Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:33

"Евразияга" кыргыз тасмалары катышкан жок


Казак актрисасы Асел Сагатова.
Казак актрисасы Асел Сагатова.

Алматыда онунчу эл аралык “Евразия” кинофестивалы башталды. Мурдагы жылдардан айырмаланып быйылкы фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан бир да тасма катышкан жок. Ал эми Кытай кинематографиясына кеңири орун берилген.

Он жылдан бери өткөрүлүп келаткан "Евразия" кинофестивалынын сынагында Европа жана Азиядан он эки тасма катышат. 20-сентябрда ар кайсы номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.

Эл аралык сынактан тышкары көрүүчүлөргө "Шакен Аймановдун 100 жылдыгы", "Корей киносунун күндөрү” сыяктуу ар кандай атайын программалардын алкагында көптөгөн тасмалар тартууланат.

Казакстандын атынан быйыл режиссер Ермек Шинарбаевдин "Талаа үнү тасмасы" көрсөтүлдү. Андагы башкы ролдордун бирин белгилүү француз режиссеру Жерар Депардье ойногон. Фестивалдын ачылышына кадырлуу конок катары катышкан, Орусия жана Казакстанда киного көп тартылып жүргөн кыргыз актеру Азиз Бейшеналиев учурда казак киносунун деңгээли жылдан жылга өсүп жатканын белгиледи:

- Менимче, Казакстанда акыркы жылдары өз деңгээлин жогору койгон жаш режиссерлор пайда болду. Азыр казак киносу кайсы багытты көздөп турганын айтуу кыйын. Себеби, айрым режиссерлор Кытайды эңсесе, башкалары орус кинематографиясына ыктайт, айрымдар Европа же Американы кыялданышат. Жыйынтыгында эмнеге барып такалат айтуу кыйын, анткени кээде болбогон демилгелерден укмуштуудай тасма жаралып калышы мүмкүн.

Конкурстун катышуучулары арасында Түштүк Корея, Иран, Ирак, Албания, Италия, Грузия жана башка көп өлкөлөрдүн режиссерлорунун эмгектери бар.

Алматы шаарынын мэри Ахметжан Ешимов фестивалдын ачылышында
Алматы шаарынын мэри Ахметжан Ешимов фестивалдын ачылышында

Мурдагы жылдардан айырмаланып быйылкы фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан же Тажикстандан бир да тасма катышкан жок.

Ал эми быйылкы “Евразиянын" өзгөчөлүгү - кытай кинематографиясынын эмгектеринин көптүгү. Ал тургай быйылкы жылы фестивалдагы калыстар тобунун төрагасы да кытайлык кинорежиссер, актер жана сценарист Цзя Чжанкэ. Конкурстан тышкары “Чыгыш - Батыш кино көпүрөсү” программасынын алкагында анын “Платформа” жана “Натюрморт” аттуу эки тасмасы көрсөтүлөт. Алматыда өткөн маалымат жыйында Цзя Чжанкэ "Евразия" кинофестивалынын ишмердүүлүгүнө Кытайда жакшы эле көңүл бурулуп тураарын билдирди.

"Евразия” кинофестивалынын президенти Ермек Анашевдин айтымында, кайсы бир англиялык басылма иш-чараны дүйнөдөгү отуз беш эң таасирдүү кинофестивалдардын тизмесине кошкон. Ал эми сынчылар фестивалда көрсөтүлгөн дүйнөлүк премьералардын санын алганда мындай болушу эч мүмкүн эмес экенин айтышат.

“Негизи эле учурда фестивалдардын арасында дүйнөлүк премьералар үчүн атандашуу күч” деген Москва эл аралык фестивалынын программалык директору Кирилл Разлогов “Евразия” бул атаандашууда утулуп калып жатканын белгиледи.

Сынакта быйыл көрсөтүлө турган он эки тасманын он биринин премьерасы Канн же Карловы Вары сыяктуу фестивалдарда болгон. “Евразиянын” программалык директору Диана Ашимова билдиргендей, иш-чаранын максаты ушул эле тасмаларды Орто Азия аймагында чоң экранда көргөзүү.

Казакстандык волейболчу кыз Сабина Алтынбекова
Казакстандык волейболчу кыз Сабина Алтынбекова

Фестивалдын ачылышында белгилүү орус режиссеру Сергей Соловьевго дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн атайын сыйлык ыйгарылды. Аны жаш волейболчу кыз Сабина Алтынбекова тапшырды. Сабина жакында эле Кытайдагы спорттук таймаштардын бирине барып, өз сулуулугу менен жергиликтүү медианын көңүлүн буруп, саналуу күндөрдө бүтүндөй Азияга атактуу болуп кеткен. Байкоочулардын айтымында, Сабинанын фестивалга катышуусу "Евразиянын” аброюн көтөрүү үчүн уюштурулган пиар компания.

Быйыл Евразия фестивалынын алкагында үч маараке белгиленет: фестивалдын он жылдыгы, казак театр жана кино ишмери Шакен Аймановдун жүз жылдыгы жана «казак жаңы толкунунун» отуз жылдыгы. Бул толкунга 1980 - жылдары ВГИКти аяктаган казак кинорежиссерлорунун эмгектери кирет. Бул даталарга байланыштуу атайын тасмалар көрсөтүлүп, чыгармачылык кечелер өткөрүлөт.

"Евразия" кинофестивалынын ачылыш аземи
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:20 0:00

XS
SM
MD
LG