Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Бишкек: жер алдындагы өтмөктөр качан оңолот?


Бишкек шаарындагы жер алдынан өткөн жолдордун бири.
Бишкек шаарындагы жер алдынан өткөн жолдордун бири.

Баш калаада жер алдындагы көпчүлүк өткөөлдөрдүн абалы начар болгондуктан, аны менен баскысы келбей, чоң жолго чыккан жарандарды машине сүзүп кеткен учурлар аз эмес.

Жөө жүргүнчүлөр каңылжаар жарган жыттан улам өтмөктөрдөн эмес, автоунаа агымы токтобогон көчөлөрдү кесип өтөм деп кырсыкка учурашат.

Чыгыш автобекетиндеги өтмөктүн жанында иштеген шаар тургуну Акжолтой Мамыткановдун бир тууганы ушул жерден жол кырсыгына кабылган. Ал өтмөктөрдү тазалап, оңдоп койсо, жөө адамдарды унаа коюп кеткен учурлар азаймак деген пикирде.

Төрт ирет бул жерди өз эсебинен да тазалаткан. Андан кийин өтмөктү таза кармоо үчүн ижарага алып иштетүүгө мэриянын муниципалдык башкармалыгына кайрылып, уруксат алалбай койгонун айтып берди:

- Менин бир тууган эжемди дал ушул жерден унаа коюп кеткен. Кудай жалгап, колу сынып аман калган. Өтмөктүн ичи заара жыттанып турат, чыдай албайсың. Анан кантип ушул жерден адам өтсүн. Жазган арызымдан такыр майнап чыкпагандыктан, азыр аны кайтарып алдым.

Бишкекте 15ке жакын жер алдындагы өтмөк бар. Анын төртөө гана колдонулуп, калганынын абалы көңүл жылытпайт. Бул жерлер түнкүсүн селсаяктардын түнөгүнө айланган. Жарандар бир топ жылдан бери автоунаа көп жолдордон аркы өйүзгө өтүү үчүн өмүрлөрүн тобокелге салып келатышат.

Бишкек шаарынын тургуну, айдоочу болуп иштеген Барчынбек Сабырбек уулунун айтуусунда, кыймыл токтобогон кыйма-чийме жолдон айрыкча улгайган адамдардын өтүшү кыйын:

- Кары-картаңдарды жөлөп-таяп, аркы бетке өткөрүп коюуга туура келет. Шаарда аз эле өтмөктү эл колдонот да. Аларда соода күркөлөрү иштеп жатат. Ал эми Чыгыш автобекетиндеги бул өңдүү жерлер аткаминерлердин чөнтөгүнө пайда алып келбейт. Ошондой коммерциялык кызыкчылык жок болгондуктан, булардын абалы оңолбой турат.

Алматы көчөсүндөгү “Форум” имаратынын жанындагы өтмөктүн абалы мындан да жаман. Ишканалар, тигүү цехтери ушул аймакта көп болгондуктан, бул жерден адам үзүлбөйт. Аймактагы автоунаа оңдоочу жайда эмгектенген Нурлан Имангазиев машинелердин агымы токтобогон жолдон эл кооптонуу менен өтө турганын маалымдады:

- Мен билгенден он беш-жыйырма жылдан бери ушундай. Союз кулагандан кийин каралбай калган. Ошондон бери көңүл сыртта калып келатат. Оңдоп койсо эл өтмөктөн эле өтүп, тобокелге бармак эмес.

Шаардыктардын арасында бул аймакта жер алдындагы өткөөл бар экенин билбегендер да чыгат:

- Машинелердин көптүгүнөн кыйналам. Бирок айла жок, эки жакты карап өтүүгө аракеттенем. Биз, кыргыздар ушинтип көнүп калганбыз да, Кудай сактасын деп коюп жүрө беребиз.

Ошентип, Чыгыш автобекети, Алматы, Москва-Тоголок Молдо, Шлагбаум, 8-10-кичи райондордогу өтмөктөрдү кыдырып, алардын селсаяктардын, аракечтердин аймагына айланганына күбө болдук. Азыр иштеп жаткан өтмөктөрдү шаар башкармалыгы ижарага берип койгон. Ал эми кейпи кеткен өтмөктөрдүн санитардык абалына “Тазалык” ишканасы жооп берет. Мекеменин жетекчиси Рысбек Сарпашев мындай көрүнүшкө жарандар өздөрү күнөөлүү экенин, тынымсыз эле булгап, дааратканага айлантып алышкандыктан жумушчулар кыйынчылык менен тазалай турганын билдирди:

- Биздин жумушчулар шыпырып турушат. Булганыч жерди тазалоо аларга деле оңой эмес. Түндө эч ким жокто селсаяктар жатып алышат. Анысы аз келгенсип, ары-бери өткөндөр ажатканага айлантып атпайбы. Ар бир адам өз салымын кошсо, шаар таза болмок. Ичинде жарык жок, заара жыттанып турат. Ижарага берилген өтмөктөрдө соода жайлары иштегендиктен жакшы каралып атат.

Жер алдындагы өтмөктөр жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн салынат. Аларды оңдоо аракети көрүлүп жатабы деген суроого шаар башкармалыгынан жооп алалган жокпуз. Бишкекте инфраструктура, автотыгын маселеси олуттуу көйгөйлөрдүн баш сабында турары маалым. Тыгындан арылуу үчүн жер үстүндө асма өтмөк куруу демилгесин буга чейинки парламенттик шайлоо алдында айрым партиялар көтөрүп чыккан. Бирок шайлоо өткөндөн кийин алардын бул жаатта үн катканы байкала элек.

XS
SM
MD
LG