Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:32

Бизди кечиргиле...


Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

... Бүгүн Аза Күтүү Күнү!

2020-жылдын июль айынын акыркы күнү ушинтип силерди жоктоп, дагы бир жолу сыздап, боздоп, көз жашыбызды төгүп, арбагыңарга Куран окуп калчу күн болуп калат деп үч уктасак түшкө кирген жок эле.

Көрсө бир ажалга миң өмүр да туруштук бере албайт экен. Ошон үчүн Ажал Улук деп коюшкан турбайбы.

“Азаттыктын” атынан силерден кечирим сурайбыз.

Ооруканалар албай... Канттан Бишкекке... Ал албай андан Фучикке, ал албай Гансиге, Ганси да албай аргабыз түгөп турганда “алар албаса мен алам!” деп маңдайыбызда Ажал турганда, айлабыз алты кетип, күндө эле эстей бербеген Кудайды ошондо эстеп, чымындай жанын сактап кала көр деп, кайра-кайра жалынып, тыбырап турганда... Арман-ай!.. Колуң менен көкүрөгүңдү тыткылап, кармарга эч нерсе таппай бет алдыңды тыткылап, машинанын отургучун тыткылап... аба таппай... аба сурап, бир эле кере дем алганга бир татым аба сурап, бир ууртам аба сурап, туулган жериңдин, Ала-Тооңдун, кыргыз жериңдин бир дем тартар абасына зар болуп... жан кыйган бойдон кете бергениңер үчүн дагы бир жолу силерден кечирим сурайбыз!

Кудайдын абасын “алып” бере албаган алсыздыгыбыз үчүн кечирим сурайбыз!

Дагы шүгүр дейли, кезинде Советтер союзу салып берген, салып бербесе эмне кылат элек, ошол жүдөгөн, эскирген, заманбап медициналык аппараттарды мындай кой, заманбап дааратканасы жок, жадагалса Кыргызстан ойлоп таап, 30 жылдан бери чыгарып келаткан “даарат кагазы” жок ооруканалар үчүн, арзыбаган айлык алып, ошол жыртылган линолеиум полун отуз жылдан бери сүртүп, жууп, тазалап келаткан санитарлар үчүн, өзүбүздөн иш таппай, чет өлкөлөрдө далай жыл иштеп келген, мактоо-алкоо угуп келген, бирок өз жериндеги медицинанын начардыгынан колу-буту тушалып, силерди алып калганга илими-билими жеткен менен, оозу-мурдуңа койгонго кислороддук аппараты жетпей, дары-дармеги жетпей, жылыга сырдай берип ачылса жабылбай, жабылса ачылбай калган терезелерин тиктеп, кимди каргарын билбей телмирип турган, силерди алып кала албагандыгы үчүн жүрөгү канап , сыздап, ыйлап турган ак халатчан врачтар үчүн, чалганда албай, алса келбей тажаткан, мамлекет уюштурду деген аты бар, бирок заты жок, жардамы тийбеген “Тез жардамдар” үчүн, ооруканалар албай, медиктер көздөн учуп, биротоло акка моюн сунуп калган кезде ажалдын оозунан эчен адамдарыбызды сактап калган боорукер ыктыярчы улан-кыздар үчүн, медиктерди сактай албаган түркөйлүгүбүз үчүн, медициналык маданиятыбыз жок калкыбыз үчүн, медицинанын кадырына жетпей жаткан бечаралыгыбыз үчүн, дагы толгон-токой кемчиликтерибиз үчүн бүгүн биз силерден, ушул Аза Күтүү Күнүндө силерден кечирим сурайбыз!

Бизди кечирип койгула?! Кечирип койгула?!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG