Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

"Көзү ачык" онлайн-дүкөн


"Гуглдун" акылдуу контакт линзасы көз жаштагы глюкоза деңгээлин өлчөйт, 16-январь 2013-ж.
"Гуглдун" акылдуу контакт линзасы көз жаштагы глюкоза деңгээлин өлчөйт, 16-январь 2013-ж.

Британ илимпоздору көздүн өлүк клеткаларына тирүү ДНКны көчүрүү менен азиз адамды айыктырышты.

Google ишканасы кант диабетине чалдыккандар үчүн атайын линза ойлоп тапты. Amazon интернет-дүкөнүнүн "көзү ачылды", ал эми Интернеттен товар сатуудан тапкан кирешесин алда канча көбөйтүү жолун тапты.

Каалооңузду алдын-ала билип коюшат

Сиз "Амазон" интернет-дүкөнүндө өзүңүзгө жаккан бир буюмду алгыңыз келди, ал товар жөнүндө бардык маалыматтарды окуп, бирок сатып алган жоксуз. Эки-үч күндөн кийин сизге посылка келди, анын ичинде сиз алгыңыз келген буюм. Бир караганда, бул көрүнүш сиз үчүн укмуштуу сыйкыр нерседей туюлат.

Интернеттеги "Амазон" дүкөнү.
Интернеттеги "Амазон" дүкөнү.
Бирок "Амазон" онлайн-дүкөнүнүн ээлери бул сыйкыр эмес, бул татаал алгоритмдин эсебине негизделген көрүнүш дейт. Өткөн айда аталган интернет-дүкөн "алдын-ала жөнөтүү" (anticipatory shipping) усулуна патент алды. "Амазондун" айтымында, онлайн-дүкөн ар бир потенциалдуу кардардын материалдык мүмкүнчүлүгүн, мурда сатып алган товарларын, жада калса ал буюмдун сүрөтүнүн үстүндө чычканды (мышка) канча убакыт кармаганынын (hovering the mouse) негизинде бул усул иштелип чыккан.

Бул усулду колдонуу менен "Амазон" адам товарды сатып ала электе эле, клиент эмнени алаарын так эсептеп чыга алаарын кабарлады. Айтор, сиз "алсамбы-албасамбы" деп ойлонуп калсаңыз, Интернеттеги "Амазон" дүкөнү сиз үчүн чечим чыгарып коёт экен.

"Амазон" дүкөнүнүн президенти Жефф Безос, 6-сентябрь 2012-ж.
"Амазон" дүкөнүнүн президенти Жефф Безос, 6-сентябрь 2012-ж.

Кардар алгысы келген товар так аныкталганда, ал буюм почта аркылуу клиентке жөнөтүлөт. Албетте, адам ал товардан баш тартышы мүмкүн. Андай учурларда "Амазон" интернет-дүкөнү ал кишиге буюмду толугу менен бекер же арзандатып берет. Онлайн-дүкөндүн "алдын-ала жөнөтүү" усулу – технология компаниялары ар бир колдонуучунун жеке маалыматын өзүнүн пайдасына колдонуп жатканынын жакшы мисалы.

Интернет-дүкөн демекчи, интернетке туташкан соода ишканаларынын дээрлик бардыгы, тагыраак айтканда 97% товарларын башка өлкөлөргө сатат. Бул тыянакка eBay онлайн-дүкөнү өзүнүн "Commerce 3.0" изилдөөсүнөн соң келген. Орто эсеп менен ааламторго (Интернет) туташкан соода фирмалары 19 өлкөгө өз товарларын экспорттойт. Ал эми Интернетке туташпаган соода ишканаларынын болгону 5% товарларын башка мамлекеттерге сатат.

"иБэй" онлайн-дүкөнүнүн башкы кеңсеси, Сан-Хосе, АКШ, 24-февраль 2010-ж.
"иБэй" онлайн-дүкөнүнүн башкы кеңсеси, Сан-Хосе, АКШ, 24-февраль 2010-ж.

Изилдөөнүн алкагында 2004-жылдан 2012-жылга чейин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү 300% өскөнү аныкталды. Ошол эле убакта, "иБэй" интернет-дүкөнүнүн соода көлөмү 800% өскөн. Учурда дүйнөдө беш миллиард адам ааламторго кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.


"Гуглдан" контакт линза

Интернет демекчи, Google компаниясы медицинада төңкөрүш жасаганга алгачкы кадам шилтеди. Аталган фирма кант диабетине чалдыккан бейтаптар үчүн микрочип орнотулган контакт линзасын ойлоп тапты. Дүйнөдө 328 миллион адам бул ооруга чалдыккан. Учурда диабетиктер күнүнө он жолкуга чейин кан алып, глюкозанын деңгээлин аныктап турууга мажбур.
"Гуглдун" түптөөчүлөрүнүн бири Сергей Брин "Гугл көз айнек" менен, 9-сентябрь 2012-ж.
"Гуглдун" түптөөчүлөрүнүн бири Сергей Брин "Гугл көз айнек" менен, 9-сентябрь 2012-ж.

Google компаниясы иштеп чыккан контакт линзасы бейтаптын көз жашындагы канттын деңгээлин аныктайт. Линзанын ортоңку катмарына глюкоза сенсору жана зымсыз датчик орнотулган. Бул линза ар секунд сайын канттын деңгээлин өлчөп турат. Бейтаптын көз кабыгына орнотула турган линза кардарларга беш жылдан кийин сатыла баштайт.

Америкалык эндокринологдор бул контакт линзасы боюнча ача пикирде. Кандагы глюкоза деңгээлин аныктоочу аспаптар базары азыр 16 миллиард долларга соода кылат.
Көз.
Көз.

Көзгө тагылчу линза демекчи, британ илимпоздору ген терапиясынын жардамы менен азиздикти айыктыруунун жаңы усулдарын ойлоп табышты. Бул тууралуу The Lancet журналы кабарлады. Оксфорд университетинин окумуштуулары көзү көрбөгөн азиз адамдын көзүндөгү өлүк клеткалардын ордуна тирүү, көрүүгө жооптуу гендин ДНКсын көчүрдү. Экспериментке алты бейтап катышып, ал оң жыйынтыкка алып келди.

"Көзү ачылган" дүкөн
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG