Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:24

Жаңы-Өзөн боюнча айып оппозицияга багыттала баштады


Катталбаган "Алга" партиясынын өкүлдөрү Кенже Аденов, Владимир Козлов, Айжангүл Амирова.
Катталбаган "Алга" партиясынын өкүлдөрү Кенже Аденов, Владимир Козлов, Айжангүл Амирова.

Казакстанда оппозициячыл саясатчылардын, жарандык активисттердин үйлөрү тинтүүгө алынды. Каттала албаган саясий партия менен оппозициячыл гезиттин редакциясы да тинтилди. Окуя өлкөдөгү мөөнөтсүз парламенттик шайлоодо президент Нурсултан Назарбаедин партиясы кайрадан жеңишке жетишип, жаңы парламент куралып, ишке киришкенден кийин болуп олтурат.


Дүйшөмбү күнү оппозиция активисттеринин кеңселеринде жана үйлөрүндө жүргүзүлгөн тинтүүлөрдүн соңунан Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети эки адамды: катталбаган “Алга” партиясынын лидери Владимир Козлов менен оппозициячыл маанайдагы “Взгляд” гезтинин башкы редактору Игорь Винявскини камакка алышкан. Оппозициячыл саясатчылардын дагы бири, “Халык Майданы” деген кыймылдын өкүлү, былтыр президенттик шайлоого талапкер болууга аракеттенген Серик Сапаргали да үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүдөн кийин камалганы шейшембиде белгилүү болду.

Тинтүүлөр камакка алынган саясатчылар жана баш редактордун кеңселери менен үйлөрүнөн тышкары “Алга” партиясы, “Халык майданы” кыймылынын бир нече активисти менен кызматкерлеринин үйүндө болгон.

Казакстандын Коопсуздук комитети тинтүүлөрдүн себебин бул мекеменин тергөө тобу тарабынан социалдык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш иштери менен түшүндүрдү.

Бул мекеменин басма сөз кызматынын маалыматка караганда, козголгон кылмыш иши Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында былтыр 16-декабрда болгон тополоң менен байланыштуу. Тинтүүлөрдү жана башка тергөө аракеттерин жүргүзүүгө Жаңы-Өзөн шаарынын прокурору санкция берген экен.

Казакстандын оппозиция ишмерлери, жарандык активисттери менен адам укугун коргоочулар тобунун шейшембидеги билдирүүсүндө бийликтин соңку кадамдары “репрессия” катары бааланат. Алардын билдирүүсүндө белгилегендей, “бийлик “Алга” партиясын Жаңы-Өзөндөгү окуяларга катышы бар деп айыптоого аракеттенип, трагедия тууралуу чындыкты элге жеткирүүгө умтулган оппозициячыл күчтөр ичинде тазалоо жүргүзүүдө”.

Билдирүүгө кол койгондордун бири “Азат” жалпы улуттук социал-демократтар партиясынын тең төрагасы Болот Абилов “Азаттыкка” буларды айтты:



-“Алга” партиясы эч кандай мыйзам бузууга барган эмес. Бул жөн гана саясий маселе. Жаңы-Өзөн окуяларында он жети адам каза тапты. Эми анын уюштуруучусу деген айыпты “Алга” партиясына илгени жатышат. Биз бул кылмыш ишине каршыбыз.


“Алга” партиясынын азырынча 72 саатка камалган лидери Владимир Козлов - президент Нурсултан Назарбаевдин туруктуу сынчыларынын бири. Ал оппозициянын “Халык майданына” кирген башка ишмерлери менен бирдикте Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүдөн кийин бул шаарга барып келген.

“Халык майданы” кыймылынын Айжангүл Амирова ысымдуу активисти 6-январда Актау шаарында кармалган. Ага коопсуздук кызматы “социалдык кастыкты козуткан” деген айып боюнча кылмыш ишин козгогон. Коопсуздук комитетинин маалыматында айтылгандай, “бул кылмыш ишин тергөө учурунда башка адамдарда да иш үчүн маанилүү документтер жана предметтер бардыгын көргөзгөн маалыматтар жетиштүү топтолду”.

Маалыматтарга караганда, оппозициячыл “Взгляд” гезитинин башкы редакторуна “конституциялык түзүлүштү күч менен менен өзгөртүүгө жана кулатууга үндөө” деген айып менен кылмыш иши ачылган.

Алматыдагы “Адил сөз” корунун президенти Тамара Калиева шейшембидеги басма сөз жыйында баш редактордун камалыш себептери боюнча алар үчүн түшүнүксүз жагдайлар көптүгүнө токтолуп, Казакстандын Кылмыш кодексинин аталган оор беренеси боюнча буга чейин бир да журналист айыпталбаганына көңүл бурду:



-Бул акциянын (тинтүүлөрдүн жана камоолордун) жыйынтыгы кандай бүтөөрүнө карабай окуя өзгөчө мүнөзгө ээ. Анткени башкы редакторду конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга чакырган, социалдык кастыкты козуткан деп айыптоочу берене бизде буга чейин эч убакта болгон эмес. Газета оппозициячыл. Албетте, ал азыркыга чейин сынды жактырбаган биздин бийликке жакпайт.


Игорь Винявскиге Казакстандын кылмыш кодексинин 170-беренесинин экинчи бөлүгү боюнча кылмыш иши ачылганын Коопсуздук комитети да ырастады.

Жаңы-Өзөн шаарындагы тополоң боюнча кыргызстандык көрөрмандарга берүүлөрүн спутник аркылуу тараткан “ К+” телеканалы катары белгилүү “Стан ТВ” интернет порталынын журналисттери да сурак берүүдө. Бул порталдын баш директору Бауржан Мусировдун айтымында, тергөөгө алардын он беш журналисти, анын ичинде тополоң чыккан күнү Жаңы-Өзөндө болбогон кабарчылары дагы чакыртылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG