Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Түркмөнстанда президенттик шайлоо өттү


Түркмөнстан 20 жылдык эгемен тарыхында 3-ирет президенттик шайлоо өткөрдү. Азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедовдон тышкары коомчулукка белгисиз 7 талапкер ат салышты.

Президент Бердымухамедов шайлоо күнү эртелеп атасы, уулу жана небересинин коштоосунда добуш берүүгө келди.

Ысымын атагысы келбеген Лебап облусунун тургуну “Азаттыкка” шайлоо күнкү маанайды мындайча сүрөттөдү:

- Мен саат 10до бүлетен салдым. Азыркы президентибиз Гурбангулы Бердымухамедовго добушумбу бердим. Андан башка талапкер жок. Бүгүн эртең менен добуш берүүчү жерлерде шайлоочулардын саны көп деле эмес болчу. Балким күн суук болгондуктанбы... Шайлоого баргандардын саны түштөн кийин көбөйсө керек. 1 киши бүт үй бүлөсү үчүн добуш берип жатканын көрдүм. Эми ал жаңылык деле эмес. Мурдагы шайлоолорго караганда бул жолу жакшы уюштурулуптур. Мен добуш берген жерде концерт болуп, атайын күркөлөр коюлуптур, дарыгерлер, полиция көз салып турган.

Түркмөнстандагы шайлоонун жүрүшүнө 2 миңден ашуун байкоочулар көз салды. Эл аралык байкоочулардан - курамында 63 киши бар КМШнын миссиясы болду. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму болсо Түркмөнстанда саясий атаандаштык жок, сөз эркиндиги чектелген деген негизде шайлоого өз байкоочуларын жиберүүдөн баш тарткан.

Майрамдык маанай тартуулаган шайлоодо эч бир тараптан добуш берүүнүн жүрүшүндөгү мүчүлүштүктөр тууралуу арыз-даттануулар болгон жок.

Сербарабад районунун тургуну Хурму Гүл “Мен биринчи жолу шайлоодо добуш бердим. Шайлоодо ким жеңээрин карабай туруп эле добуш бердим. Мында карапайым адамдардын каалоосу эч нерсени чечпейт. Биздин өлкөгө дагы демократиялык, акыйкат өзгөрүүлөрдүн заманы келээрине ишенем. Мына ошондо адамдар өздөрүнүн лидерин тандап алышат. Мен буга чын дилимден ишенем”, - деген тилегин "Азаттыктын" түркмөн кызматына билдирди.

Түркмөнстандын Борбордук шайлоо комиссиясы түзгөн жалпы тизмеде 3 миллионго чукул шайлоочу катталган. 2 миңден ашуун шайлоо бекеттери, анын ичинде Москвада 1 добушкана ачылган.

Гурбангулы Бердымухамедов бийликке 2007-жылдын февралында мурдагы президент Сапармурат Ниязов көз жумган соң 2 айдан кийин келген. Ал өлкө жетекчиси катары Түркмөнбашы орноткон темирдей катуу көзөмөлдү азайтып, саясий реформа жүргүзүүгө аракеттенгенин белгилешет.

Эл аралык коомчулук болсо күйүүчү газдын кенчи бар бул өлкөгө катуу сын айтуудан айбыгып келет. Адам укуктарын коргоочу уюмдар гана түркмөн бийлигин демократиялык реформаларды жүргүзүүгө ниети жоктугун айтып, такай сындайт.

Ушул жыл башында Түркмөнстан көп партиялуулукка жол ачкан мыйзамды кабыл алган. Бул өлкөдө расмий катталган бир гана Түркмөнстан демокртиялык партиясы бар. Баш мыйзамга ылайык, президент 5 жылдык мөөнөт менен шайланат.


Талапкерлер:
Гурбангулы Бердымухадов - учурдагы президент;
Ярмухаммет Оразгулыев - нефть тармагында адис;
Аннагелди Язмурадов - суу чарба министри;
Режеп Базаров - Дашогуз облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу;
Какагелди Абдуллаев - "Түркмөнгаз" ишканасынын «Марыгаз» башкармалыгынын жетекчиси;
Гурбанмаммет Молланиязов - «Түркмөннебит» мамлекеттик нефть компаниянын адиси;
Сапармурат Батыров - Ахал облусунан, пахта, нефть өндүрүү жаатында адис;
Эсендурды Гаюбов - Лебап облусундагы курулуш ишкананын жетекчиси;
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG