Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:09

"Жетим калып, ыр менен жетилдим"


Калыйнур Кеминде өткөн бардык маданий иш-чараларга катышат.
Калыйнур Кеминде өткөн бардык маданий иш-чараларга катышат.

Калыйнур Нургазиев өлкөдөгү миңдеген мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн бири. Башкалардан айырмасы - жаш курагына карабай, өзү төрөлүп-өскөн Кемин районунда ырдап, атактуулукка жетишкен. Жети жашында томолой жетим калган Калыйнур татаал тагдырга баш ийбей, өз максатын ишке ашырууга аракет кылып келет.

Келечекте атактуу ырчы болгусу келген Калыйнур өз кыялдары тууралуу "Азаттыкка" курган маегинде айтып берди.

Кичинекей кезимден эле ырдачумун. Кийин шыгымды Орловка айылындагы №2 мектепте музыкадан берген мугалимибиз Валентина Михайловна байкап, мени музыкалык мектепке алып барган.

Атайын билим алган жокмун, бирок музыкалык аспаптардын коштоосунда ырдаганды үйрөндүм.

Жетинчи класста окуп жатканда биринчи жолу “Сары Өзөн чолпондору” кароо-сынагына катышкам. Мирбек Атабековдун “Эл тилеги” деген ырын аткарып, алгачкы жолу сахнага чыктым. Райондук кароодон өтүп, облустан биринчи орунду ээледим. Мага диплом жана 100 сом сыйлык беришкен. Ошондон кийин мектепте, райондо өткөрүлгөн бардык маданий иш-чараларга катыша баштадым. Эл жакшы эле кабыл алып, колдоп турушат.

Мектепти аяктап жатканда да райондук акимчиликтен келип атайын сыйлык тапшырып кетишти. “Кеминден сен ырдап тааныл, биз сыймыктанып туралы” деп айтышат. Тойлорго чакырышат, ырдап берем. Буюрса, мектепти аяктадым, эми Бишкекке барып, окууга тапшырып, дагы чоң сынактарга катышсам деп турам.

"Апамдан жети жашымда айрылдым"

Биринчи классты аяктаган кезимде апам узакка созулган оорудан көз жумду. Атам экөө андан мурда эле ажырашып кетишкен. Атам менен ошондон бери байланыш жок. Эсимде калганы ал иччү, апама күн көрсөтчү эмес.

Эки эжем, мен жетим калдык. Бир күнү эки эже биздин үйгө баш багып, ортончу эжем Даражан экөөбүздү балдар үйүнө алып кете турганын айтты. Даражан анда 4-класста окучу эле. Улуу эжем Жазгүл 18ге толо элек экен. Ошентсе да ал "жакында он сегизге чыгам, балдарды бербейм" деп бизди алып калган. Жазгүл эжем ошентип бизди чоңойтту.

Кийин Алматыга, Бишкекке барып иштеп, бизди бакты. Аябай катуу кармады. Даражан эжем мектепти аяктап, Скрябин атындагы айыл чарба академиясына тапшырган, өзү өттү. Азыр 2-курсту аяктап жатат. Баштан көп эле кыйын күндөр өттү. Бирок ыр менен алаксып, көп нерсени сезбей калдым окшойт.

"Атактуу ырчы болгум келет"

Алдыга койгон ой-максаттарым көп. Аябай элге таанылган атактуу ырчы болгум келет. Буюрса, музыкалык билим алсам дейм, кийин башка дагы кесипке окуп алсам деп кыялданам.

please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00

XS
SM
MD
LG