Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:46

Азербайжандын кризисти токтотуу амалы


18-январда нааразылык жүрүштөр Жалилабад районунда уланды.
18-январда нааразылык жүрүштөр Жалилабад районунда уланды.

Азербайжандын парламенти экономикалык жана каржылык кризисти жоюу чараларын бекитти. Шейшембиде мыйзам чыгаруучулар Борбордук банктын башчысы Элман Рустамовдун планын жактырышты.

Азербайжандын улуттук банкы сунуштаган планга ылайык, эми валютаны сыртка алып чыгуу үчүн жалпы суммадан 20 пайыз салык төлөнөт. Бул чаралар жарандар тышка дарылануу же билим алуу үчүн алып чыккан акчага тиешеси жок.

Борбордук банктын башчысы Элман Рустамов мындай чаралар “өлкөдө экономикалык стабилдүүлүктү сактаганга жана манатка ишенимди жогорулатканга” өбөлгө берерин айтууда.

Соңку бир айдын ичинде эле улуттук акча бирдиги- манат АКШ долларына салыштырмалуу кунун 33 пайызга жоготкон. Мунайдын баасы арзандап кеткенине байланыштуу манаттын наркын сактап калуу максатында өткөн жылы Баку өзүнүн улуттук валюталык корунун дээрлик жарымын сарптаган.

Азербайжандык эксперт Натиг Жафарли “Азаттыкка” курган маегинде улуттук валюта резерви күндөн-күнгө төмөндөп баратканын баса белгиледи:

- 2014-жылдын октябрь айында эле 15 миллиард 800 миллион доллар бар болчу, азыр бул көрсөткүч тарыхый минимумга чейин түшүп, болгону 5 миллиард доллар калды. Ал резерв да күндөн күнгө жоголуп баратат. Өлкө экспортунун 94 пайызын-мунай, мунай заттары менен газ түзөт. Бюджет мунайдан түшкөн жана Орусиядагы мигранттар салган каражат менен толукталчу. Бул да оной акча эмес эле. Кризиске чейин жылына бери дегенде 3,5-4 миллиардга жетчү. Азыр эми Орусиядан түшкөн акча да он эсе кыскарды. Ал эми импортту алсак, айрым тармактар толугу менен импорттон көз каранды. Маселен, кийим-кече, дары-дармек, машина куруу сектору жана автоунаа базары.

Азербайжандагы нааразылык акциялары 15-январдан бери уланууда.
Азербайжандагы нааразылык акциялары 15-январдан бери уланууда.

Өткөн ишемби күнү Иранга каршы эл аралык санкциялар жоюлгандан бери Азербайжандын экономикасы үчүн чоң коркунуч туулганы айтылууда. Эксперттер билдиргендей, буга чейин Орусия, Иран менен да чектеш жайгашкан Азербайжандын аймактагы маанилүүлүгү артып, Батыштын жалгыз өнөктөшү болуп келген. Эми АКШ менен Ирандын кызыкчылыктары дал келе баштаган соң Баку мурунку ордун жоготуп коюшу ыктымал.

Эксперт Натиг Жафарли Бакунун Батыш менен алакасын оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт:

- Азербайжан кайра Батыш моделине кайтып келип, Батыш өлкөлөрү менен кызматашуусун улантышы мүмкүн. Президент Алиев Вашингтонго чакырылган. Март айында ал ядролук коопсуздук боюнча АКШда өтө турган саммитке катышат. Февралда Бакуга Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Могеринин келээри күтүлүүдө. Бийлик менен кеңири сүйлөшүүлөр болот деп айтылууда. Эгер бийлик мына ушул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, Батыш менен алака-катышын оңдоп алса жакшы болот. Бирок бул мамилени калыбына келтириш үчүн Баку айрым кадамдарга барышы керек: биринчиден, албетте, саясий куугунтук көргөндөр боюнча кырдаалды оңдош керек.

Мунайдын дүйнөлүк баасы төмөндөгөн сайын Баку да кризиске кептелүүдө. Адистер Азербайжандагы мунайдын кору бир нече жылдан кийин түгөнөрүн белгилешет. Ал эми газдын запасы болсо коңшу Иранга салыштырмалуу кыйла аз. Газ кору боюнча Иран дүйнөдө Орусиядан кийинки эле экинчи орунда турат. Ал эми Азербайжан газга бай жыйырма мамлекеттин да катарына кирбейт. Мунайдын баасы соңку 18 айдын ичинде 70 пайызга арзандады. Өткөн декабрда Азербайжан бийлиги манаттын курсун эркин кое берген. Мындай кадамдан улам көптөгөн азерилер банктагы акчаларын чыгарып кетишкен. Өткөн аптада аэропорттордо, мейманканаларда жана банк бөлүмдөрүндө чет элдик валютаны сатууга тыюу салынды. Манат нарксыздана баштаганына байланыштуу экономикалык абал кескин начарлап, элдин көчөгө чыгышына түрткү болду.

15-январда бир нече шаарларда жүздөгөн адамдар наарызылык акцияларын уюштурушту. Жыйынтыгында ондогон адамдар камакка алынды. Бийлик митингдерди уюштурду деп оппозициялык партияларды айыпташууда. Ал эми оппозиция өз кезегинде бул айыптоолорду четке кагууда. 18-январда нааразылык жүрүштөр Жалилабад районунда уланды.

Ушул эле күнү президент Илхам Алиев минималдык пенсияны жана мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасын 1-февралдан тарта 10 пайызга көтөрүүгө буйрук берди. Азербайжанда орточо айлык - 460 манат же 287 долларды түзөт.

XS
SM
MD
LG