Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

"Баары күйүп, күм-жам болду". Ак-Сайдын ыйы


85 беш жаштагы Пайзыла Ысманов чек арадагы куралдуу кагылышта талкаланган үйүнүн жанында. Ак-Сай, Капчыгай айылы. 21-сентябрь, 2022-жыл.
85 беш жаштагы Пайзыла Ысманов чек арадагы куралдуу кагылышта талкаланган үйүнүн жанында. Ак-Сай, Капчыгай айылы. 21-сентябрь, 2022-жыл.

16-17-сентябрдагы чек арадагы жаңжалда Баткен районунун Ак-Сай айылы катуу бүлүнүп, үйлөр тыптыйпыл талкаланган. Айыл бир нече тургунун жоготту.

"Жалгыз уулумдун күйүтүнөн абалым начар..."

Чек арадагы куралдуу кагылышуу Ак-Сай айылынын тургуну Таалайбек Назаралиевдин жай турмушун бир заматта астын-үстүн кылды. Анын жалгыз уулу курман болсо, жашап турган үйү толугу менен өрттөлдү.

Назаралиев аман калган жубайын, эки кызын коопсуз жайга көчүрүп, өзү Ак-Сайда калды. Таалайбек Назаралиевдин күлү көккө сапырылган үйүнө барганыбызда, ал кайгыдан кан жутуп, буларды айтып берди.

"Ушул жоокер баламдын бөлмөсү эле, бул жакта сүрөттөрү бар болчу, баары өрттөнүптүр. Кийимин да таппаймын… Ак-Сай боюнча алты жоокер Кожогар деген жерде күзөттө турушкан. Уруш башталганда жардам барыш керек эле да. Жардам барган эмес. Алар көпкө чейин салгылашып, туруштук берип турган, кийин курчоодо калып кеткен. Эч кимиси качкан эмес. Ата мекен үчүн жандарын курман кылышты. Балам өзү эл-жерин коргойм деп максат кылчу.

- Жалгыз уулуңуз беле?

- Ооба, жалгыз уулум болчу. Ушинтип кайтыш болуп кетти".

Чек ара кызматынын жоокери Даниел Таалай уулу аскерде кызмат өтөп келгенден кийин келишимдик негизде Ак-Сай айылында иштеп жүргөн. Чек арага жакын айылда чоңойгон жигит мекенди коргоо негизги милдет деп билчү. Даниел 16-сентябрда 20 жашка чыкмак.

"Уулумдун күйүтүнөн абалым начар. Түндөсү уйкум бузулуп, жакшы уктай албайм. Ыйлайм, кайра соороном, кайгымды ушинтип жеңем. Башка айла-амалым жок. Эми эки кызым калды. Мындан ары бул жакта кандай жашоо болот билбейм",-деди Таалайбек Назаралиев.

Ак-Сай: жакынын жоготкон тургундар
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:25 0:00

"Тажикстандын беш чопкутталган техникасы чогулду"

Соңку куралдуу кармашта Ак-Сай айылы жаңжалдын очогуна айланган. Беш миң тургун жашаган айыл 40 миңге жакын калкы бар Тажикстандын Ворух анклавына чектеш турат.

Чек арадагы каргашалуу күндү Ак-Сай айылынын тургуну Заирбек Кадыров мындайча эскерди:

"Мен мобу дөңсөөгө келгенимде Тажикстандын беш чопкутталган техникасы чогулду. Мен дүрбү салып карап отургам. Бул тууралуу дароо WhatsApp тайпаларга кабарладым. Алар Кыргызстандын аймагын көздөй тизилип жөнөгөндө баарына WhatsApp аркылуу да, телефон чалып да айткам. Алардын аскер техникалары да, жоокерлери да тынымсыз аткылап турду".

Айылдагы Бусурман Хожаев атындагы мектепке өрт коюлуп, эки кабат билим уясы толугу менен жарактан чыккан. Анын короосунда жарылбай калган 10 чакты снаряд жатат. Мектеп толугу менен күйүп кеткен. Ичи ыш жыттанып турат. Класстардын терезелери талкаланган.

Буга чейин бул жерде иштеп жаткан аскер кызматкерлери бизге терезелерден Молотов коктейли ыргытылган болушу мүмкүн деген божомолун айткан. Полдо жаткан оозу сынык бөтөлкөдөн "Тажикстан" деген жазууну окудук.

Былтыркы чек ара жаңжалында Ак-Сайдын жака белинен он чакты үй өрттөлгөн эле. Бул жолкуда 180ден ашууну жараксыз болуп калганы расмий айтылды.

"Баары күйүп, күм-жам болду..."

85 беш жаштагы Пайзыла Ысманов өмүрүн Ак-Сайдын карамагындагы Капчыгай айылында өткөрдү. Соңку жылдары жанаша жашаган эки элдин ортосунда ар кандай чыр-чатак чыгып турса да, быйылкыдай окуя биринчи жолу болуп жатканын айтты:

"Үстүмдөгү кийимимден башка эч нерсе калбады. Паспортумду алдым эле, ошол калды, башка баары күйүп кетти. Эч качан мындай болгон эмес, мындай болот деп ойлогон да эмеспиз. Эми кара, баары күйүп, күм-жам болду. Алмалар да бышып калган эле… Өткөн жылы Бакайда чыр чыгып, жети-сегиз үйдү өрттөштү, бул жакка жеткен эмес болчу. Балам "Ата, тез качыңыздар, уруш башталды!" деп чалып калды. Туруп эле машинеге отуруп качып жөнөдүк. Нандан башка эч нерсе алганыбыз жок. Жолго чыксак, айылда эч ким калган эмес окшойт, баары качып кетип баратат. Өрлөй баштаганыбызда бул жакта атыш башталды. Кырга чыгып, бир топко тиктеп отурдук. Кийин Раватка кеттик. Раватта бир кече жатып, андан ары Бүргөндүдө кызым бар эле, ошонукуна өтүп кеттик. Азыр ошол жактамын".


Капчыгай менен Ак-Сай айылын дарыя бөлүп турат. Ак-Сайга салыштырмалуу Капчыгай же жергиликтүүлөр Танги деп атаган айылда бүтүн калган үй-жай жокко эсе. Аталган кыштакта жүзгө жакын үй болсо, анын токсонго жакыны өрттөлгөн.

Ак-Сай жана ага караган Капчыгай айылынын тургундары толугу менен үйлөрүнө кайта элек. Учурда эркектер гана келип, күйгөндөн калганын түгөлдөп, каза болгон жакындарына Куран түшүрүүдө.

"Алты айылдашыбыздан ажырадык..."

Нурланбек Дубанаев, Ак-Сай айылына караштуу Капчыгай айылынын тургуну.

"Ошол каргашада айыл алты адамынан ажырады. Авам Ак-Сай айылындагы чек арадагы биринчи үйдө жашачу. Буга чейин болгон кагылыштарда да качкан эмес болучу. 16-сентябрда башталган урушта авам 53 жашында каза тапты. Биз он бир бир тууганбыз. Маркум авам эң улуубуз эле. Курманбек авам кыргыз эли, кыргыз жери үчүн кармашып, баатырларча курман болду. Ошол кырсыктан бери мен бир күн дагы уктай албайм…".

Нурланбек Дубанаевдин агасы Курманбек Дубанаев өзүнүн туулган күнүндө, 16-сентябрда курман болду. Анын сөөгү чек арадагы үйүнөн жүз элүү метр ары жерден табылган. Муркумдун, анын бир туугандарынын үйлөрү да толугу менен күйүп кеткен.

Айылдагы аскер бөлүгүнүн жанында жашаган Бекзат Надыровдун үйүнө бир нече снаряд түшкөн. Анын кээ бири жарылбай калса, экөө жашаган үйүнө тийген.

"Снаряд үйдүн чатырына да, ашкананын чатырына да түшкөн. Үйдүн чатырын да, ашканадагы тандыр-очоктордун да баарын талкалаган. Тамаркага да келип түшкөн. Үйдүн шыбын бузуп, полго чейин кирип кеткен. Тиричилик буюмдарынын баарып керектен чыгарыптыр. Кудай сактап, газ баллон жарылбай калыптыр. Болжолдуу түрдө 1.5 миллион чыгым болуптур".

Бекзат Надыров Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ак-Сай айылдык бөлүмүндө иштейт. Ал жаңжал башталган күнү кесиптештери менен айылдан кетпей, элдин качып чыгышына жардам берген. Ошол күнү Надыровдун кесиптеши курман болду.

"Айылды калыбына келтирип, өрттөнгөн үйлөрдү кайра куруп жашашыбыз керек, мекен чегин коргош керек. Бул биздин жер, биздин айыл, ата-бабабыз ушул жерде жашап келген – кандай болбосун сактап калышыбыз зарыл! Мамлекет колго алып, чек араны тактаса, тынчтык заман болор. Тилегибиз эле тынчтык, кайра тууган жерибизге келип, балдардын күлкүсүн угуп тынч жашоо", - дейт Бекзат Надыров.

Бекзат жана анын жердештеринин үй-бүлөсү алыскы шаар-айылдарда, бир даары Бишкекте баш калкалап жүрүшөт. Ак-Сайдагы жашоо чек арадагы абал толук турукташып, корккон элдин жүрөгү ордуна келгенде гана жанданчудай.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 14-17-сентябрь күндөрү Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын саны 432ге жетти. Айылдардан жарылбай калган 78 снаряд табылып, алар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылган.

Расмий Бишкек "куралдуу агрессия" деп баалаган кыргыз-тажик чек арасындагы 14-16-17-сентябрдагы кагылышуудан Кыргызстанда 59 адам мерт болгону расмий кабарланды. 200дөй адам түрдүү жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жактарга эвакуацияланды. Алар качан үйлөрүнө кайтып барып, турак жайлар качан оңдолору белгисиз болуп турат.

Тажикстандын бийлиги 41 жараны мерт кеткенин 19-сентябрда расмий маалымдады. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 70 киши каза болгонун, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар талкаланганын жазды.

Бул маалыматтарды көз карандысыз башка булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG