Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:25

Бакиев тушундагы шайлоолор боюнча кылмыш иши козголду


БШКнын мурдагы төрагасы Дамир Лисовский.
БШКнын мурдагы төрагасы Дамир Лисовский.

Башкы прокуратура 2007-2009-жылдардагы парламенттик жана президенттик шайлоолор бурмаланганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Анда бир катар шайлоо комиссиялары жең ичинен тон бычып, добуш берүү жыйынтыктарын бурмалаганы айтылат.

2007-жылы парламенттик шайлоо биринчи жолу партиялык тизме боюнча өттү. Ошондогу президент Курманбек Бакиев түзгөн “Ак жол” партиясы парламенттеги 90 орундун жетимиш бирин ээлеп, “Ата Мекен” сыяктуу партиялар Жогорку Кеңешке жолотулган жок.

Бурмаланган шайлоо, буйдалган бийлик
...ошол мыйзам бузууларды уюштургандарды, жасагандарды, башында тургандарды таап, жоопкерчиликке тартыш керек
Д. Ошурахунова

Ансыз да өтө чоң ыйгарым укуктарга ээ болуп турган К. Бакиев парламентти да колго алгандан кийин, эл аралык коомчулукта Кыргызстанда демократиянын учкундары өчкөнү айтыла баштаган. 2008-жылы Freedom House уюму кезектеги баяндамасын жарыялап, анда Кыргызстанда демократиянын абалы кескин начарлап, тизмедеги жарым-жартылай эркин өлкөлөрдүн катарынан авторитардык мамлекеттердин арасына барып кошулганы айтылган.

Мурдагы президент К. Бакиев жубайы менен президенттик шайлоодо добуш берүүдө, 2010-жылдын 23-июлу.
Ал эми 2009-жылы президентке кыңк этпей баш ийип турган Конституциялык Сот менен Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун мөөнөтүн эртелетип, былтыр 23-июлда президенттик шайлоо өттү. Анда да Курманбек Бакиев калган атаандаштарын караандатпай утуп алган. Бул эки шайлоону тең Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму баштаган эл аралык кадырлуу уюмдар сынга алышкан.

Быйыл 7-апрелде Кыргызстанда бийлик экинчи жолу кулатылып, бийликке келген оппозиция тизмектетип кылмыш иштерин козгой баштады. Эми кезек мурдагы шайлоолордо орун алган бурмалоолорго келди.

Кыңыр иш кырк жылда...
Эки жылдан кийин кылмыш иш козгоштун кажети жок. Бул эми өч алуу, мындайча айтканда куугунтуктоо...
Т. Акун

Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, 2007-2009-жылдардагы шайлоолордо бир катар шайлоо бекеттери атайын көрсөтмөлөрдүн негизинде добуш берүү жыйынтыктарын бурмалашкан. Ушул тапта тергөө иштери жүрүүдө.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Кыргызстандагы бардык шайлоолорго байкоо жүргүзүп келатат. Аталган уюмдун жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, кылмыш кылгандардын күнөөсү 40 жылдан кийин далилденсе да алар жазалануусу керек:

Динара Ошурахунова
- Кандай болсо да, канча убакыт өтсө да Башкы прокуратура мурдагы иштерди кайрадан көтөрүп, иш козгоп атканы туура. Анан жөнөкөй, катардагы эле адамдарды күнөөлөй бербей, ошол мыйзам бузууларды уюштургандарды, жасагандарды, башында тургандарды таап, ошолорду жоопкерчиликке тартыш керек. Ошондо азыркы бийликте тургандарга да чоң сабак болот.

Мурдагы бийликтер тушунда буйрук бергендер кутулуп, буйрукту аткаргандар гана тутулары көп айтылчу. Азыр да шайлоо жыйынтыктарын бурмалаган башкы күнөөкөрлөр качып кетип, азырынча майда-барат гана чиновниктер кармалчудай болуп турат.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун пикиринде, өткөн шайлоолор боюнча кылмыш иштеринин козголуп атканы туура болбой калды. Анткени бул көбүрөөк өч алуу аракетине, куугунтукка окшошуп атат:

- Башкы прокуратурага Кубат Байболов келеби, башкасы келеби, жетекчиге карабай туруп мыйзам бузулгандан кийин ошол кезде козгош керек эле. Анан эки жылдан кийин кылмыш иш козгоштун кажети жок. Бул эми өч алуу, мындайча айтканда куугунтуктоо дегенге кирип калат. Эмне үчүн ошол кезде кылмыш иши козголгон жок? Ал кезде шайлоо аябай начар өткөн, адам укугу тебеленген, мыйзам бузулган, оппозиция куугунтукталган. Ушундай болбоду беле. Ошол кезде козгош керек эле да.

Азыркы бийликке эскертүүбү?

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, азырынча тергөө жүрүп аткандыктан бул иш боюнча өтчү айыпкерлердин аты аталбайт. Ошентсе да башкы айыпкерлер катары мурдагы президент К.Бакиев, БШКнын мурдагы төрагалары Клара Кабилова, Дамир Лисовский баштаган адамдар өтөрүн логикага таянып айтса болот.
Жаркын Бапанова

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жаркын Бапанова 2007-жылкы парламенттик шайлоодо да ушул кызматта болчу. Анын айтымында, ошол жылдагы шайлоодо добуштарды уурдоо жергиликтүү шайлоо комиссияларында, борбордо да орун алган.

- 2007-жылы жер-жерлерде чынында бурмалоолор болгон. Айылдык, райондук, облустук шайлоо комиссияларында добуштар бурмаланган. Анан бизге келгенде, Борбордук шайлоо комиссиясына келгенде да добуштар бурмаланган. Мен ал жөнүндө айтып, жыйынтык болуп атканда каршы добуш берген болчумун. Ошондуктан муну чындап эле изилдеш керек. Ким күнөөлүү болгон?

Мурдагы шайлоолордогу мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иштери алдыдагы парламенттик шайлоо алдында, Башкы прокуратурага Кубатбек Байболов келген соң козголду. Буга чейин ал маалымат каражаттарына берген маегинде 2007-2009-жылдагы шайлоолордун ыплас өткөнүнө кейип жүргөнүн айтканы бар. Негизинен муну менен 10-октябрдагы шайлоону таза өткөрүүгө убада кылган бийлик, өзүн калыс кармоого аракеттенгендей, кокус мыйзам бузуучулар чыга турган болсо эскертүү бергендей элес калтырды.

XS
SM
MD
LG