Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Андреа Бочелли - атагы таш жарган азиз ырчы


Опера ырчысы Андреа Бочелли.
Опера ырчысы Андреа Бочелли.

Азиз музыканттардын арасында биринчи орундардын бирин италиялык тенор, опера менен эстраданын чыныгы жылдызы Андреа Бочелли ээлейт деп айтсак эч бир аша чаппайбыз го.

Уламышка караганда «Илиада» менен «Одиссеяны» жараткан улуу Гомер эртелеп көзүнөн ажыраган азиз адам болгон экен. Ошого карабастан артына калтырып кеткен эки улуу эпосу үчүн ушул күнгө чейин антика цивилизациясынын эң эле атактуу өкүлү, грек адабиятынын атасы катары аты ооздон түшпөй келе жатат.

Деле сокур музыканттар жана ырчылар тууралуу легендалар айрыкча Европа маданиятында көп кездешет. Маселен, бир эмес, бир нече жүз жылдар бою орган деген музыкалык аспапта ойногон музыканттар көзү азиз болгон. Азыр деле ошондой таланттуу азиз ырчылар, музыканттар, болгондо да дүйнөгө аты чыккан музыканттар ондоп саналат. Маселен, атактуу жазмен Рей Чарльз жана Стив Уайндер же Арт Тейтум же Док Уотсон…

Ошол даңкы алыска кеткен азиз музыканттардын арасында алдыңкы орундардын бирин италиялык тенор, опера менен эстраданын чыныгы жылдызы Андреа Бочелли ээлейт деп айтсак эч бир аша чаппайбыз го.

Андреа Бочелли ырдап жаткан учуру.
Андреа Бочелли ырдап жаткан учуру.

Андреа – анык биздин замандын Орфейи. Ал эми Орфей болсо, эгер антика адабиятынын айтканына карасак, укмуштуудай кооз үнү менен сайраган куштарды тунжуратып, душмандардын көңүлүн жибитип, ал гана эмес, жердин жети түбүнө түшүп кеткен Эвридикасын - сүйгөн кызын кайра жер үстүнө чыгарып алган эмеспи.

Андреа Бочелли да байыркы грек ырчысы Орфей сыяктуу уккан кишинин көңүлүн жубатып, кимдин болсо эстетикалык кумарын кандырган кайталангыс ырчы. Операнын да ажарын ачкан, эстрада жагынан да дүйнөгө атагы чыккан Андреа Бочелли ушул заманда эң эле атактуу ырчылардын бири.

Ооба, Андреанын көзү азиз. Бала кезинде болбогон бир каргашадан улам көзүнөн айрылып, бирок ошого карабастан италиялык ырчы Андреа Бочелли биздин замандын эң эле мыкты, эң эле таанымал тенору, кооз үнү, аргендей таза доошу менен башкалардан дароо айырмаланып турган таланты.

Андреа Бочеллинин адамдык тагдыры бир топ оор, татаал болсо да, ырчылык тагдыры ар дайым ийгилик менен, атак менен коштолду десек туура болот го. Дегеним, 12 жашка чейин башкалардай эле ойноп-күлүп чоңойсо да, глаукома деген оору менен ооруп калып, ал оорусу нечен жолу эң мыкты деген дарыгерлер дарыласа да жакшы айыкпай койгон. Бир жолу теңтуш балдар менен футбол ойноп жүргөндө катуу тепкен топ башына тийип, ошондон кийин оорулуу көзү кескин начарлап, кийин таптакыр көрбөй калган. Бул кесепет болочок ырчы үчүн кандай психологиялык шок болгону, моралдык жактан сокку болгону айтпаса да түшүнүктүү го. Кичинекей кезинен баштап опера ырчысы болом деп кыялданып жүргөн, кийинсе да артистерче кийинип, Энрике Карузо, Лучано Паваротти сыяктуу ырчыларды кумир катары санап, басса-турса музыка оюнан чыкпаган Андреа ошентип бир канча жыл көңүлү чөгөт болуп, кыйынчылык тарткан.

Андреа Бочелли - операнын да, эстраданын да жылдызы.
Андреа Бочелли - операнын да, эстраданын да жылдызы.

Бирок жашоонун мыйзамдарын, турмуштун тыным албаган агымын эч ким токтото албайт эмеспи. Андреа Бочелли да бара-бара өзүнө келип, ырчы болом деген максатынан эч бир кайткан жок. Анын үстүнө кичинекей кезинен мектептеги хорго солист болуп ырдап, үнү да тунук, музыкага ышкыбоз баланы мугалимдар да, ата-энеси да абдан колдоптур. Ошонун натыйжасында Андреа Бочелли тез эле ырчы катары таанылып, адегенде өзү туулуп-өскөн Пиза шаарында, андан соң Туринде ресторандарда ырдаптыр. Бактысы бар экен, анын дайынын уккан атактуу композитор Франко Корелли шакирт кылып жанына алып жүрүптүр. Кийинчерээк кадимки опера жылдызы Лучано Паваротти ар тараптан колдоосун көрсөтүптүр. Бочелли тез эле бир катар маанилүү конкурстарга катышып, биринчиликти жеңиптир. Айрыкча Сан Ремо шаарындагы 1994-жылкы бүткүл дүйнөлүк эстрада конкурсунда өзүн абдан мыкты көрсөтүп, ошондон кийин Андреа Бочеллинин ырчылык бактысы чындап ачылган экен.

Андреа Бочелли.
Андреа Бочелли.

Азыркы учурда Андреа Бочелли опера жагынан да, эстрада жагынан да дүйнөлүк масштабадагы атактуу ырчы катары саналат. Анын ысымы жогоруда аталган Лучано Паваротти, ошондой эле Пласидо Доминго, Хосе Каррерас сыяктуу опера жылдыздарынын катарында турат. Булар менен эң эле атактуу деген театрларда, сахналарда нечен жолу чогуу да ырдады. Ошону менен бирге дүйнө эстрадасынын таанымал жылдыздары Селин Дион, Стив Уайндер, Брайан Ферри, Жон Майлз менен да чогуу ырдап жүрдү. Операнын супержылдызы Анна Нетребко менен да бир канча жолу эл алдына чыкты.

Көзү жагынан майып болсо да сахнага чыкканда келишимдүү, өзүн кадимкидей эркин сезген Андреа Бочеллиге ушул тапта ийгилик артынан ийгилик келип турган кези. Маселен, Америкада компакт-дисктери эң эле арбын сатылган чет өлкөлүк ырчы катары Бочелли көп жылдардан бери биринчиликте келе жатат. Буга себеп – анын мюзикл деп аталган жанрда (опера менен опереттанын, эстраданын ортосунда жаралган жаңы музыкалык жанр) өзүн абдан мыкты көрсөткөнүндө болду. Айрыкча анын белгилүү мюзикл ырчысы Сара Брайтман менен чогуу ырдаган Time to say goodbye («Коштошоорго кез келди») деген ыры бүт дүйнө сүйүп уккан, анын ичинде Кыргызстанда да ар кандай музыкалык кечелерде, ал гана эмес үлпөт тойлордо такай жаңырган ыр болуп калды.

Учурда Андреа Бочелли 59 жашта. Эки жолу үйлөнүп, төрт балалуу болду. Ал алган сыйлыктарды, наамдарды санап отурсак, аягына чыгышыбыз кыйын. Голливуддагы Даңктуулардын аллеясы деп аталган аллеяда Бочеллинин да алаканынын изи турат. Италия Республикасына эмгеги сиңген Улуу инсан деген ордени бар.

Бочеллинин ысымын Кыргызстандын да музыка сүйүүчүлөрү абдан жакшы билээрин дагы бир жолу белгилеп кетели. Жогоруда айтылгандай, Time to say goodbye ("Коштошоорго кез келди") деген ырды биздин ырчылар ар дайым берилүү менен ырдап жүргөнүн баарыбыз көрүп-билип жүрөбүз.

Учурда атактуу ырчы бир канча кайрымдуулук фонддорун жетектеп, Италиянын сыймыктуу адамдарынын бирине айланып, дүйнөнүн ар кайсы шаарларында концерт менен чыгып жүргөн кези.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG