Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Фрида Кало: кайгы-капага чөкпөгөн живописчи


Фрида Кало. Мойнуна шурудай тикенек тагылган автопортрет. 1940-жыл.
Фрида Кало. Мойнуна шурудай тикенек тагылган автопортрет. 1940-жыл.

Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жан тумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жан дүйнөсүн ачып көрсөткөн сюрреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт.

Фрида Кало: «Мен кайгы-капамды чөктүрүп ийгенге көп аракет кылдым, бирок бул бетпактар болбой эле суу үстүнө калкып чыга беришти».

Бул эмне болгон кайгы? Ал убайым-санааны билиш үчүн Фрида Калонун өмүрүнө учкай сереп салалы.

Фрида алты жашында полиомиелит менен ооруп, тогуз ай төшөктө өткөрөт. Ооруканадан чыккандан кийин балжуурандай кыз сылтып басчу болот. Себеби, атрофиядан улам оң бутунун булчуңдары жакшы өспөй, сол бутунан бир элидей кыска болуп калган.

Фрида Кало. «Суу мага эмне берет?» 1938-жыл.
Фрида Кало. «Суу мага эмне берет?» 1938-жыл.

1925-жыл. 17-сентябрь, Мехико шаары. Автобус менен трамвай кагылышып, бир нече жүргүнчү мүрт кетет. 18 жаштагы медик-студенттин кыр аркасы, куймулчагы, оң буту бир нече жеринен сынат, оң бутунун кетмени жанчылып, курсагын шиш темир көзөп өтөт. Кечээ эле ууз сүйүүдөн ажары ай, дүнүйөсү шай болуп турган бийкеч үч ай жылбай жатат. Эрки күчтүү селки өзүн алаксытыш үчүн керебетке орнотулчу мольберт жасатып алып, бет маңдайына илинген күзгүнү карап, өзүнүн сүрөтүн май боёк менен тарта баштайт. Бул сүрөттөрүндө, кийин өзү жазгандай, «заттарды кандай көрсө, ошондой тартат».

Кырсык ошентип алаша сулууну дарыгер болуу мүдөөсүнөн баш тарттырат.

II

Фрида Кало: «Менин жашоомдо эки авария болду: бири - автобус трамвайды сүзүп алганда, экинчиси - Диего».

Диего! Диего Ривера - Мексиканын монументалдык живописи же Мексика мурализми деген агымдын негиздөөчүлөрүнүн бири. Фридадан 20 жаш улуу.

Үч жыл мурдагы кырсыктан бутуна турган Фрида студент курдаштарына кайра аралаша баштап, алар аркылуу Мексиканын Компартиясына кошулат. 1928-жылы июнь айында санаалаштары аркылуу өлкөгө белгилүү муралист-живописчи Диего менен таанышат. Катын камбыл Д. Риверага маралдай керилген, каштары куштун канатындай туташкан селкинин улуттук колориттеги сүрөттөрү да, бөкөндөй сереңдеген мүнөзү да жагат.

Фрида Кало. «Дигео Ривера жана мен». 1931-жыл.
Фрида Кало. «Дигео Ривера жана мен». 1931-жыл.

Фрида Кало менен Диего Ривера ошол эле жылы баш кошушат. Далдайган Диего жаңы кайненесине жакпайт. «Экөөнүн үйлөнүүсү көгүчкөн менен пил союз түзгөндөй окуя болду» деп мүнөздөйт никени дона Магдалена. Бирок кызынын колунда бар атактуу сүрөткерге күйөөгө чыгышын колдойт.

Алардын үй-бүлөлүк турмушун таттуу да, туздуу да, ачуу да, ширин да сыпаттаса болот. Кало жана Ривера бир ажырашып, кайра табышат. Бирок ортодогу сүйүү өчпөйт. Фрида Диегонун талантына, баладай баёолугуна суктанса, Диегону Фриданын оргуштаган энергиясы, оргу-баргы мүнөзү, «алоо сезими» магниттей тарткан.

III

Фрида Кало: «Менин Диегом:... Сенин сөздөрүң ааламды сейилдеп жүрүп, менин клеткаларыма жетет. Клеткаларым - алар менин жылдыздарым жана сенин жылдыздарың. Сенин жылдыздарың - менин күн шоолам».

Авариядан алган жарааттарынын сөөк зыркыраткан азабынан кыйналган Фриданын алгачкы жылдардагы сүрөттөрүнөн, адистер баамдагандай, Ренессанс доорунун чеберлери Сандро Боттичели менен Агноло Бронзинонун жана Амедео Модильяни сыяктуу европалык авангардчы-сүрөтчүлөрдүн таасири оркоюп көрүнөт.

Фрида Кало. «Жаракалуу колонна». 1944-жыл.
Фрида Кало. «Жаракалуу колонна». 1944-жыл.

Бир жээкке байланбай, өз багытын издеген Фрида Кало 1930-жылдардын башында Мексиканын Колумбияга чейинки элдик сүрөттөрүнөн башат издей баштайт. Ушу мезгилден тартып, анын картиналарында реализм сюрреалисттик элементтер менен жуурулуп, тулкусуна коргошундай төнгөн оору менен өлүмдү жанаша көрө баштайбыз. Бул мотив азапкөй сүрөткердин эмгектерин өмүрү өткөнчө коштойт. Себеби, жол кырсыгында алган жараатынан улам омуртка тутумуна өткөрүлгөн ок темир денесин ширедей кармап турган.

IV

Диего Ривера менен баш кошуу Фрида Калого акчалай эркиндик берет, сырт дүйнөгө эшик ачат, дүйнө таанымы кеңейет. Жубайлар 1930-1934-жылдарды АКШда өткөрүшөт. Сан-Францискодогу алгачкы жарым жыл Фрида үчүн жемиштүү болот. Ал жөнөкөй мазмундагы элдик сүрөттөрдүн негизиндеги өз стилин дагы тереңдетип, биринчи жолу аял сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүнө «Фрида жана Диего Ривера» деген эмгеги менен катышат. Ал эми Детройтто бир да көргөзмөгө сүрөтүн койбойт. Бирок, «The Detroit News» гезитине чыккан «Залкар муралисттин аялынын бекерчиликтеги эрмеги - живопись» деген маеги менен шаардын чыгармачыл чөйрөсүнүн көңүлүн өзүнө бура алат.

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:17 0:00

V

1930-жылдары Мексикада Диего Ривера, Хосе Клементе Ороско, Давид Альфаро Сикьерос башындагы алп монументалисттер популярдуу эле. Фрида алардын улутчулдук идеясын бөлүшкөнү менен чоң фрескаларга кызыкпайт, жан кыйнаган азабын баяндаган сүрөттөрдү тартып, ретабло стилинде көп иштейт. Ретабло – олуялардын касиетин даңктап-алкаган сюжеттик сүрөт. Ал демейде алакандай темирдин бетине тартылат. «Ушинтип Мексика маданиятына жан киргизет, популярдуу маданиятка айланат» дейт мексикалык филолог Марисела Бесерага (Maricela J. Becerra, University of California, Los Angeles).

Фрида Кало 18 жашында кабылган авариянын кесепетинен бала көрбөйт.

VI

Фрида Кало: «Менин сүрөттөрүм оорунун азабын чагылдырат... Сүрөттөр жашоого акыркы чекити коёт. Мен үч баламды жоготтум... Сүрөттөр алардын баарын алмаштырды».

Париждин дүйнөгө таанымал Лувр музейи 1939-жылы Фрида Калонун «Рама» деген автопортретин сатып алат. Эзелки индейлердин сүрөттөрүнө шыктанып тартылган бул сүрөт - Лувр музейи мексикалык сүрөтчүлөрдөн сатып алган биринчи эмгек.

Фрида Кало. Автопортрет. 1940-жыл.
Фрида Кало. Автопортрет. 1940-жыл.

Ал Парижде Пабло Пикасо, Жоан Миро жана башка белгилүү сүрөткерлер менен таанышып, алардын жылуу сөздөрүн угат.

Бул окуялар, албетте, Фрида Калону өзүнө таандык стилде иштешине ого бетер дем берет. Ал сүрөтчүлүктү да, буркан-шаркан түшкөн ишмердүүлүгүн да улантат. Бирок ден соолугу оңолбойт. 1953-жылы гангрена каптап, оң буту ампутация болот. Кийинки жылы Мехикодо анын туңгуч көргөзмөсү өтөт. Оорулуу сүрөткер көргөзмөнүн ачылыш аземине «Тез жардам» менен келип, кечке залдан кетпей керебетинде жатып өткөрөт.

Фрида Кало 1954-жылы 13-июлда 47 жашында көз жумат. «Кеткенди кубанып күтүүдөмүн жана экинчи келбейм деп үмүт кылам. Фрида»,-деп жазган эле ал өлөрүнөн бир нече күн мурун.

VII

1955-жылы Мехико шаарынын Койоакан районунда Фрида Калонун үй- музейи ачылат. Ал бүгүн Мексикадагы эл эң көп барган музей.

1970-жылдардын экинчи жарымында Мексикада Фрида Калонун трагедиялуу тагдырына арналган эки китеп чыгат. Бу тушта окумуштуу-феминисттер аял сүрөтчүлөрдүн жана Батыш дүйнөсүнөн сырт өлкөлөрдүн сүрөткерлерин көркөм тарыхый канондорго кошууну талап кылган макалаларды жарыялашат. АКШдагы латын америкалыктардын Чикано кыймылы Фриданы эн белги икона кылып алат. Ушинтип Калонун өмүрүнө жана эмгектерине кызыгуу жазгы кирген суудай жанданып, «фридомания» кулач жаят.

Фрида Кало. «Эгиз Фрида». 1939-жыл.
Фрида Кало. «Эгиз Фрида». 1939-жыл.

Сүрөттөрү Сотби аукционуна чыгат. 1977-жылы «Үмүттүн дарагы бекем турат» 19 миң долларга кетет. Латын Америкалык сүрөтчүлөрдүн ичинен биринчи болуп, Фрида Алонун сүрөтү миллион доллардан ашык суммага сатылган. 2006-жылы «Тамырлары» 5,6 млн. долларга, 2016-жылы «Токойдогу эки мажнуну» 8 млн. долларга кетти.

2002-жылы Лондондогу атактуу «Tate Modern» галлереясы Фрида Калону «XX кылымдын көйкашка сүрөткерлеринин бири» деп атаса, көркөм сүрөт өнөрүн изилдеген тарыхчы Элизабет Бэйквелл «Мексиканын XX кылымдагы маанилүү инсандарынын бири» деп сыпаттайт.

2000-жылдардын Кало жөнүндө бештей китеп жана музыка жазылды, ондон ашуун көркөм жана даректүү фильм тартылды. 2002-жылы Сальма Хаек башкы ролдо ойногон фильм 56 млн. доллар киреше таап, тасма алты номинацияда Оскар сыйлыгын жеңет. Театрда ага арналган балет коюлуп, он чакты спектаклдер жүрүүдө. Көргөзмөлөрү ат тезегин кургатпай дүйнө шаарларында болуп жатат.

VIII

Сүрөткер өз мекенинде канчалык популярдуу? Калифорния университетинин испан тили жана адабияты кафедрасынын аспиранты Марисела Бесерага:

«Фрида Кало Мексикада сүрөткер жана чыгаан аял катары белгилүү деп айтат элем, - дейт. - Ага популярдуу болуш үчүн узак мезгил керек болду. Азыр Мексиканын чоң музейлеринде Фрида Калонун эмгектери жок. Күйөөсү Диего Риверанын сүрөттөрү Мехико шаарындагы музейлерде толтура. Бүгүн Фрида Калонун ысымы аттын кашкасындай белгилүү. Ал өзүнчө эле иконага айланган. Фрида Кало Латын Америкасында Мексикадан да популярдуу. Ал АКШдагы мексикалык-америкалык аялдар арасында да популярдуу. Ал икона иретинде аялдардын аң-сезиминде ревоюция жасап, аларга дем берүүдө».

Фриданын атасы Гилермо Кало тарткан фотографиясы. 1932-жыл.
Фриданын атасы Гилермо Кало тарткан фотографиясы. 1932-жыл.

Пуритандык көз караштан алганда, Фрида Кало тулкунун көп бөлүгүн өз сүрөттөрүндө жаап-жашырбайт (vulgar). Муну католик дининдеги түштүк америкалыктар кандай кабыл алышат?

«Фрида Калонун Мексиканын өзүндө популярдуу болушуна ондогон жылдардын кеткени дал сиз айткан вульгаризмге байланыштуу деп ойлойм. Себеби, сүрөткер Мексиканын салт-санаасына каршы турат. Ал кезде эле эмес, бүгүн да. Мисалы, анын денесин жылаңач көрсөткөн сүрөттөрү көп. Автоунаа поезд менен сүзүшүп, катуу жарадар болгондон кийин Фрида Кало көп жолу операция болгон. Ошол кырсыкты, ал денесине салган тактарды сүрөттөрүндө көрсөтүп жатпайбы. Ошон үчүн Фрида Кало феминизмдин символуна айланды», - деди мексикалык жаш илимпоз Марисела Бесерага.

Ал эми Мехикодогу Монтеррей техникалык университетинин студенти Регина Родригес Эстрада мындай дейт:

«Мексикалыктар үчүн Фрида Калого караганда Диего Ривера маанилүү. Кээ бир мексикалыктар Диего Ривераны аялына караганда алда канча таланттуу деп баалашат. Кээде «кызуу кандуулукка алдырган» деп Фриданы жек көрүшөт. Дагы бирөөлөр Фрида жараатынан көп кыйналганына карабай сүрөт тартканы үчүн асманга көкөлөтүшөт. Palacio Nacional (Улуттук Ак Сарай) - Мехико шаарындагы эң тарыхый жай. Анын дубалдарын Диего Риверанын Мексиканын 1000 жылдык тарыхына арналган фрескалары кооздойт. Фридада андай сүрөттөр жок. Фриданын эмгектерин башка өлкөлөрдүн музейлеринен гана көрөсүз. Ооба, Фрида өз тагдыры менен маанилүү. Мексикалыктар Фриданы трагедиялуу тагдыры, өзүнө гана таандык стили үчүн жакшы көрүшөт. Фрида дүйнөгө өз тагдыры менен таанылды. Диего Ривера дүйнөгө Фриданын күйөөсү катары белгилүү. Ал эми Мексикада Диего Ривера Фрида Калого караганда алда канча баалуу. Деген менен, кээде экөө тең маанилүү».

Регина Родригес Эстрада.
Регина Родригес Эстрада.

20 жаштагы бийкеч Диего Риверанын фрескаларын жакшы көрө турганын белгилей кетти:

«Мен өзүм болсо Диегонун эмгектерин жакшы көрөм. Ал Мексиканын тарыхына байланыштуу сүрөттөрдү тартты. Фриданын сүрөттөрүнөн анын жашоосун гана көрөбүз. Мага Фриданын кантип сүрөт тартканы кызыктуу. Ал кандай жашаганын элестете албайм. Ал көп кыздар үчүн модалуу икона. Мен үчүн Мексиканын тарыхынын ажырагыс бөлүгү катары эки сүрөткер тең баалуу. Лондондо болгонунда Фрида Калонун сүрөттөрүн көрө албадым. Себеби, билеттер сатылып кеткен экен. Фриданы дүйнө элдеринин сүйгөнү жакшы да».

IX

Фрида Кало бүгүн товардык бренд да. Былтыр «Mattel» компаниясы сүрөткерди Барби куурчак кылып, сатыкка чыгарды. Азыр сүрөткердин атындагы косметика, текила, сыра, зергер буюмдар, түркүн кийимдер бар. 2010-жылы Мексиканын Улуттук банкы Калонун элеси жана сүрөтү түшүрүлгөн 500 песолук банкнот чыгарган. Акчанын бир бетине Диего Риверанын сүрөтү басылган.

Фрида Кало. «Жараланган марал». 1946-жыл.
Фрида Кало. «Жараланган марал». 1946-жыл.

Фрида - АКШда почта маркасы арналып чыгарылган биринчи мексикалык аял. 2007-жылдын 26-сентябрында кичинекей планеталардын бирине Фрида Калонун аты берилген. Ал планета азыр Аалам койнунда сызып жүрөт.

Фрида Кало: «Мен өлүп калбасын деп гүлдөрдү сүрөткө тартам. Мен өз чындыгымды сүрөткө тарттым».

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG