Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Апта: "Телефонгейттин" басты-бастысы, саясаттын күчөшү


Уюактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев
Уюактылуу өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев

Ачыкка чыккан телефон сүйлөшүүлөр боюнча Алмазбек Атамбаевдин түз айыптоолоруна кыйыр жооптор берилди. АКШ өкүлү Жорж Кролл Кыргызстанды кыдырды. Шайлоо өнөктүгү алдында саясий күрөш күчөөдө.


"Телефонгейттин" басты-бастысы...

Узап бараткан жумада “телефонгейт” чатагы уланды. Бирок Алмазбек Атамбаев кескин айыптаган телефон чатагынын катышуучуларынын экинчи тарабы жаңжалды басаңдатуунун айласын жасады.

Белгилүү болгондой телефон жаңжалы чыккандан кийин Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев Темир Сариев жана Азимбек Бекназаровду кескин айыптап, “алардын ичинен ким ууру болсо абакта отуруш керектигин” билдирген.

“Ак шумкар” партиясынын лидери, каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Азимбек Бекназаров менен телефон
аркылуу сөз болгонун, бирок интернетке жарыяланган сүйлөшүү монтаждалган деген ынанымда:

- Сөз болгон. Бирок сөздү жакшылап угуп көрсөңүздөр үзүлгөн сөз. Мурунку актыны айрып, жаңы акт түзүлөт дегенди алып салып, мурунку актыны айрып салыш керек дегенди берип атат. Ушундай монтаж болгон жерлери бар. Анын үстүнө өкмөттүн чечими турганда биз кантип миллионду жеп коймок элек?

Темир Сариев ошондой эле сүйлөшүүдө айтылган 1 млн. доллар коопсуздукту сактоо үчүн Убактылуу өкмөттүн чечими менен бөлүнгөнүн кошумчалаган.

Ушундай эле маанидеги билдирүүнү Азимбек Бекназаров да жасап, аны айыптаган Алмазбек Атамбаевге күнөө артпай турганын ачыктады:

- Мен А.Атамбаевди алды деп айткан жокмун да. Ал жерде айтып жатам. Ошто Сооронбай айтып жатат. Ыйлап жатат. 400 миң доллар алып алып кайра мурдагы таможенникти коюп коюпсуңар деп жатат, деп айтып атам. Муну оштогулардын баары эле айтат. Мен ошол губернатордун кабинетинде отуруп звонить этип аткам.

Талдоочулардын баамында, Убактылуу өкмөттүн жетекчилери “телефонгейт” чатагын ырбатпоого канчалык аракет кылбасын, жаңжал айрым лидерлердин аброюна терс таасирин тийгизди.

Телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдө айтылган нерселер комиссия тарабынан иликтенип, андай айтылгандар чындыкка канчалык тиешесин бардыгы аныкталыш керек деген пикирлер айтылууда. Маселен, саясат таануучу Орозбек Молдалиев:

- Маалыматтык согуш катуу болуп жатат. Бул жерде эки шарт бар. Башкы прокурорду чакырып алып тапшырма бериш керек, мобул ишти изилдеп туруп, аягына чыгаргыла деп атайын топ түзүш керек. Буга көз карандысыз юристтерден кошуш керек. Экинчиден, Убактылуу өкмөт бул факт боюнча комиссия түзүп, эки жактан тең изилдеш керек.

Убактылуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө караганда, телефон чатагын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүү аракеттери көрүлүп жатат. Ага байланыштуу Убактылуу өкмөттүн жетекчиси тарабынан тийиштүү тапшырмалар берилди. Бирок Алмазбек Атамбаев Азимбек Бекназаров жана Темир Сариевдин билдирүүлөрүнөн кийин кырдаалды курчутууга барбай, мурдагы катуу позициясынан кайткандай болуп турат.

Белгилүү болгондой интернетке жарыяланып кеткен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдө 400 миң доллар акча берүү менен бажы кызматына дайындоо, 1 млн. доллардын ордун кантип толтуруу жөнүндө сөз болгон.

Шайлоо жакын. Кармаш күч

"Телефонгейт" жаңжалынын соңунда Алмазбек Атамбаев парламенттик жана президенттик шайлоого барбай турганын, шайлоо мезгилинде өкмөттө иштерин билдирди.

Муну менен Алмазбек Атамбаев бир жагынан Социал-демократтарды алдыратса, экинчи жагынан бийлик учугу анын колунда калаарын көрсөтүп, партиялаштарына колдоо башка жагынан келерин эскерткендей болду.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн калган мүчөлөрү парламенттик шайлоого кызуу даярдыгын көрүүдө. Маалыматтарга караганда,
парламенттик шайлоо өнөктүгү жарыяланар замат Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Азимбек Бекназаров шайлоо өнөктүгүнө киришерин билдирүүдө. Мындай максатын Исмаил Исаков азырынча ачыктай элек. Бирок ал дагы ат салышууга киришүүсү күтүлүүдө.
Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн азыркы мүчөлөрү шайлоо өнөктүгүндө бири-бири менен атаандашы толук мүмкүн.

Ал эми алардан сырткары күч катары Адахан Мадумаров “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен, Мирослав Ниязов “Эл арманы” партиясы менен, Феликс Кулов “Ар намыс” партиясы менен, Камчыбек Ташиев “Атажурт” партиясы менен, Исхак Масалиев коммунисттери менен чыгууга камданууда. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдун пикиринде, Убактылуу өкмөттөгү саясатчылар өз партиялары менен шайлоого кетет:

- Булар өз алдынча чыгышат. Бул байкалып эле турат. Жанагы “телефонгейттин” чатактарынан деле көрсө болот. Ал эми сиз айткан сырткы күчтөр алардын баары эл кыйнчылык болуп, элдин үнүн чыгара турган мезгилде ийиндеги суурдай болуп жүргөн партиялар эмес беле. Биз саясаттан кеттик деген партиялар да болбоду беле. Мисалы үчүн “Ар намыс” партиясы айткан да биз саясаттан кеттик, эми жаратмандык иш жасап,чакан ГЭСтерди куруп, энергетикага жардам беребиз деген программалары болгон. Анан эми эл сурайт да шайлоодо кана ошол программаңар, канча аткарылды деп. Ал эми Мадумаровдун партиясы жаңы эле түзүлүп атат. Анан булар негизги күч боло алабы, албайбы электорат менен иштөөсүнө жараша болот.

Дагы бир саясат таануучу Марат Казакбаев:

- Менин оюмча чоң күрөш болот. Башкалар деле катышат. Кулов деле, Мадумаров деле катышарын айтты. Жайдан баштап өнөктүк башталгандан кийин блокторго биригүү башталат. Анткени 5% босогону аттап өтүү оор. Ошон үчүн блок-блок болуп биригишет.

Кыргызстанда саясий күрөш мына ушинтип күргүштөй баштаган мезгилде экономика көңүл сыртында калып, ал аксай баштаганы айтылууда. Саясатты иликтөө жана талдоо институтунун жетекчиси Кемал Измаилов өлкөнүн экономикасы акыркы мезгилде оор мезгилди башынан кечирип жатканын билдирди.
Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев экономикада абалдын оорлошуна таасир тийгизген факторлор тууралуу буларды билдирди:

- Кырк эки күн Казакстан менен чек ара жабык турду. Бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстан менен ачыла элек. Мунун баары экономикага өзүнүн таасирин тийгизет. Андан кийин 7-апрелдеги окуялар туризм тармагына терс таасирин көргөзүп жатат жана дагы көрсөтөт. Анан мынабу талаачалык иш, айыл чарбада дагы жок дегенде былтыркы жылга салыштырмалуу 20% тегерегинде төмөндөйт. Себеби дегенде көп жерлер себилбей калды. Ошон үчүн жалпысынан былтыркы жылга салыштырмалуу экономикабыз начарлайт. Инвестиция жагы дагы кубанарлык эмес. Туруксуздукка байланыштуу мурунку инвесторлор ишин токтотуп койду. Кээ бирөөлөр чыгарып кетип жатат.

Ири мамлекеттер көз албай турат...

Кыргызстанда саясий кырдаал жөнгөрүлө баштаганы менен тышкы саясий “оюнчулардын” активдүүлүгү да бир караганга басаңдагандай болду. Бирок ал сырткы гана көрүнүш. Чындыгында таасирлүү тышкы “оюнчулар” активдүүлүгүн жаза элек. Маселен, азыркы мезгилде Россиянын өкүлү Владимир Рушайло Кыргызстанда жүрөт. Казакстандын атайын өкүлү да жума башында сапар менен болду.

Алар менен катарлаш АКШынын өкүлү Жорж Кролл келди. Ал Бишкекте өкмөт жетекчилиги менен жолугушуп, андан кийин түштүк
регионду кыдырды. Кыргызстандан кийин Москвага сапар алды. Кроллдун сапарынын багыттары эле Ооганстан жана Манастагы Транзиттик борбор маселеси ортодогу сүйлөшүүлөрдүн негизи болгонунан кабар берет.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, АКШнын өкүлүнүн Бишкектеги сүйлөшүүлөрүндө Транзиттик борбор үчүн төлөмдөрдү тездетүү маселеси негизгилерден болду:

- Жардам беребиз, демократияны колдойбуз деген менен реалдуу жардам келбей жатат. Реалдуу жардам Россиянын 20 млн. доллары келди. Ал 20 млн. доллар күйүүчү май алганга кайрадан эле Россияга кетет. Эгерде ал акча келбесе биз май алалбай калабыз да. АКШга кайрылып биздикилер база үчүн төлөнө турган акчаңарды убагынан мурдараак төлөп берсеңер деген маселени коюп жатат деп ойлоймун.

Дагы бир саясат таануучу Марат Казакбаев Жорж Кроллдун сапары учурунда Транзиттик борборго төлөмдөр менен кошо Баткенге курула турган машыгуу борбору жөнүндө да сөз болушу ыктымал:

- Бизге жылына 60 млн. доллар төлөйбүз деген эмес беле. Ошону төлөп баштаарын Кролл айтып кетти. Анан Баткен тарапта курула турган машыгуу борбору дагы бар да. Ага 5.5 млн. доллар бөлүнүп жатпайбы.

Кыргызстан ичиндеги саясий окуялар Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бирдиктүү болсо гана өлкөдөгү кырдаалды кайсы бир деңгээлде көзөмөлдөй алаарын көрсөттү. Эгерде алардын ортосунда ажырым кетсе, анда кайсы бир партия жалгыздап көзөмөлдөй албайт.

Убактылуу өкмөттүн курамына кирбеген, сырт турган күчтөрдө да андай потенциал байкалбайт. Муну телефон жаңжалынан кийин Мирослав Ниязовдун тарапкерлеринин дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин алдында жасаган акциясы көрсөттү. Мына ошол акция акыркы кезде “көбүртүлгөн” Мирослав Ниязовдун потенциалын көрсөтүп койду.

Ошондуктан парламенттик шайлоо өнөктүгү башталгандан кийин өлкөдөгү партия, саясий күч жана лидерлердин блокторго биригүү этабынын башталышы күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG