Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Аркадаг өзүнө айкел орнотууга уруксат берди


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун сүрөтүнүн жанында бийлеп жаткан кыздар. Ашхабад.
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун сүрөтүнүн жанында бийлеп жаткан кыздар. Ашхабад.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Ашхабадда өзүнө айкел орнотулушуна каршы чыкпады, же болбосо кол алдындагыларга бул маселени “элдин эркине” жараша чечүүнү тапшырды.

Мамлекеттик теленин репортажына караганда, президентке элдин ага Ашхабадда айкел тургузуу боюнча каалоосу, ал шаардын кезектеги курулуш долбоору менен таанышып жатканда жеткирилди.

Өкмөттүн вице-премьери Рашид Мередов чогулгандардын баарынын атынан президент Гурбангулы Бердымухаммедовго өз элинин жыргалчылыгы үчүн талыкпастан кам көрүп жатканына ыраазычылык билдирип, борбордун көрүнүктүү жеринде президентке айкел орнотууга уруксат берүүсүн суранды.

Түркмөнстандын Демократиялык партиясынын төрагасы Касымгулы Бабаев "Аркадагдын айкелин борбордун көрүнүктүү бурчуна тургузууга байланыштуу өлкөбүздүн булуң-бурчунан өтүнүч-сунуштар келип жатат",- деп билдирди.

Мурдагы президент, маркум Сапармурад Ниязовду Түркмөнстанда кезинде Сердар деп аташса, азыркы президентке Аркадаг деп кайрылышат.

Түркмөн телесинин репортажында айтылгандай, Гурбангулы Бердымухаммедов бийлик өкүлдөрүнө ага айкел тургузуу маселесин элдин эркине жараша чечүүнү тапшырган.

Түркмөнстандагы окуяларга кылдат байкоо салган интернет басылма - “Түркмөнстан хроникасынын” жазганына караганда, президенттин бул сөздөрүнөн кийин айкел маселеси Маданият министрлигинде чыгармачыл чөйрө өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкууланып, колдоо тапкан. Атүгүл жыйында түркмөн акын айымдарынын бири, президентке, анын аргымагына арнап ыр жазып жүргөн Гүзөл Шагулыева Бердымухаммедовго эстелик орнотууну түркмөндөр эле эмес, башка элдер да каалайт дегенде, чогулгандар “Аркадагга даңк” деген ураан-чакырыктар менен коштоп турушкан.

Президентке айкел тургузуу демилгесин колдогон жыйын-чогулуштар көптөгөн мекеме-уюмдарда өткөрүлгөн.

“Түркмөн хроникасы” интернет басылмасынын башкы редактору Фарид Тохбатулиндин пикиринде, Түркмөнстан азыр бир адамга сыйынуучулуктун экинчи айлампасынын жаңы баскычына кирүүдө:

- Баары ушуну көздөй келе жаткан да. Жеке адамдын культу биринчи президенттен гана кетип, экинчисиники барган сайын күчөө үстүндө эле. Түркмөнстан Ниязовдун учурундагы эрежелерге кайтуусун, мурдагыдай эле эстеликтер орнотулушун, президенттин ысымы көчөлөргө, шаарларга берилишин каалаган адамдар бир топ. Менимче, азыр мунун баары экинчи айлампага кирүүчү учур келүүдө.

2006-жылы бийликке келген Гурбангулы Бердымухаммедов мурдагы президент Сапармурад Ниязовдун алтын жалатылган, тулку-бою күндүн нуру менен бирге айланып туруучу эстелигин 2010-жылы Ашхабаддын борборунан чет жакка көчүрткөн.

“Түркмөн хроникасынын” маалыматына караганда, Сарагт Бабаев ысымдуу түркмөн бедизчиси Бердымухаммедовдун аргымак минген айкелинин гипс макетин 2012-жылы эле жасаган. Президенттин бийиктиги беш метрлик скультурасы да ушул эле бедизчи тарабынан даярдалган. Жаңы айкел Ашхабадда сентябрда орнотулат деп күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG