Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Пакистан: медреседе кордук көргөн балдардын баяны


Буттарына чынжыр байланган балдар Карачидеги полицияканада рейдден кийин отурушат, 13-декабрь, 2011
Буттарына чынжыр байланган балдар Карачидеги полицияканада рейдден кийин отурушат, 13-декабрь, 2011

Пакистандын Карачи шаарындагы медреседе окуган балдар исламды окубай эле, жертөлө сыяктуу бөлмөдө камакта жатып, молдолордон ур-токмок жегени тууралуу коркунучтуу окуяларды айтып беришти.

Карачиде жакыр үй-бүлөлөр баңгиден дарылап, диний билим берет го деп балдарын медресеге беришкен эле.

Бирок эң кичүүсү жети жаштагы балдардын тобу бул жерде аларга шариатты окутпай эле, дайыма уруп-сабап кодулашканын айтышты.

Өлкөнүн Хайбер Пахтункхва вилайетинен келген 12 жаштагы Харрон биздин радиого медреседеги мугалимдердин зөөкүрлүгү жөнүндө айтып берди.

“Алар биздин буттарыбызды чынжырлап, кулпулап кармашчу. Аптасына бир гана жолу бир нече мүнөткө бизди жуунуп алсын деп, түрмөдөн бошотуп турушкан, - дейт, көзүнө жаш ала Харрон. - Бизди уруп-сабап, ыйласак, андан бетер катуу сабашчу. Бирөө сабап атса, дагы башкалары колу-бутубузду кармап турушкан. Үстүбүзгө муздак суу чачып, темир куурлар менен сабашчу. Биз: “Муфтий мырза, бизди кечир”, - деп жалынып жалбарчу элек. Бирок ал бизди эч нерсеге карабай ура берчү...”

Байланган, сабалган

22 жаштагы Зайнулла болсо аларды түрмө сыяктуу жертөлөдө кармашканын айтты. Кыйноолорго колдонулчу камчы-таяктын баары анын бөлмөлөрүндө дубалдарга илинип коюлган экен.

“Администратор ал жертөлөнү бизди кармаш үчүн курган, - дейт Зайнулла. - Ал жерде төрт адам иштеген. Ата-энелерибиз келгенде бизди чыгарышат. Бирок аларга бизди бул жакта уруп жатышканын айта албайбыз. Айтсак, андан бетер көп таяк жейбиз. Мен бул жакка келген күнү эле бутума ушул чынжырды байлашты, ошондон бери аны чече элекмин”.
Карачидеги медресенин жертөлөсүнүн көрүнүшү, 13-декабрь, 2011
Карачидеги медресенин жертөлөсүнүн көрүнүшү, 13-декабрь, 2011
Өздөрү үчүн тозокко айланган бул медреседеги балдар эптеп акыбалды ата-энелерине жеткиргенге үлгүрүшкөн экен. Анан 12-декабрда полиция медресеге рейд жасады.

Полициянын башчысы Эхсанулла Марват анын кызматкерлери бул жакка киришкенде жертөлөдө балдарды айбандардай кармап турушканын көрүп, жакасын карманышканын жашырган жок.

“54 баланын бутун чынжырлап байлап коюшуптур, 14ү байланбаптыр. Биз бир молдону камадык, төртөө качып кетти. Полиция азыр беш кызматкерден турган топ түздү. Азыр кылмыш иши ачылып, иликтөө жүрүп жатат. Кудай кааласа, биз аларды баары бир камайбыз”, - деди полиция башчысы.

Балдарын кыйноого "өкүм" эткендер

Медресеге баласын киргизиш үчүн ата-энелер каттоого 150 доллардан төлөшкөн. Андан сырткары, айына 70 доллардан акысын да төлөп турушкан.

Бир кызык жери – айрым ата-энелер балдарын бул жерде молдолор кантип кыйнап-урушканы тууралуу башынан эле билишкен экен.

Нияз Мухаммад деген киши бул жакка 15 жаштагы баласын тамеки тартканды коюп, үйдөн качканды токтотсун деген ниетте алып келгенин айтты.

Вазиристандан бир нече баласын алып келген Мир Талам балдары анын тилин албай, жаман жолго түшүп кеткени үчүн алып келиптир.

“Балдар жаман жолго түшүп кетишкендиктен, биз аларды ушул мердесеге алып келгенбиз да. Балдарыбыз Алланы тааныбай, Мухаммад пайгамбарды сээребей калышкан болчу, - деген Мир Талам, - ошон үчүн айына 5 миң рупини медресенин администраторуна берип, аларды ушул жерде тарбияны көрсүн деп, чынжырларын да өзүбүз сатып бергенбиз”, - дейт.
Пакистандагы медресе-зындан
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:06 0:00

Полиция Карачидеги бул медресе эч кандай исламчыл экстремисттик топтор менен байланышы жоктугун билдирди. Азыр балдар полицияда кармалып турушат, ата-энелери келишкенде бошотулаарын айтышты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG