Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:54

Ланг: Кысым радикализмди күчөтөт


Варшавадагы Чыгыш изилдөөлөр борборунун серепчиси Йозеф Ланг
Варшавадагы Чыгыш изилдөөлөр борборунун серепчиси Йозеф Ланг

Борбор Азиянын кайсы өлкөсүндө диний-радикализмге байланышкан жагдай курч жана аймакта бул багыттагы кырдаал кандай?

“Азаттыктын” казак кызматынын ушул өңүттөгү суроолоруна Борбор Азиядагы диний-радикалдык кыймылдарга байланыштуу жагдайды изилдеп жүргөн поляк эксперти, Варшавадагы Чыгыш изилдөөлөр борборунун серепчиси Йозеф Ланг жооп берди.

Азаттык: Сөздү Борбор Азияда жигердүү иш жүргүзүп, кеңейип бараткан радикалдык уюмдардан баштасак. Бул уюмдарга кайсылар кирет?

Йозеф Ланг: Глобалдашкан азыркы доордо ислам радикалдык уюмдары да ааламдашууга кабылды. Андыктан алар иш жүргүзүүсү үчүн сөзсүз эле бул аймакта жайгашуусу шарт эмес. Ирактагы “Ислам мамлекети”, Пакистандагы TDP (Tehreek Difa-e-Pakistan) сыяктуу террордук уюмдар уруш жүргүзө турган аймакта, же өздөрү ээлеп отурган жерде гана эмес, бүткүл ааламда иш жүргүзүп, катарын толуктоо жана каржы булактарын издөө менен алектенет.

Азыр алар үчүн Борбор Азия жаңы согушкерлерди жыйноочу аймак болуп жатат. Сирия менен Ирактагы жаңжал баштала электен он жылдан ашык убакыт бою Ооганстан менен Пакистанда "Өзбекстан ислам кыймылы", "Ислам жихад бирлиги" сыяктуу Борбор Азиядан чыккан радикал уюмдар белсене иштеп, интернеттин жардамы менен катарын калыңдатууга алектенип келди.

"Азаттык": Борбор Азиядан ал жактарга кеткендердин саны артып, алар кайтып келген учурда радикалдуу ислам идеологиясы таралышы мүмкүнбү?

Йозеф Ланг: Ооба, Сирия менен Иракка Борбор Азиядан барчулар көбөйөт деп болжоого негиз бар. Бирок бул ушул эле аймакка тиешелүү маселе эмес. Муну дүйнөлүк тренд деп айтсак болот. Себеби муну Түштүк Кавказдан да, ислам жамааттары активдүү иштеген Батыш Европадан да көрөбүз.

"Азаттык": Адамдарды ал жакка барууга түрткөн башкы себептер кайсылар?

Йозеф Ланг: Себептер өтө көп, негизинен бул ар бир адамдын өз чечимине байланыштуу. Ага идеология, радикалдашуу, же кайсы бир адамдын жеке маселеси да түрткү болушу мүмкүн. Маселен, алар оор кайгыга тушуккан адамга таасир эте ала турган үгүт-насаат жол-жоболорун да иштеп чыккан болушу мүмкүн.

Советтик мусулмандар ислам ааламынын калган бөлүгүндө жүргөн саясий, диний жана идеологиялык жараяндардан сыртта калды. Советтер Союзу тарап, чек ара ачылган соң ошол идеялар менен кыймылдардын баары ичке карай агыла баштады. Андыктан башка мусулман ааламында ондогон жылдар бою жүрүп келген процесстер бул аймакта өтө ылдам жүрүп жатат.

"Азаттык": Ар кайсы маалыматтар боюнча, Казакстандан барган 400 чакты адам азыр “Ислам мамлекети” тобунун курамында согушуп жүрөт. Дагы башка маалыматтарда алардын саны миң чамалуу экени айтылат. Сизде кандай маалыматтар бар, бул саны дагы көбөйөбү?

​Йозеф Ланг: Согушкерлер сабындагылардын саны маанилүү болгону менен аны эч ким так айта албайт. Пакистан менен Ооганстандагы "Өзбекстан ислам кыймылы", "Ислам жихад бирлиги" сыяктуу уюмдардын катарында согушкан борборазиялыктар менен азыр Сирия менен Иракка кетип жаткандарды салыштырып карасак, алардын саны алда канча өскөнүн байкайбыз. Буга активдүү үгүт-насаат менен логистика таасирин тйигизген. Себеби Сирияга жетүү үчүн Түркияга барып, андан ары чек араны кесип өтүү жетиштүү.

"Азаттык": Мамлекет, күч түзүмдөрү алар менен күрөшүүдө кандай жолду тандаганы ийги. Мындай топторду күч менен баскан дуруспу, же жумшак профилактикалык иш-чаралар менен алектенген жөнбү?

Йозеф Ланг: Кыска аралыктан караганда, күч менен басуу жолу таасирдүү көрүнүшү ыктымал. Террорчу болушу мүмкүн, кооп туудурусу мүмкүн деген адамдар коомдон обочолонот. Бирок аларды күндөрдүн бир күнүндө кайра бошотуу кажет. Анын үстүнө динге катуу берилген, кайсы бир учурда фундаменталдык көз караш карманган адам колуна курал алып согушканды, террорчу болгонду каалабашы мүмкүн. Адамды көз карашы үчүн камаган жагдайда радикалдашуу жараяны өтө тез жүрөт. Демек алыска көз чаптырганда, күч менен басуу чарасы натыйжасыз, ал террорчулардын көбөйүшүнө, андан ары радикалдашуусуна түрткү берет.

Борбор Азия өлкөлөрүндө "Таблиги жамаат", «Хизб-ут Тахрир» сыяктуу уюмдарды экстремисттик, кээде террористтик уюм катары сыпаттап жүрүшөт.

«Хизб-ут Тахрир» аймакта ислам халифатын курууну көздөйт жана саясий максаты да бар. "Таблиги жамаат" болсо прозлетизмди колдойт жана диний максатты карманат. Узак мөөнөттүү максаттарына карасак, булар фундаменталдуу, типтүү радикалдык уюмдар. Бирок азыркы иш-аракеттерине карасак, булар куралдуу согуш, террор ыкмаларына жүгүнбөйт. Бирок максат-мүдөөсүнө карасак, аларды радикалдуу деп айтууга болот, ал эми иш-аракеттерине көз чаптырсак, радикалдуу деп айтууга болбойт. Маселен, “Хизб-ут Тахрирдин” баш кеңсеси буга чейин Лондондо жайгашкан эле. Билишимче, азыр ал Ливанга көчкөн. Демек мындай уюмдар укуктук алкакта иштей алат. Постсоветтик алкакта “Хизб-ут Тахрир” Орусия аннексиялаганга чейин Крымда жарым-жартылай ачык иш жүргүзгөн. Мындан эч кандай маселе чыккан эмес.

"Азаттык": Борбор Азияда кайсы өлкөдө радикализм боюнча жагдай курч?

Йозеф Ланг: Менимче, эң курч жагдай Тажикстанда. Мында мурдатан исламдын ролу өтө жогору. Өкмөт болсо исламий саясий кыймылдардын ишине да тоскоолдуктарды жаратууда. Маселен "Ислам кайра жаралуу партиясына". Өлкөдө балдардын мечитке баруусуна да тыюу салынган. Бул андан ары радикалдашууга алып келет жана тескери натыйжасын берет. Өзбекстанда да жагдай ушуга окшош. Калыптанган исламга кысым күчөгөн сайын анын радикалдашуу мүмкүнчүлүгү арта берет.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG