Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Маркум Жылдыздын эркин ааламы


Жылдыз Заркунова.
Жылдыз Заркунова.

Италияга баратып, үч жыл мурун 22 жашында Орусиядан каза тапкан сүрөтчү, маркум Жылдыз Заркунованын көргөзмөсүн апасы Жыргал Молдакматова Рим шаарында өткөрдү.

Италиянын искусство адистери менен сүрөтчүлөрүн таң калтырганы, жаш кыздын ийгилигине дүйнөнүн чоң сүрөтчүлөрү көп жылдык түйшүктөн соң гана жетишкен экен. Андыктан жаш сүрөтчүнү өзүнчө феномен катары кабыл алуу, анын ар бир көргөзмөсү өткөн сайын күчөп бараткандай.

Жылдыз Заркунова компьютердик графикада иштеген кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эң бир көрүнүктүүсү да, эң жашы да болуп калды. Жылдыздын компьютердик графикага кызыгуусу он төрт жашында пайда болуптур. Ата-энеси туулган күнүндө белек кылган компьютерди алгандан бир жылдан соң алгачкы сүрөттөрүн көргөзгөнүн апасы Жыргал Молдакматова айта отурду:

- Ошондо эле байкаганбыз да бир башкача сүрөттөр экенин. Он алты жашында туулган күнүндө көргөзмөсүн ачтык. Биринчи көргөзмөсүндө өзү болду. “Ден соолук борбору” деген бар. Ошо жердин залына эле ачып берип, өзүнө дем берип койдук да. Ошондо отуз эки сүрөтү коюлган. Ошол отуз эки сүрөттөрүн көргөнү келген чет элдиктердин баары сатып алып кетишкен. Андан кийин ого бетер күчтөнүп иштей баштады.

Жылдыздын сүрөттөрү
Жылдыздын сүрөттөрү

Бул үй-бүлөнүн, тилеген тилеги, мындай өзгөчө таланттуу сүрөтчү кызынын көргөзмөсүн, дүйнөлүк сүрөтчүлөрдүн мекени Италиядан өткөрүү болгон экен. Тилекке каршы, Жылдыз ошол Италияда көргөзмөсү уюштурулуп атканда, Римге баратып Орусияда каза табат. Элүүдөй каталогун алдын ала даярдоо үчүн апасы Италияга мурдараак кеткен экен. Жылдыз дагы жетимиш сүрөтүн даярдап, флешкага көчүрөт да, 2011-жылы февралдын он жетисинде Бишкектен Москвага учуп кетет. Визасы Вильнюска ачылып калгандыктан, кечинде эле түнкү поездге түшөт. Эртеси анын жансыз денеси Литвага жакын Гагарин шаарчасынын жанынан табылган. Жылдыз каза болгондон эки ай өткөндөн кийин экинчи көргөзмөсү Бишкектеги Эмен багы галереясында ачылган.

- Италияда алтынчы көргөзмөсү өттү. Улам акча таап иштеп, улам бир көргөзмөсүн жасап атабыз. Билебиз Жылдыздын иштеринин өзгөчөлүгүн. Бул бизге эле эмес, кыргыз элинин баарына калтырып кеткен иш. Италияда өткөн көргөзмөсүндө Жылдыздын иштерин философиялык мааниси терең экен деп айтышты. Италиялык искусство чеберлеринин ойлорун уксак деген тилегибиз орундалды,- деди апасы Жыргал Молдакматова.

Андан бери чындык издеген ата-энеси чыркырап, кайрылбаган жери калбаптыр. Бирок жаш кыз ким тарабынан колдуу болгону белгисиз бойдон калган.


Римдеги маркум Жылдыз Заркунованын үстүбздөгү жылдын 23-февралда өткөн көргөзмөсүнө Италиянын белгилүү италиялык сынчы Андреа Де Либерис, профессор Жорж Витати, немис элинин инсаны Жорж Шугер, италиялык Жузеппе Туризи, Франческо баш болгон көрүнүктүү интеллигенция өкүлдөрү катышып, Жылдыздын чыгармачылыгына жогору баа беришкенин Римдеги көргөзмөнүн уюштуруучуларынын бири Нургүл Султанова билдирди:

- "Жылдыздын иштери өтө заманбап. Кыргыз эли үчүн чоң мурас. ЮНЕСКО аркылуу Парижде “Аалам менен сырдашуу” жеке көргөзмөсүн ачууга болот. Биз ошого тилектешпиз. Бу кыздын эмгектери Батыш менен Чыгышты биримдикке чакырууда. Анын тили – түркүн боёктор менен көп маанилүү сызыктар экен. Алар мезгилге да, ааламга да сыйбай бийикте турат. Бул сүрөттөр Европа өлкөлөрүндө гана эмес, бүткүл дүйнөлүк музейлерде илиниши керек" деген жылуу пикирлерди айтышты.

Италиялык сынчы Жузеппе Туризи мындай эмгектерди атайын билим албай туруп жаратуу чоң жетишкендик деди:

- Мындай эволюцияга белгилүү сүрөтчүлөр көп жылдан кийин, көп нерседен өтүп, көп нерселерди көрүп, үйрөнгөндөн кийин келишкен да. Анан, ушундай жаш кыздын эч кимден жардам сурабай, атайын билим албай, фантазиясы менен өз дүйнөсүн жаратканы аябай таңкалычтуу. Мындай таланттуу кыз жашашы керек эле.

Жылдыздын сүрөттөрүнүн Италияда өткөн көргөзмөсү.
Жылдыздын сүрөттөрүнүн Италияда өткөн көргөзмөсү.

Жылдыз Заркунованын эркин учкан ой-кыялынан жаралган, ааламдан берилгендей сырдуу эмгектери “Аалам менен сырдашуу” аталат экен. "Бул сүрөттөр заманбап кыргыз көркөм өнөрү менен маданиятын дүйнөгө тааныштыра берчү табериктерден болуп кала бермекчи", - дешет уюштуруучулар.
XS
SM
MD
LG