Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Крымдын Кыргызстанга кыйыр таасири


Симфереполдогу Украинанын улуттук банкынын имараты, 17.03.14.
Симфереполдогу Украинанын улуттук банкынын имараты, 17.03.14.

Орусиянын Крымды аннексиялап алуусу кыргыз экономикасын кыйгап өтпөйт. Бул Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттарына жана Кыргызстанга келчү орус инвестициясынын көлөмүнө таасирин тийгизет. Ал эми орус экономикасы Крымды кошуп алганга чейин эле басаңдай баштаган.

Жылдын алгачкы эки айында эле Орусиядан 35 миллиард доллар капитал сыртка чыгарылган. Бул тууралуу өткөн аптада экономикалык өнүктүрүү министри Алексей Улюкаев билдирди. Капиталдын тышка агымы акыркы жумаларда күч алып, март айынын соңуна чейин былтыркы көрсөткүчтөрдөн озуп кетиши мүмкүн. Өткөн жылы жалпысынан Орусиядан 65 миллиард доллар капитал чыгарылган.

Орусияга каршы эл аралык санкциялардын кабыл алынышы, рублдин куну качышы, Крымды орус экономикасына интеграциялоо жана башка ушул өңдүү себептер өлкөнүн ансыз да басаңдап бараткан экономикасын рецессияга түртүшү ыктымал.

Бул тууралуу Москвадагы "Номос-банктын" башкы экономисти Кирилл Тремасов мындай дейт:

- Менин пикиримде, инвестициянын төмөндөшү жана керектөөчүлөр талабынын басаңдашы сыяктуу факторлордун туундусу экономика рецессия кырында турарын билдирет. Өкмөттөгүлөр экономика эки же үч пайыз өсөт деп айтууда. Ал божомолдор негизсиз деп ойлойм.

Былтыркы жылдын экинчи жарымында рубл алты пайыз наркын жоготкон. Ага кошумча, орус валютасы быйыл 10 пайызга арзандады. Борбордук банк форекс базарына көлөмдүү интервенция жасаган жана базалык үстөктү 5,5 пайыздан 7 пайызга көтөргөн. Үстөк пайыздардын ушул өңдүү чоң жогорулашы 1998-жылдагы өкмөттүк дефолтко чейин созулган.

Москвадагы "Альфа-Банктын" ага экономисти Наталия Орлова окуяларга тынчсызданганы менен экономиканын өсүшүн байкаган:

- Февралда жергиликтүү керектөөнүн өсүшү күтүлгөндөн жогору болду. Ошондуктан жалпы дүң өнүм быйыл өсөт деп божомолдойбуз. Ал өсүш бир пайыздай болушу мүмкүн. Албетте, үстөк пайыздарын көтөрүүнүн кыйыр таасирин марттын статистикасы жарыялангандан кийин көрө алабыз.

"Уралсиб Капитал" инвестициялык ишканасынын башкы экономисти Алексей Девятов бир пайыз өсүш деген божомолго кошулаарын билдирди. Бирок инвесторлордун ишениминин мындан аркы жоголушу "орус экономикасына олуттуу басым көрсөтөт". Девятовдун пикиринде, эми инвесторлор "Орусияны тобокелдик боюнча чоң өлкө катары баалайт" жана анын жыйынтыгы өлкө боюнча алынган карыздын үстөктөрүнүн кымбатташына алып келет.
Пенсия рубль менен төлөнө баштады, Симферополь, 25.03.14.
Пенсия рубль менен төлөнө баштады, Симферополь, 25.03.14.
"Рублдин арзандашы күтүлбөгөн кесепеттерге алып келиши мүмкүн", – деди Тремасов. Анын айтымында, орусиялыктар акция жана облигация бааларына кызыкпаганы менен элдин баары доллар-рубль курсуна кызыгат. "Ал эми Крым – кезектеги субсидияланган аймактардын катарына кошулат",-деп кошумчалады Тремасов.

Крымдагы акыркы окуялар жана анын экономикалык таасири Кыргызстанда сезилбей койбойт. Жогоруда айтылгандай, орус акчасынын наркынын түшүүсү ал жактагы эмгек мигранттарына залакасын тийгизет. Аны менен бирге Кара деңиздеги жарым аралды интеграциялоо Кыргызстанга берилүүчү инвестицияга таасирин тийгизет.

Экономист Азамат Акелеевдин айтымында, Кыргызстан экономикалык кызматташтыкты Орусия менен гана эмес, башка өлкөлөр менен дагы өркүндөтүүсү керек.

- Азыркы кырдаалдан улам Кыргызстанга инвестиция салган орус мамлекеттик ишканаларынын эл аралык санкцияларга байланыштуу кирешелери азайышы мүмкүн. Орусиялык банктардын рейтинги төмөндөдү. Мунун баары Орусиянын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө терс таасир тийгизет. Бул дагы бизге келчү инвестициядан күмөн жаратат.

Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак. Алтын акыркы аптада 45 долларга кымбаттап, учурда унциясы 1312 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну 16 центке өстү. Азыркы тапта "Центерранын" бир баалуу кагазынын наркы 5 канада доллары 36 центти түзүүдө. Чийки мунайдын баасы өзгөрүүсүз – баррелине 100 доллар бойдон. Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда сооданын көлөмү акыркы аптада азайып, 3 миллион 700 миң сомго жетти. Сатылган үлүш кагаздарынын соода көлөмү боюнча "Кайыңды кант" алдыңкы орунга озуп чыкты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG