Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:02

Сербия - Косово келишимин тааныбай турган регион


Митровицадагы демонстрацияда "туңгуюктун жолу" тууралуу айтылды, 22-апрель, 2013
Митровицадагы демонстрацияда "туңгуюктун жолу" тууралуу айтылды, 22-апрель, 2013

Сербия менен Косово ортосунда мамилени нормалдаштыруу боюнча эки тараптын өкмөт башчылары кабыл алган келишим оңой менен ишке ашпай тургандай. Азыр көпчүлүк өзгөчө Косовонун түндүк аймагында сербдер жыш отурукташкан жерлерден кооптонуп турушат. Эмне үчүн?

Азыр Түндүк Косоводогу сербдер Евробиримдик демилге көтөрүп, Белград менен Приштинанын мамилесин нормалдаштырууга аракет кылып жатканына кыжырданып турушат. Мунун өзү кабыл алынып жаткан келишимди аткаруу оңой болбой турганын көрсөтүүдө.

Сербия ал келишимди кабыл алып жатканына нааразы болгон бир нече миң серб демонстранты дүйшөмбүдө Митровица шаарына чогулду. Алардын көбү "серб өкмөтү бизди сатып кетти” деп кыйкырып жатышты.

Косовонун түндүгүндөгү айрым серб муниципиалдык лидерлери “эгерде Белград Приштина менен келишимди жактыра турган болсо”, Косоводон өз алдынча бөлүнүп кете турганын, өздөрүн эгемен өлкө деп жарыялап алышарын айтышты.

Серб өкмөтүндө азыр Косово боюнча вице-премьер Крстмир Пантич бул күнкү сөзүндө дал ошол коркунуч тууралуу кыйыткансыды. Анын ишениминде, Митровицадагы нааразылык кыймылы акыры үч жол менен бүтүшү мүмкүн. Анын бири Белградга, экинчи жол Приштинага алып барат, үчүнчүсү – туңгуюк.

"Үчүнчү жол туңгуюкка кептейт, бул – тобокелчиликтин жолу, - деди ал топтолгон элге. - Бирок азыркы кырдаалда эң эле реалдуу багыт ушул көрүнөт. Биз азыр ушул тобокелчиликти кабыл алып, жаңы нерсени баштаганга аракет кылып көрсөк болчудай".

Түндүк Косоводо сербдер басымдуулук кылган төрт аймактын лидерлери да жыйында сүйлөп, алардын атынан кызыкчылыгын коргогон атайын өкүлчүлүктү түзүү зарылдыгын айтышты.

Ошол лидерлер Косово менен Сербия алаканы оңдош үчүн кабыл алып жатышкан келишимди такыр эле “легитимсиз” деп атап, Түндүк Косово “аны эч качан аткарбайт” дешти. Алар бул келишимди Сербияда жалпы элдик референдумда кабыл алууга да чакырышты.

Сөз болуп жаткан келишим азырынча серб парламенти тарабынан ратификациялана элек. Бирок серб өкмөтү дүйшөмбүдө ага колдоосун билдирди жана башкаруучу коалициядагы бардык партиялар аны жактыра тургандыгын айтышты. Мунун баары ушул аптанын этегинде Белградда парламент келишимди жактырат го деген ишенимди күчөткөнсүйт.

Дүйшөмбүдө Евробиримдиктин Тышкы иштер министри Кэтрин Эштон Сербия менен Косовонун лидерлеринин бул боюнча “эрдигин, туура көз карашын” өзгөчө мактоого алды. Келишим боюнча сүйлөшүүлөрдөгү ийгилик Еврокомиссияга Сербиянын Евробиримдикке мүчөлүгү тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого сунуш беришине шарт түздү.

Бирок Швециянын Тышкы иштер министри Карл Билдт максаттардын ишке ашышы бир топ кыйынчылыктар менен коштолоорун моюнга алгансыйт.

"Биз эл аралык дипломатиядагы ар бир маселеден көрүп жүргөндөй, максатты ишке ашыруу кээде оор болушу мүмкүн. Бирок ал акырындап, өз мезгилинде аткарылат", - деди министр.

Бирок эки тараптын ортосунда азыр мамилени оңдоо боюнча келишимдин ийгиликтүү ишке ашышы Түндүк Косоводогу жергиликтүү серб бийликтери тарабынан ал кандайча кабыл алынаарына жараша болот.

Келишимге ылайык, Сербия Косовонун эгемендигин таанышы керек, мунун ордуна Косово түндүктөгү серб коомчулугуна автономия берет. Түндүктөгү серб бийликтери Косово өкмөтүнүн ичинде Ассоциациясын түзөт да, Приштина өкмөтүнүн бир бөлүгү катары иштейт.

Маселе чыгарып жаткан нерсе - Түндүк Косоводогу жергиликтүү полиция да, соттор да Косовонун мыйзамдары боюнча иштеши керек. Ал жактагы төрт серб муниципиалитеттери көрсөткөн полиция жетекчисин да Косовонун Ички иштер министрлиги дайындайт. Анын үстүнө, Аппеляциялык сот да Косовонун борборунда дайындалат.

Мунун баарын Косовонун түндүгүндөгү сербдер “бизге ыңгайсыз, анткени биз Косовонун мыйзамдары менен жашап, анын Сербиядан бөлүнгөнүн тааныган болуп калабыз” деп кабыл алганга каршы болушууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG