Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Түркияда бекер билим алуунун жол-жобосу


Стамбул университети
Стамбул университети

“Азаттык” мындан ары апта сайын чет өлкөлөрдөгү мыкты университет, окуу жайлардан билим алуу, аларга тапшыруунун жол-жоболору тууралуу жазып турмакчы. “Чилистен” берүүсүнүн алгачкы чыгарылышында Түркияда кантип бекер билим алуу керектиги жөнүндө кеп болот.

Түркияда жогорку билим алган студенттердин дээрлик бардыгы мыкты компанияларда, жакшы маяналуу жумуштарда иштейт. Түркияда билим алуу үчүн кайсы сабактарды жакшы окуп, кайсы кесиптерди тандоо керек?

Рита Исмаилова докторлук диссертациясын Түркиядагы белдүү университеттердин биринен жактаган. Ал азыр Кыргызстандагы мамлекеттик веб-сайттардын коопсуздугун көзөмөлдөөчү криптограф кесибинин ээси. Эл аралык университеттердин биринде студенттерге сабак берип эмгектенүүдө. Рита айымдын айтымында, Түркияда жогорку окууну бүткөндөр жумуш издөөдөн көп деле кыйналбайт.

- Мен Түркиядан докторантураны бүтүп келгем. Кыргызстанда азыр эл аралык университеттердин биринде мугалим болуп иштеп жатам. Түркияда окууну бүткөндөр бул жактан деле, Түркиядан дагы оңой эле жумуш табышат. Себеби, алар биринчиден, бири-бирин таанып, Түркиядагы ири компаниялар менен да тыгыз байланышта болушат. Экинчиден, алардын адистиктери, алган билими жакшы. Ушундан улам Түркияда билим алуунун артыкчылыктары көп.

Рита Исмаилова
Рита Исмаилова

Башка чет өлкөлөрдүн арасынан Түркия кыргызстандык студенттерге акысыз жана толук стипендиялуу билим алуу үчүн эң көп орун бөлгөн өлкө болуп саналат. 2013-жылы түрк мамлекети 125 кыргызстандык үчүн акысыз билим алууга жолдомо ачкан. Документтерди кабыл алуу ар жылы март-апрель айында башталып, кирүү сынактары май айында жергиликтүү жогорку окуу жайларда өткөрүлөт. Мындан тышкары жалпы республикалык тесттин жыйынтыгы менен да кабыл алган түрк университеттери бар. Бирок алар 160 баллдан жогору алган гана кыргыз студенттерин тандашат. Бир нече жыл Түркиядагы окуу жайларга тапшырган абитуриенттерге кеңеш берип иштеп келген Нуреттин Аксу Түркиядагы жогорку окуу жайга өткөн абитуриенттерге берилүүчү артыкчылыктарды мындайча санады:

- Түркиядагы университеттерден акысыз билим алуу үчүн сынактар мурда апрель айында болчу, быйыл май айында өттү. Магистратура жана бакалаврга тапшыргандар сынакка чогуу киришти. Окууга өткөн абитуриенттин бардык чыгашаларын түрк мамлекети төлөйт. Бул чыгаша тизмесине эмне кирет? Студенттин Түркияга баруучу жана окууну бүткөндө кайтып келүүчү учак билети, жатакана, тамак-аш акысы, китеп-дептери ошондой эле студентке айына 600 түрк лирасы өлчөмүндө стипендия берет, бул болжол менен 200 АКШ долларына барабар.

Талаптар

Бул өлкөдө билим алуу үчүн кандай талаптар коюлат? Биринчиден, окууга тапшырган киши Түркиянын атуулдугун албашы керек жана бул өлкөдөгү башка окуу жайда катталып же окуп жаткандар да сынакка катыша албайт. 1994-жылдан кийин туулгандар да кабыл алынбайт. Англис тили боюнча билимин тастыктаган эл аралык TOEFL сертификаты барларга артыкчылык берилет, ошондой эле Кыргызстандагы жалпы республикалык тесттен жогору балл алгандар да түрк ЖОЖдоруна оңой өтө алышат. Ал эми магистратурага тапшыруучулар 30 жаштан улуу эмес жана докторантурага тапшыргандар 35 жашта болууга тийиш. Бардык абитуриенттердин аттестат же дипломундагы баасы жалпы орто баанын 75 пайызын түзүшү зарыл, башкача айтканда, канчалык "4" жана "5" деген баасы көп болсо ошончолук өтүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Саламаттыгы мыкты болуп, аны тастыктаган документтери да талап кылынат.

Тил билүү шарт эмес

Нуреттин Аксунун айтымында, абитуриенттин түрк тилин билүү деңгээли бул жакта алган тил курстарындагы сертификаттар аркылуу эмес, өткөн окуу жайы тарабынан текшерилет. Андыктан жалпы орто мектептен алган билимиңде жогорку көрсөткүч маанилүү болуп, ашыкча тил курстарына баруунун пайдасы азыраак:

Фатих университетинин студенттери. Түркия
Фатих университетинин студенттери. Түркия

- Эгерде түрк тилин мыкты деңгээлде билсе, анда бир жыл алдыга жылып, даярдоо курсун окубай эле дароо биринчи курска отурат. Бирок Бишкектеги ТÖMER сыяктуу түрк тилин окутуучу курстар берген сертификат жетишсиз. Ар бир университет өзүнчө түрк тилин билүү деңгээлин текшерген сынак өткөрөт. Студент түркчө билем деп окууга кирип алып, жалпы сабактардын баары түрк тилинде болуп, түшүнбөй калса анда жок жерден эле убактысын коротуп алат.

Түркияда окуган студенттердин дагы бир артыкчылыгы маданий жана тарыхый жакындыктан улам алар тез эле Түркияга көнүп, тыңыраактары жайкысын Анталия сыяктуу курорттук шаарлардан жумуш таап алышат. Ал эми окуусун мыкты бүтүргөн студенттердин Түркиянын ири компаниялары алгач стажировкага барып, анан жакшы маяналуу жумушта иштеп калган учурлары өтө көп кездешет. Түркияда азыр билим алууга кеткен кыргыз жаштарынын көбү компьютердик программалоо, гуманитардык илимдер багытында жогорку окуу жайларга өтүп жатышат. Мындан тышкары экономика, туризм жана менеджмент адистиктери боюнча билим алган жаштарыбыз да арбын.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG