Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Карантин –– каран түн эмес


Унаадагы тыгылышты сүйгөн "жүргүнчү". Олексий Кустовскийдин азил сүрөтү.
Унаадагы тыгылышты сүйгөн "жүргүнчү". Олексий Кустовскийдин азил сүрөтү.

Чынында да, карантин –– каран түн эмес, ал –– азил айтуунун сонун убагы.  “Күлкү кербендин” кезектеги шиңгили.

* * * * *

–– Курбулар! “Карантин маалында үйгө эч кимди киргизбегиле!” деген талапты качан алып салышат? –– деп бирөө “Инстаграм” аркылуу досторуна суроо узатты.

–– Эмне болуп кетти деги?

–– Ошол мөөнөтүн тактай албай жатпаймбы. Күйөөм болсо “үйгө киргизир койчу!” деп эшикти какканына беш күндүн жүзү болду...

* * * * *

–– Өкмөтүмө өмүр өткүчө ыраазымын!

–– Анчалык эмне болуп кетти?

–– Эгерде өкмөт жогорку маяна төлөчү болсо, анда мен Кытай, Италия, Испания же Сауд Арабстанга саякатка барып таажы вируска кабылмак экенмин... Маянам өп-чап болгонуна сүйүнүп жатам.

* * * * *

–– Биздин мекемебиз карантин маалында да иштеши керек болчу. Бирок мен амал кылдым...

–– Кандай амал?

–– Кара күчкө улам-улам жөтөлүп койдум эле, тез жардам келип, өздөрүнө 14 күнгө эс алууга алып кетти.

* * * * *

–– Карантин аяктаар замат дарыланышым керек болуп турат.

–– Таажы вирусунан шектенип жатасыңбы?

–– Жок. Семирүүгө жана алкоголго каршы дарыланышым керектигине көзүм аябагандай жетип турат.

* * * * *

–– О-о кудай! Сага ыраазымын, сага алкыш айтам!

–– Анчалык эмне болуп кетти?

–– Мурда бардыгы тең “бекерпоз болуп, диванда жамбаштап жаткандан башка ишиң жок, жеткен жалкоосуң!” деп урушаар эле. Эми “диванынан козголбой жата берди, өтө жоопкерчиликтүү жаран экен!” деп өкмөттөн бери мени мактап жатышат.

* * * * *

–– Жаным, сени азыр алыскы-алыскы бир курорт шаарга эс алууга алып барсам кандай дейсиң?

–– Опей, азыр карантинде коңшу көчөгө да чыгарышпайт да!

–– Ка-ап, сонун сунушумдан баш тарттың да!..

* * * * *

–– Мени “карантин маалында нөөмөткө кечигип чыктың” деп жумушумдан эскертүү беришти, –– деди медайым.

–– Силерде жыргал экен! Мен болсом ишиме жашыруун барып келем деп кармалып, акчалай жазага кабылбадымбы!

* * * * *

Карантин маалында сабактагы үй тапшырманы онлайн аткарып жаткан тестиер Шоңурга алданемеден шек санаган мугалими капысынан кайрылды:

–– Капырай, компүтердеги тергичти сен эки колуң менен эмес, төрт колуң менен тере баштадың го? Жок дегенде апаңа атыжок манжасындагы шакегин “сабак алдында алып салыңызчы” деп эскертип айтып койчу!..

* * * * *

Алло, курбум! Бүгүн жаман иш болду... Мени кызматка кабыл алган фирмага карантин бүтөөр замат жетип барып, бирок өтпөй калдым!.. Жо-ок, кызматка өтөөрүн өттүм, бирок эткээл денем менен каалгасынан өтө албай койдум!..

* * * * *

(TT)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG