган эже-сиңди Толмачевалар барат. Жүзүнөн жылмаюу кетпеген эки назик кыздын ыры “Шайн” (Shine) деп аталат.

Орус кыздардын ырында эч кандай саясат жок болсо дагы, андагы “араң жашашат, кылмышка жакын, алдыга кадам жасаш үчүн чийинден өт” деген саптарды байкоочулар түздөн-түз Украинага байланыштырат.

“Евровидениенин” уюштуруучулары конкурсту саясаттан алыс кармоого аракет кылып, “Европалыктарды бир үй-бүлөдөй чогултуп, ыр майрамын өткөрүү” башкы максат деп кайталап келишет.

Ошентсе дагы Павел Жордан уюштуруучулар каалашса дагы, каалашпаса дагы сынак баары бир саясий түс аларын жашырбайт:

- Албетте бул телевизиондук шоу, жана бул жерде Украина же Орусия эмес, маселен, Грециянын аткаруучусу мыкты деп табылып калышы мүмкүн. Бирок саясатташуу болот жана бул добуш берүүдө ачык байкалат.

Байкоочу 2005-жылы Украинада “саргылытым ыңкылап” болгондо, Орусия коңшусуна эки эле балл берип койгонун, андан мурда ар дайым жогорку баллдарды ыйгарып жүргөнүн эске салат. Сынактын аткаруучу супервайзери Йон Ула Сан крымдыктардын добушу Украинаныкы болуп эсептелинерин билдирди.

Сынактын баштапкы эрежелери боюнча өлкө өз ырчысына добуш бере албагандыктан, адатта коңшусуна марттык менен колдоо көрсөтүшөт.
Мындай коңшуну колдоо тенденциясы аябай күчөп кеткендиктен, 2009-жылы уюштуруучулар калыстар тобун киргизүүгө мажбур болушкан. Ошондон бери элдин добушу дагы, калыстардын баасы дагы теңме-тең эсептелинет.

“Евровидение” быйыл Даниянын баш калаасы Копенгагенде 59-жолу өтөт. 10-майда өтө турган финалда 16 ырчы кийинки 60-жылдык юбилейлик сынакты өз өлкөсүндө өткөрүү үчүн болгон өнөрүн, күчүн жумшашат.

XS
SM
MD
LG