Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

"Евровидение-2010": Германия жеңди


Лена - сынактын жеңүүчүсү
Лена - сынактын жеңүүчүсү

“Евровидение-2010” конкурсу кечээ түнү Норвегиянын борбору Ослодо өттү. Быйыл бул сынакта 19 жаштагы германиялык ырчы Лена Мейер-Ландрут “Сателлит” деген ыры менен баш байгени утуп алды. Бул – Германиянын “Евровидение” тарыхындагы экинчи утушу.

Сынакка жалпысынан 25 мамлекеттин ырчылары катышкан. Өспүрүм кыз Лена конкурста жеңгенине көпкө чейин ишене албай турду.

“Добуштар саналып жаткан учурда бөлмөдө отургандардын баары мага: “Лена, биз жеңдик!”, - деп кыйкыра башташты. Мен ага ишене албай турдум. Анткени добуштардын санагы бүтө элек болчу, - дейт ал. - Биз жеңебиз деп ойлогон эмесмин. Ошондуктан бул аябай башкача сезим болду”.

Евровидениеге чейин дээрлик белгисиз ырчы ошентип заматта дүйнөгө атагы чыккансыды. Анткени бул конкурсту дүйнөдө миллиондогон адамдар көрөт. Былтыр, мисалы, Евровидение Москвада өткөндө аны телевизордон 125 млн. адам көргөн.

Лена өзү финалга өткөнгө чейин бул конкурска катышып жатканын досторунан да жашырып жүргөн экен. “Эгер мен сынактан чыгарылып калсам, досторум күлүп жүрүшпөсүн дедим”, - дейт ал. Немис кыздын жеңишин көптөр анын ырынын же үнүнүн өзгөчөлүгү менен эмес, жаш, энергиялуу, өтө динамикалуу аткаруусу менен байланыштырышууда.

Лена өзү да бул ырды оңой эле аткарганын, бирок өтө толкунданып ырдаганын мойнуна алды: “Билбейм... Мен аткарган ырды ырдоо анча деле кыйын эмес. Бирок чоң сахнага чыккандын өзү канчалаган эмоцияны, айтып жеткиргис сезимдерди жаратты”.

Көпчүлүк "жеңет" деген азербайжандык Сафура бешинчи орунду алды
Бул немистердин “Евровидениедеги” алгачкы жеңиши эмес. Буга чейин 1982-жылы Николь деген ырчы да Германияга утуш алып келген.

Экинчи, үчүнчү орундарды Түркия менен Румыниянын ырчылары алышты. Конкурстун алдынан көптөгөн сынчылар бул ирет Азербайжандан барган ырчы Сафура баш байгени утат деп ойлошкон. Анын аткаруусундагы "Drip-Drop" ыры сынчылардын купулуна толгон эле. Бирок Сафура бешинчи орунду гана алды. “Евровидениенин” дагы бир күчтүү үндөрүнүн бири делген армениялык Ева болгону жетинчи орунга илинди.

“Евровидение” 1956-жылдан бери уюштурулуп келатат. Бирок соңку экономикалык кризистин айынан анын бюджети бир аз кыскарды. Мисалы, былтыр Орусия аны өткөрүүгө 43 млн. доллар коротсо, быйыл Норвегия 32 млн. доллар сарптады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG