Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

Амангелдиев: Санкциядан кийин чек арада көзөмөлдү күчөттүк


Данияр Амангелдиев.
Данияр Амангелдиев.

Америка Кошмо Штаттарынын Каржы министрлиги Орусиядагы 120дан ашуун компания менен кошо Кыргызстанда катталган төрт ишканага да санкция салды.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, "кара тизмеге" илинген компаниялардын айрым жабдуулары орустардын Украинага каршы колдонулган курал-жарактарынан табылган.

Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларынан товар алып турган Орусиядагы бир катар ишканалар да санкциялык тизмеге кошулду. Буга байланыштуу Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен маектештик.

- Данияр мырза, АКШ тарабынан Кыргызстанда жайгашкан айрым компанияларга санкция салынды. Буга байланыштуу Кыргызстандын бийлиги кандай чараларды көрдү эле? Министрлер кабинети, сиз жетектеген министрлик кандай иштеп жатат? Дегеле ушул түзүлгөн кырдаалга кандай баа бересиз?

- Негизинен тышкы экономикада жана соода жүгүртүүдө төрт жүздөн ашуун товарлар эки багыттуу маанидеги товарлар деп эсептелип, алар күнүмдүк жөн-жай турмушта да, анан аскердик багыттарда да пайдаланылат. Буга байланыштуу буга чейин мартта Кыргызстанга Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан мырза келип кеткен.

Биз аларга “силерди кооптондурган өнүмдөрдүн аталыштарын бергиле, биз аларды экспорттук көзөмөл тизмесине киргизүүгө даярбыз” деген элек. Бирок ал жерде санкция киргизүүнүн жүйөсү жана критерийлери болушу керек. Бул маселе боюнча да АКШнын каржы министринин жардамчысы келген, биз аларга да түшүндүрмө бергенбиз. Казакстанда кармалган дрон боюнча айтайын. Ал Кытайдан келгенден кийин ал экспорттук көзөмөлдө болот – кайсы компаниядан эмне максат менен киргени текшерилет. Андан ары ал Евразия экономикалык биримдигинин аймагына кирет.

Мисалы, бизде Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда чек ара жок, бирок экспортко эки тараптуу көзөмөл жүргүзүлөт. Ошол көзөмөлдүн алкагында ишкерлер декларация тапшырбай калгандыктан Казакстанда кармалышты. Балким, алар анын кош багыттагы товар экенин билишкен жок. Эми биз көзөмөлдү күчөтөбүз. Биз азыр АКШнын өкүлдөрү менен эки тараптуу сүйлөшүүнү жана жолугушууну карап жатабыз. Кайсы өнүмдөрдү кандай кооптонуу менен киргизип жатканын карап, чогуу иш жүргүзгөнгө толук даярбыз. Муну Европанын өкүлдөрүнө да айтканбыз. Буга чейин Брюсселге барганда Европарламенттин жана Еврокомиссиянын мүчөлөрүнө да билдиргенбиз.

- Данияр мырза, санкцияга кабылган компаниялар боюнча ички иликтөө жүргүздүңөрбү? Жүргүзсөңөр, анын жыйынтыгы кандай болду?

- Азыр анализ жүрүп жатат. Өзүңүздөр билгендей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан дагы иликтөө иштери жүрүп жатат. Эмне себептен, кандай болгонун биз дагы тактап, иликтеп атабыз. Андан тышкары чет мамлекеттер менен соода кылган компанияларга дагы түшүндүрүп жатабыз. Эгер лицензиялуу товар болсо, анын акыркы керектөөчүсү ким экендиги такталмайынча экспортко чыкпашы керек. Эгерде экспортко чыга турган болсо, андай товарлар кош багытта болгондуктан казакстандык өнөктөштөрүбүз текшерет, ага толук укуктуу.

Ошондуктан эгер кайсы бир товардын документтери туура болбой кармалып калса, башка товарлар дагы бүт бойдон конфискация болот. Андан тышкары ошол мамлекетке да шек келтирет деп биз чет мамлекеттер менен соода кылган компанияларга түшүндүрүп жатабыз. Экспортко товар чыгара турган компаниялар лицензиясын көргөзүшү керек. Бирок жанагы тизмедеги компаниялардын бири дагы экспорттук лицензия боюнча бизге кайрылган эмес.

- Сиздердин америкалык жана европалык коллегалар бул товарларга тыюу салынган деп конкреттүү, так тизмесин берди беле?

- Жок, бере элек. Биз ошону сурап жатабыз, берише элек. Айрымдарын берген, аларды толугу менен экспорттук көзөмөл тизмеге киргизгенбиз. Ал тууралуу Еврокомиссиянын өкүлдөрүнө маалымат бергенбиз.

- Товар ташый турган ишкерлер тыюу салынган товарлардын, өнүмдөрдүн тизмесин каяктан тапса болот?

- Бажы кызматы экспорттук декларация толтуруп жатканда аны дароо айтат. Ал ишкерлер өз алдынча экспортко чыга албайт, эгер чыга турган максаты болсо, бизге лицензия сурап кайрылышы керек. Акыркы керектөөчүнү тактамайынча ишкерлерге лицензия бербейбиз. Ал жерде эмне максат менен кайсы компания канча көлөмдө, кандай продукцияны колдонуп жатканы баары толугу менен көрсөтүлөт.

- Данияр мырза, Кыргызстандагы айрым банктар ачык түшүндүрмө беришпесе дагы санкциядан чочулап, Орусияга акча которуудан баш тарта баштады деген маалыматтар чыгууда. Мындан кабарыңыз барбы?

- Ал боюнча да иштеп жатабыз. Банктар өз алдынча чечим кабыл алып, кооптуу операция деп чечсе, андай операция жүргүзбөйт. Эгер коопсуз болсо, анда чек коюлбайт.

- Азыр Wildberries, Ozon сыяктуу тармактарда электрондук соода күчөп жаткан чак. Ал тармакка зыяны тийбейби?

- Лицензиялуу товарлардын сатылышына эч кандай чектөөлөр жок.

- АКШ Кыргызстандагы айрым компанияларга санкция киргизгенден кийин Министрлер кабинети тарабынан, сиз жетектеген министрлик тарабынан атайын бир комиссия түзүлдүбү? Дегеле кандай чаралар көрүлдү?

- Санкция кире элек. Алар айрым компаниялардын ишмердигин карап, кош багыттагы товарларды ташып жатканын далилдеп чыгышкан. Жогоруда айтып өткөндөй, Казакстан, Орусия, Беларус, Армения менен, беш мамлекеттин ортосунда бажы жок. Ошондуктан Орусияга кирген товар ички рынок менен Кыргызстанга келсе, ал бажыдан көрүнбөйт.

Ал экспорттук көзөмөлдө гана чыгат. Аны ар бир ишкер өзү түшүнүп, өзү сактанып, карашы керек. Мисалы, эгер жанагындай товарды сиз машинаңызга салып алып жолго чыксаңыз, сизди эч ким көзөмөлдөбөйт. Чек арада гана экспортту көзөмөлдөгөн рентгендик жабдуулар бар, ошолор көргөзөт. Чек арада кармалсаңыз, жоопкерчиликти ишкер катары сиз өзүңүз тартасыз, анткени мамлекет сизге ошол товарды салып, Орусияга жеткирип бериңиз деп көрсөтмө берген жок да.

Ал эми жанагы товар Кытайдан бизде гана колдонулат деп акыркы колдонуучу катары Кыргызстан көрсөтүлгөн да. Мисалы, дронду жер семирткич чачуу, асмандан видео, сүрөт тартып, байкоо жүргүзүү үчүн колдоном дейсиз, биз ага уруксат беребиз, анткени сиздин фермердик чарбаңыз бар. Бирок эртеси сиз ошол товарыңызды машинага салып Орусияга жөнөгөндө, эч бир мамлекеттик органга маалымат берген жоксуз, анткени айыл чарба багытындагы техника деп ойлогонсуз. Анан чек арадан кармалып калып жатасыз.

Азыр буга байланыштуу чек арада дагы көзөмөлдү күчөтүп жатабыз. Электрондук эсеп-фактура киргизгенбиз, анда товардын аты, саны, көлөмү бүт жазылат. Эгерде ишкер электрондук-эсеп фактурага туура эмес маалымат киргизип, чек арага келгенде сканерден чыгып калса, ал өзү жоопко тартылат.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG