Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:25

Армияда дагы бир жоокер каза болду


Айжигит Таалайбек уулу.
Айжигит Таалайбек уулу.

Айдаркенде кызмат өтөп жүрүп каза болгон жоокер Айжигит Таалайбек уулу 10-ноябрда өзү туулуп-өскөн Кара-Суу районунда жерге берилди. Мамлекеттик чек ара кызматы жоокер ден соолугуна байланыштуу каза болгонун айтса, маркумдун жакындары ага ишенбей турат.

Айжигит мындан бир ай мурда Айдаркен 20-21 аскер бөлүгүндө кызмат өтөй баштаган. Ал жоокер болууну самап, өз ыктыяры менен аскерге кеткен экен. Эми болсо анын кыялы орундалбай, сөөгү өзү туулуп-өскөн Кара-Суу районунун Таш-Арык айылында жерге берилди.

Айжигиттин апасы Батма Пусурманкулова уулунун ден соолугунан улам каза болгонуна ишенбей отурган кези.

“Кара-Суудан комиссиядан ден соолугу чың болгону үчүн өтүп, кызматка кетти да. 60 баланын ичинен илбийгендери калып, ушуга окшогон чоң балдар өтүп кетти. Менин баламды ушинтип ур-токмок кылып өлтүрүшүптүр”.

Айжигитти жоктогон жакындары.
Айжигитти жоктогон жакындары.

Айжигит Таалайбек уулу 19-сентябрда 18ге чыккан. Ал үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү болчу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматы Айжигит 9-ноябрда оорудан улам каза болгонун билдирди. Расмий маалыматта ал эртең менен саат 5:45те аскер бөлүктүн медициналык бөлүмүнө кайрылып, дене табы көтөрүлүп, тамагы ооруп жатканын айтканы жазылган.

“Аскер кызматкеринин ден соолугун көзөмөлдөө максатында аскер бөлүктүн медициналык пунктуна жаткырылган. Саат 15:00 чамасында А. Т. у. ден соолугу кескин начарлаган, анын алдында ашказанынан кан кеткен. Ага дароо "Тез жардам" бригадасы чакырылып, алар келген маалда аскер кызматкеринин каза болгонун аныкташкан”, -деп айтылат атайын кызматтын түшүндүрмөсүндө.

Бирок маркумдун жакындары анда эч кандай оорусу болбогонун айтып, ал ур-токмоктон каза болгон деп божомолдоп жатышат. Айжигиттин атасы Таалай Карагулов мындай деди:

“Оозу менен мурду кан болуп турган экен. "Мына, жаңы эле кан экен" дедим, колунун үч жеринен кан алып текшеришкен экен. Алар же туура эмес укол берип коюшканбы. Бирок баламдын таза жери көрүнбөйт, карарып кеткен. Башына көбүрөөк тээп койгонбу, эмне менен урганын так билбейбиз, алар да айтпай коюшту”.

Айжигит атасы, апасы, карындашы жана иниси менен. Архивдик сүрөт
Айжигит атасы, апасы, карындашы жана иниси менен. Архивдик сүрөт

Учурда жоокердин өлүмү боюнча тиешелүү органдарга маалымат берилип, окуя боюнча иликтөө иштери башталганы кабарланды. Аскер прокуратурасынын жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин катышуусунда маркумдун сөөгү соттук-медициналык текшерүүдөн өтүп, жыйынтыгы Бишкекке кароого жиберилген.

Ошентип быйыл аскерде кызмат өтөп жаткан беш аскер каза болду.

  • 4-июлда Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнүн жоокери Элдияр Жайлообеков күзөттө турган жеринде эки жолу атылган октон каза болгон. Анда да «куралды этиятсыз колдонгон» деген расмий маалымат берилген. Бирок, маркумдун туугандары мындай версияга ишенишпей жатканын айтышкан.
  • 29-июль күнү эртең менен саат 8:30 да Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясын кайтарып турган жоокер Калыс Абдыкабылов көз жумган. Маркум автоматтан өзүн атып алганы айтылган. Анын туугандары да буга ишенбей, жоокердин өлүмүндө шектүү жагдайлар көп экенин айтып келишет.
  • 17-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош шаарындагы 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан Алканбек Мавлан уулу көз жумган. Ал басып баратып эле кулап, ошол бойдон турган эмес. Маркум үйдүн жалгыз эркек баласы болгон. Анын атасы баласынын ден соолугу чың болгонун "Азаттыкка" айткан.
  • 18-августта Бишкектеги Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институтунда кызмат өтөп жаткан Сыргак Сабырбеков каза болгон. Коргоо министрлиги жоокер күзөттө турганда өзүнө ок атканын билдирген. Бирок жакындары анын өз жанын кыйганына ишенбей турганын айтышкан.

Бул окуялардан кийин Акыйкатчы институтунун демилгеси менен түзүлгөн жумушчу топ соңку беш жылдын ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтей турган болгон. Алар аскер бөлүктөрүн кыдырып, жоокерлер жана алардын ата-энелери арасында сурамжылоо жүргүзө турган болгон. Соңунда улуттук жана эл аралык мыйзамдарды, тажрыйбаны изилдеп чыгып, укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу демилгесин көтөрөрү айтылган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2020-2021-жылдары ондой жоокер жанын кыйган. Ал эми 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. Андан сырткары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.

  • 16x9 Image

    Алмира Абидинова

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2019-жылы Internews уюмунун “Умтулуу” сыйлыгын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG