Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Армияда дагы бир жоокердин өмүрү кыйылды


Кызмат өтөп жүрүп каза болгон Сыргак Сабырбеков.
Кызмат өтөп жүрүп каза болгон Сыргак Сабырбеков.

Кыргыз армиясынын катарында кызмат өтөп жаткан дагы бир жоокер каза болду. 19 жаштагы Сыргак Сабырбеков 18-августта кечинде күзөттө турганда өзүнө ок чыгарып, алган жараатынан ошол жерде жан бергени айтылды. Маркумдун агасы Коргоо министрлигинин расмий маалыматына ишенбей турат.

19-августта президент Садыр Жапаров жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Бирок маалыматта так кайсы кемчиликтер экени айтылган жок.

"Армиядан алып калайын десем, болбой койгон"

Бир нече жылдан бери Орусияда иштеп жүргөн Алымбек Сабырбеков Кыргызстанга атайын келип, бир тууганы Сыргак Сабырбековдун армиядан чыгышын күтүп жаткан. Экөө туулуп-өскөн Ысык-Көлгө чогуу барууну пландап жүрүшкөн. Эми айылга октон каза болгон инисинин сөөгүн коштоп бара жатат.

"Армияга өз калоосу менен кеткен. Ага чейин окуп жаткан эле. Мен болсо ушуларды чоңойтом деп Москвада жүргөм. Армиядан алып калайын, барбай эле койчу десем, иним болбой койгон. Ал мага бир жыл бат эле өтүп кетерин айтып туруп алды. Эми бир боорумдан айрылып калбадымбы... Кабар түндө келди".

2003-жылы туулган Сыргак Сабырбеков аскерге кызматына 2021-жылы күзүндө чакырылган. Ага чейин Каракол шаарындагы музыкалык окуу жайда билим алып жаткан.

Армияда дагы бир жоокердин өмүрү кыйылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:52 0:00

Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, жоокер 18-августта күзөттө турганда өзүнө ок аткан. Алдын ала маалыматтарда ок чекесине тийип, кежигесинен чыгып кеткенин айтып жатышат.

Бирок маркумдун агасы Алымбек Сабырбеков инисинин өз жанын кыйганына ишенбей турат. Анткени аны шек саната турган бир нече жагдайлар бар деди ал.

“Буга чейин буту ооругандыктан поликлиникага жатканын айткан. Сурасам өтүктөн ушундай болду деп койгон эле. Бирок ошол учурда мурдагыдай видео чалуу кылган эмес. Эмне болуп жатканын билбей калганбыз. Кийин акча көп сурап калды. 100-500 сомдон которуп турдук. Акча жерге кирсин. Иним аман калса эмне!".

Маркум Сыргак Сабырбеков кызмат өтөгөн Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда 2018-жылы да өлүм катталган. Анда 2-курстун студенти тепкичтен кулап кетип, каза болгону айтылган.

Июнь айынын башында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокердин табарсыгы жарылгыча катуу сабалганы белгилүү болгон. Ур-токмокко кабылган Бекзат Эсенбеков армиядагы офицерлердин өкүм зордугун ачыктап, "алар сураган акчасын беребесең, сабай турганын" айтып берген. Кийин эки тараптын элдешип алганына байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

Министрдин жообу, армияны текшерүү талабы

Ушуну менен быйыл июль айынан бери кызмат өтөп жатып төрт аскер каза болду.

17-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош шаарындагы 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Алканбек Мавлан уулу көз жумган. Ал басып баратып эле кулап, ошол бойдон турган эмес. Маркум үйдүн жалгыз эркек баласы болгон. Анын атасы баласынын ден соолугу чың болгонун "Азаттыкка" айткан.

29-июль күнү эртең менен саат 8:30 да Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясын кайтарып турган жоокер көз жумду. Маркум автоматтан өзүн атып алганы айтылган.

4-июлда Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон. Анда да "куралды этиятсыз колдонгон" деген расмий маалымат берилген.

Кызматта жүрүп каза болгон жоокерлердин жакындары расмий версияга ишенбей, шектүү жагдайлар көп экенин айтып келишет.

19-августта президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн коргоо министри Бактыбек Бекболотов катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматта так кайсы кемчиликтер экени айтылган жок.

Бактыбек Бекболотов “Азаттыкка” маегинде, “соңку окуялар балдардын армияга даяр эместигинин көрүнүшү” деген.

“Куралдуу күчтөрдөгү болгон окуяларды Коргоо министрлигинин дарегине кошо берүү туура эмес. Тилекке каршы, бул тармактагы ар кыл түзүмдөрдө ушундай терс окуялар болуп кетип жатат. Бул деген азыркы күндөгү жаш балдардын даяр эместигинин көрүнүшү болуп жатат. Буга чейин Кой-Таштагы болгон окуяда жоокерибиз сүйлөшкөн кызы менен келишпегени себеп болгон деген версия каралып жатат. Бирок прокуратура бардык иликтөө иштерин бүткөрүп, аяктамайынча бул версияны да толугу менен айта албайбыз. Бул окуялар боюнча иш козголду. Тилекке каршы, Коргоо министрлигине караштуу бөлүктөрдө ушундай эки окуя болуп кетти”.

Кыргыз армиясында кызмат өтөп жүрүп каза болгон жоокерлердин так саны жок. Анткени тиешелүү органдар “мамлекеттик сыр” деген жүйөө менен маалымат бербей келишет.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова жоокерлер каза болгон окуялардын 10% гана сотко жетет дейт. Көп учурда кандай жагдайда, эмне болуп өлгөнү белгисиз бойдон калат.

“Мамлекеттик деңгээлде армияда эмне болуп жатканын изилдеп чыгышыбыз керек. Президент, коргоо министри чара көрүшү керек”,-деди ал.

Абдирасулова Коргоо министрлиги менен соттошкону турат. Анткени алардын “мамлекеттик сыр” деген шылтоо менен каза болгон аскерлердин санын жашырганын мыйзамсыз деп эсептейт.

Кой-Таш аскер бөлүгүндөгү жоокердин өлүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG