Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Аялдар жылы менен куттуктайм!


Кылым карыткан кыргыз күүсү. Сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин эмгеги. Грац шаарындагы көргөзмө. TCh. 19.11.2010.
Кылым карыткан кыргыз күүсү. Сүрөтчү Асатилла Тешебаевдин эмгеги. Грац шаарындагы көргөзмө. TCh. 19.11.2010.

Башында эле ачык айтып коеюн, мен кай жерде болбосун аялдардын таламын талашкан феминист эмесмин. Бирок Кыргызстандын эн соңку тарыхына көз чаптырып отуруп, ушул саптарды жазгым келди.

Адегенде 1990-жылдардын башында экономика кыйрап, жумушсуздук, каатчылык сайран куруп турганда аялдар белин бекем бууп, “челнок” бизнесине жол ачышты.

Балдарын багыш учун килейген чаар баштыктарды жүктөнүп, жакыны Орусия, Казакстан, алысы Индия, Арап Эмираттарына, андан башка да атам тааныбаган өлкөлөргө жөнөштү. Ал жакта соода-сатык кылып, тапкан акчасын кайра үйүнө ташып келип, бала-бакырасын багып, сызга отуруп калган өлкө экономикасына жан киргизип “дубалап” турушту.

Менин эжем да курбуларына кошулуп, карыз акча алып, Пакистан, Арап Эмираттарына каттап, ал таап келген товарды баарылап сатып, таяке-жээн, куда-сөөккө чейин күнүмдүк оокат кылып, кыйындары атүгүл машине-үй алганга жетишти.

Дагы бир күнү ошентип 100 килограммдык чаар баштыктарды жүктөп, батабызды берип жөнөтсөк, беш саатка жетпей бозала болуп кирип келди.

Он чакты аял, бир-эки эркек болуп жалдаган автобуста аэропортту көздөй баратышса, караңгы жолдо куралчан каракчылар (рэкет) токтотуп, талап-тоноп кетишиптир. Балдарын багабыз деп жанын тиштеп, баарын тобокелге салып, алыс жолго чыккан “жаңы замандын ишкерлерин” кимдер карактады дейсиңер? Өзүбүздүн эле "билеги күч азаматтар" экен...

Быйыл июн айы ортолоп калганда, чет элдик журналисттердин бири менден интервью алып атып: “Эксперттер Кыргызстан азыр кыйроо алдында турат, мамлекет болбой калды деп жатышат ко?” - деп сурады. (Алар ушундай “курч” суроолорду берип жарга такаганды жакшы көрүшөт).

Мен бир саамга ойлоно түшүп: “Эгерде азыр Роза Отунбаева: “өтө татаал милдет экен, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетти. Мамлекетти башкаруу колубуздан келбей калды”, - деп убактылуу өкмөтү менен бийликтен (отставкага) кетсе, кыйроого жакындамак. Ал анткен жок, ишин улантууда, андыктан кыйроо болбойт”, - деп жооп бердим.

Президент Роза Отунбаева белгилүү укук коргоочу Төлөкан Исмаиловага мамалекеттик сыйлык ыйгарды, 2010-жылдын бештин айынын 29у.

Чын эле өжөр аял экен, алды-артынан душмандар тооруп, бут тосуп жатса да, Кыргызстандын бар түйшүгү жүктөлгөн сынык арабаны сүйрөп алып тамтыгы кеткен жолдо келатат.

Тегерегиндегилердин кылык-жоругун карап отуруп, бери жактагы биз кеминде беш жолу иренжидик, ал антпеди, чымырканды...

Эркек саясатчыларыбыз бири-биринин быкыйын чукуп, бийлик талашып жатканда, аялдар антип отурганга убакыт жок деп, бейөкмөт уюмдарды түзүп алып, элди аралап кетишти.

Кайсыл жерде чыркырап ыйлап, башына иш түшкөндөр болсо, жүгүрүп жетип барып соороткон, кыйналып-кысталгандардын таламын талашкан Азиза Абдрасулова менен Төлөкан Исмаилованын эмгегин аял президент жогору баалады.

Жумуштап калып телефон чалсам кыргыздын дагы бир даңазалуу кызы Чынара Жакыпова: “Баткенден, Нарындан келген мугалимдерди семинарга катыштырып, Бишкекте эс алдырып атабыз. Буюрса, мыктыларын Голландияга жөнөтөбүз. Ушуларга жардам бергенибизге сүйүнгөнүмдү айтпа”, - деп чекеси жарыла сүйүнчүлөйт.

Биздин аялдар ушундай, мамлекеттик кызматтан үмүт этип, каржалган казнаны аңдыбайт. Аларга кызматтын кереги да жок, үй-бүлөсүн багып, элге пайда келтирүүнүн жолун таап алышат.

Жалпы журтка аманчылык, токчулук берсин.

Эл башкарам деп талашкандарга ыйман берип, баарыбызды жер каратпай, журтту алдыга сүрөгөнгө акылы, пейили жетсин.

Баарыңарды Кыргызстандагы Курманжан Датка жылы, же аялдар жылы менен куттуктайм!
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG