Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:28

Беларус полициясы кол чапкандарды күчтөп таратты


Нааразылык акциясына чыккандарды кармоо. Минск, 3-июль.
Нааразылык акциясына чыккандарды кармоо. Минск, 3-июль.

3-июлда Беларустун эгемендик күнүндө нааразылык акциясына чыккандар аёосуз кармалып, бир тобу камакка алынды

Беларустун эгемендик күнүндө каршылык акциясына чыккандарды полиция көздөн жаш агызчу газ чачып таркатты, кыйласын кармап, камады. Социалдык түйүндөрдүн демилгесин колдогондор Минск баштаган бир топ шаарларда кол чабуу акциясына жекшемби күнү кечке жуук чыгышкан. Кол чаап чыккандардын арасында жаштар, улгайгандар жана балдарын жетелеген аялдар да жүрүштү. Кол чабуу аркылуу нааразылык билдирүү акциясын «Социалдык түйүндөр аркылуу ыңкылап» деген ат менен буга чейин Социалдык түйүндөрдүн тарапкерлери бир нече жолу уюштурушкан.



Байкоочулар эгемендик күнкү кууп таркатуу болуп көрбөгөндөй катаал болгонун айтып жатышат. Окуяга күбө болгон «Азаттыктын» кабарчысы Галина Абакунчик Минскидеги Темир жол аянтынын жанында жарандык кийимчен полиция кызматкерлери нааразылык акциясына чыккандарга каршы кандай катаал чараларды колдонгонун айтып берди:

- Мен демонстрациялардын биринен да Минскидегидейди көргөн эмесмин. Полиция өз унааларына журналисттерди, башкаларды... жолуккандын баарын ким экенине карабай кармап, сабап, салып жатат. Кишилер өзүн ала качканына карабай, полиция кызматкерлери автоунаага жүктөп атышат.

Оппозициянын «Жаз» тобунун билдиргенине караганда, бул күнү өлкө боюнча болжол менен 300дөй киши кармалды. Алардын арасында «Азаттыктын» кабарчысы да бар. Ал да акция катышуучуларынын катарында сотко чакырылууда.

Камакка алынгандардын арасында 3-июлдагы эртең мененки расмий салтанатка жол таап кирип кетип, кол чабууга аракет кылган бир нече активист да бар. Эгемендик салтанаты маалында бир нече саат бою жол тосулуп, катуу текшерүү жүрдү. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Беларус кызматынын интернет сайты да бир нече саат тосмолонду.

Лукашенка кубаттуу аскерий парад менен коштолгон салтанатта сүйлөгөн сөзүндө акыркы нааразылык акциялар үчүн чет өлкөлөрдү айыптады:



- Кимдир бирөөлөр айрым өлкөлөрдүн баш калааларынан көчүрүлгөн абийирсиз «гүлдүү ыңкылаптын» сценарийин көчүрүп келүүгө аракет кылып атышат. Муну биз ишенимсиздикти, кооптонууну жайылтуучу, коомдогу ынтымакты ыдыратуучу, акырында биздин жетишкен көз карандысыздыгыбызды жок кылуучу максаттуу аракет деп түшүнөбүз. Бул ишке ашпайт!

Лукашенканын оппозицияга каршы катаал саясаты декабрдагы президенттик шайлоодон кийин күч алган. Шайлоону айыптаган массалык нааразылыктарга байланыштуу президенттикке башкы атаандаш Андрей Санников баштаган таасирдүү оппозиция лидерлери 5 жылга чейин кесилишти. Ага удаа каржылык кризис күчөдү.

Демократиялык коомчулук буга чейин каржылык кризисти эске алып, көп каражат талап кылынган эгемендик күнүн белгилебөөгө бийликти чакырган. Бирок мындай сунуш колдоо тапкан жок. Эгемендик күнү салтанатка Лукашенка өзү да, 6 жаштагы уулу Николай да аскер кийимин кийип чыгышты.

Лукашкенканын бул күнкү сөзү кол чабуулар менен коштолгон жок, айрым байкоочулар Лукашенканын сөзүнөн кийин кол чабуу бийликтин талабына каршы келеби деп чочулаган үчүн ушундай жагдай түзүлдү деп жатышат. Күч бийлиги бул күнү ардагерлерди жана аскерлерди колдоодон башка учурда кол чабууга тыюу салган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG