Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:41

"Бүтүндөй улутту террорчу катары көргөзгүлөрү келет"


Орусиянын күч кызматкерлери "Крокустагы" кол салууга шектүүлөрдүн бирин кармап жаткан учуру. 31-март, 2024-жыл. Дагестан. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Орусиянын күч кызматкерлери "Крокустагы" кол салууга шектүүлөрдүн бирин кармап жаткан учуру. 31-март, 2024-жыл. Дагестан. Сүрөттүн макалага тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.

15-21-апрель аралыгында дүйнөлүк басма сөзгө чыккан баяндарга сереп.

Тажик жаштары экстремисттик уюмдардын торуна кантип түшүп жатат?

Москванын четиндеги “Крокус” концерт залында болгон кол салуудан кийин "тажикстандык жаштар эмне себептен жана кантип “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун торуна түшүүдө?" деген суроо маалымат каражаттарында көп талданып келатат. New York Times (NYT) 18-апрелдеги макаласында уюмдун канаты – “Ислам мамлекети-Хорасан” тобуна кирген тажикстандыктар Орусия, Иран жана Түркиядагы соңку бир нече кол салууга аралашканын жазат. Авторлор эксперттерге таянып, ал топ бир нече миң согушкерди камтыса, алардын жарымынан көбү тажиктер экенин айтышат.

Нил МакФаркухар жана Эрик Шмитт “Крокустагы” терактка шектелгендердин биринин энеси Маясар Заргарованын: “Тажик жаштарын ким жалдап жатат, эмне себептен бүтүндөй улутту террорчулар деп көргөзгүлөрү келет? Муну түшүнүү керек” деген сөздөрүн келтирет.

“Ушул эле суроо көптөгөн өкмөттөр менен терроризм боюнча эксперттерди да түйшөлтүп жаткан кез”, - дешет авторлор .

Орусиядагы кол салууга айыпталган тажикстандыктын айылы. Апрель, 2024-жыл
Орусиядагы кол салууга айыпталган тажикстандыктын айылы. Апрель, 2024-жыл

Заргарова жолдору талкаланган алыскы айылдан чыккан баласы терроризмге айыпталып, орус сотунда көгала болуп отурганына кейип турат.

Техас университетинин профессору Эдвард Лемондун көз карашында, тажиктер экстремист уюмдун сырт жактан согушкерлерди жалдоо кампаниясынын өзөгүнө айланган.

Ал эми Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу” партиясынын бозгундагы лидери Мухиддин Кабири “тажик жаштарынын жаңы мууну келечектен үмүт үзгөн, аларга светтик диктатура же исламчыл радикал уюмдар ортосунда гана тандоодон башка альтернатива жок” деп эсептейт.

Журналисттер жихадчыларга азгырылып, Сирия менен Иракка 2014-2019-жылдар аралыгында 2 миңдей тажикстандык агылганын эске салышат. Кийин ошол топтор тарап кеткени менен, түп тамыры менен жок кылынган эмес, канаттары Африка менен Жакынкы Чыгыштан Борбор Азияга чейин иш алып барууда.

Макалада айтылгандай, алар өз катарларына жаңы согушкерлерди интернеттен араб, орус, англис жана башка тилдерде жарнамалап жалдашат, көп учурда Орусия бутага алынат.

Вашингтондогу “АКШнын Тынчтык институтунун” терроризм менен күрөш боюнча улук адиси Асфандьяр Мир түрдүү аудио каттар Орусияда иштеген тажик мигранттарды тукурууну максат кылганын түшүндүрөт. Ал Фуркан Фалистини деген ат менен белгилүү командирдин видеосун мисалга тартат.

“Орус полициясы тажик жумушчуларды көчөдөн көргөндө, алар жерди карап, эч ким байкабаса экен деп үмүттөнүшөт. Алар сиздерден корккудай кылып көздөрүнө тик карагыла. Силер аларды өлтүрө баштаганда, кудай коркуу сезиминен арылтат”, - деп айткан кийин өзү жок кылынган согушкер.

Авторлор 145 кишинин өмүрүн алган Орусиядагы кол салууга тажикстандык төрт мигрант айыпталгандан кийин “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу “Хорасан добушу” деген онлайн-журнал ачканын жазышат. Маалыматка караганда, экстремисттердин Орусияга кастыгы учкай айтылып, негизинен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун 30 жылдык катаал башкаруусу, дин саясаты сынга алынган. “

Москвадан кийин Лондон, Париж, Рим, Мадрид болот” деген таризде жазуулар пайда болгон.

Гезит маектешкен эксперттер радикалдашуунун формуласы жок экенин, кээ бир тажик мигранттары үчүн геосаясий көрүнүштөр эмес, жеке түйшүктөрү биринчи орунда турганын айтышат.

Макалада андан ары Тажикстандын постсоветтик тарыхы, ички саясаты, дин эркиндиктеринин абалы баяндалат.

Зыяндуу чаң баскан Борбор Азия

Арал деңизи кургаганы Борбор Азияны акыркы 30 жылда көбүрөөк чаң басты. Лайбництеги тропосфераны изилдөө институту (TROPOS) менен Берлиндеги Эркин университетинин окумуштуулары региондо чаңдын көлөмү 7% көбөйдү деген жыйынтыкка келишти. Алар 1984-2014-жылдары чогултулган маалыматтарды талдап чыгышкан. Деңиз кургаганда пайда болгон Аралкум чөлүнөн мурда 14 миллион тонна чаң тараса, кийин 27 миллион тоннага жетти. Изилдөөчүлөр чаңдын бир бөлүгү абада каларын, аны өлчөө мүмкүн эместигин белгилешет.

Чаң аймактын жашоочуларынын ден соолугуна залака тийгизет, тажик жана түркмөн башкалааларындагы абанын сапатын начарлатат, мөңгүлөрдүн эришин тездетип, суу кризисин курчутушу мүмкүн.

Арал деңизинин ордундагы чөл. 1-июль, 2023-жыл
Арал деңизинин ордундагы чөл. 1-июль, 2023-жыл

Экологиялык маселелерге адистешкен DownToEarth басылмасы бул темадагы макаласын “Үнсүз Чернобыль” деп атаган.

1960-жылдарга чейин 68 миң чарчы километр аянты менен Арал дүйнөдөгү төртүнчү ири көл болчу. Амударыя менен Сырдарыя айыл чарбада ашыкча пайдаланылгандыктан, ал тартыла баштаган, ири бөлүгү чөлгө айланып калды.

Аралкум жасалма чөлү табигый Каракум жана Кызылкум чөлдөрүнөн чакан болгону менен андан чыккан чаңдын курамында пестициддердин, башка жер семирткичтердин калдыктары бар. Демек, ал адамдын саламаттыгы үчүн эселеп кооптуу болуп эсептелет. Андан тышкары чаң аралаш бороон-чапкындар көбөйдү. Окумуштуулар аймакта аба ырайы өзгөрүп, кышында суук күчөп, жайында аптап көбүрөөк капташы, радиациялык баланс өзгөрүшү ыктымал деп эскертишет.

Арал деңизинин орду
Арал деңизинин орду

Чаңдын климатка кандай таасир тийгизери жакшылап изилденген эмес, андыктан көптөгөн суроолор ачык калууда деген адистер ошол чаңдын оптикалык өзгөчөлүктөрүн билүү зарыл деп санашат. Минералдар камтылган чаңды Лейпцигдеги топ жакын арада иликтей баштамакчы.

Илимпоздор көлдөр кургап, чөлдөрдүн көбөйүшү Жакынкы Чыгыш менен Борбор Азияда өзгөчө ылдам жүргөнүн белгилешет. Буга бийик тоолордогу мөңгүлөрдүн азайышы өбөлгө түзүүдө. Мисалы Ирандын түндүк-батышындагы Урмия жана Иран менен Ооганстандын чек арасындагы Хамун көлдөрү чаңдын ири булагына айланган.

Германиялык окумуштуулар бул процесстерди жакшылап билүү климаттын глобалдык өзгөрүүсүн түшүнүүгө шарт түзөрүн белгилешет.

Тажикстандагы "экологиялык мигранттардын" айылы

Борбор Азиядагы экологиялык абалга Франс Пресс (AFP) агенттиги да кайрылды. 17-апрелде жарык көргөн макалада Тажикстандагы жер көчкү, башка жаратылыш кырсыктарынан качып, коопсуз жерлерге жер которгондор үчүн айылдар курулуп жатканы кеп болот. 4 жыл мурун калың кар, катуу жаан-чачындан кийин ылай аралаш жер көчүп, ураган тоо үйүн басып калган 61 жаштагы Ёдгорой Махмалиева туулуп-өскөн айылын таштап кеткен миндеген тажиктердин бири. Макалада тажик бийлигине шилтеме менен айтылгандай, 10 миллион калктуу өлкөнүн жүз миңдеген жараны сел, кар, жер көчкүлөрү, суу каптоо же жер титирөө коркунучу бар чөлкөмдөрдө жашайт.

“Өкмөт элди андай кооптуу аймактардан көчүрүү саясатына артыкчылык бергени менен, дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрдүн биринде аны ишке ашыруу кыйын максат”, - деп белгилейт автор.

Хатлон облусундагы жер көчкү. Архив
Хатлон облусундагы жер көчкү. Архив

Махмалиев эски үйү буга чейин бир нече жолу жер көчкүдөн жабыркаганын, 2020-жылы аны түрттүрүп салышканын айтат: “Бир жума бою топурак астында калган оокатыбызды казып алып чыгууга аракеттендик, өзүбүз чатырда жашап жаттык”.

Бир жылдан кийин Махмалиевдер башкалаа Дүйшөмбүгө 70 километр жакын жайгашкан Хуросон районундагы жаңы айылга көчүрүлгөн. Ал жакта талаалардын курчоосунда “экологиялык мигранттар” үчүн тургузулган каз-катар тизилген жөнөкөй тамдарды көрүүгө болот.

Тажик бийлиги 2000-2017-жылдар аралыгында кооптуу аймактардан 45 миң кишини көчүрүшкөнүн, дагы он миңдегени кезек күтүп жатканын билдирген. Расмий маалыматка ылайык, былтыр катталган 557дей жаратылыш кырсыктарында 51 киши каза тапты.

Махмалиевдердин алты небереси бар, балдары Орусияда эмгек миграциясында жүрөт. Жаңы айылдагы шарттарга канааттанган жубайлар президент Рахмонго ыраазычылыгын айтышат. Айылдын кире беришинде мамлекет башчынын чоң сүрөтү илинип турат.

Чукул кырдаалдар министрлигинин кызматкери Муротбек Муродов агенттиктин кабарчысына 67 жаңы үй салынып жатканын, жаратылыш кырсыгынан кийин башка айылдан 900 киши эвакуацияланганын айтып берди.

БУУнун климаттын өзгөрүүсүнө арналган былтыркы докладында Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Тажикстан эң көп зыян тартышы ыктымал деп айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG