Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Президенттердин жолугушуусу: мыйзам жана кечирим


Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттери. Аскар Акаев , Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева , Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров.
Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттери. Аскар Акаев , Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева , Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров.

Кыргызстандын алты президенти бир жерге чогулганы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар президент Жапаровдун бул кадамын колдосо, бул иштин мыйзамдык жагын айтып, сынга алгандар да болууда.

Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирүүгө эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганы менен түшүндүргөн.

Атамбаевдин билдирүүсү

Жолугушуу тууралуу мурдагы президенттердин эч кимиси үн каткан эмес. 19-февралда Алмазбек Атамбаев жолугушуу болгонун ырастаган билдирүү таратты. Анын билдирүүсүн Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Анда Атамбаев мурдагы президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, аны "президент Жапаров жана Камчыбек Ташиев (УКМК төрагасы) менен жолугушуу болот" деп чакырышканын билдирген.

"Мен дагы өлкөдө тынчтык, биримдик болушун каалайм. Президент Жапаровдун жакшы ниетин баалайм. Бирок жолугушуунун аягында мен эч ким менен коштошпой чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай түзүлдү. Келечекте зарылчылык жаралса, албетте, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем. Бирок өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу - эки башка нерсе. Бул экөөнү бириктирүү таптакыр башка жыйынтык берет. Көп кан төгүлгөн, аны унутуу мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров мени укту жана туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм", - деп жазган Атамбаев.

Президенттик аппарат бул билдирүү боюнча комментарий бере элек.

Мактоо жана сын

Саясатчы, коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков президент Жапаровдун бул аракетин тарыхый чечим катары сыпаттады.

"Мен чынында бул эки азаматтан - Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевден мындайды күткөн жок элем. Бирок булар азаматтык кылып, тарыхый кадам жасашты. Президенттердин ынтымак болгону - алардын артындагы электораты, эл ынтымакта болушуна өбөлгө түзөт. Экинчиден, бийликтен кеткен мамлекет башчылардын кылган ишин тарыхчылар баа берип, тергөөчүлөр тергесе жарашат. Анткени бул ушул экөөнүн иши. Бизде мурдагы президенттерди айрым интеллигенция өкүлдөрү менен кошо эле коомчулук да сындап, шыбап жатып калышат. Президенттерди бийликте турган учурунда сындап, кызматтан кеткенден кийин унчукпай коюуш - айкөлдүк. Мен Акаев менен иштешкем, Бакиев бийликте турган учурунда катуу эле сындап жүрдүм. Ал бийликтен кеткен соң, анын дарегине бир да сөз айтканым жок. Атамбаевдин учурунда радикал оппозицияга кошулуп, ал үчүн 3,5 жыл абакта отурдум. Бирок Атамбаев кеткенден кийин унчуккан жокмун".

Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев мурдагы президенттер жолуккан окуяны жакшы жышаан катары кабыл алганын айтты. Бирок аларды эл кечиреби жокпу, татаал маселе дейт.

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

"Кыргызстандын президенттери жолугуп, жаман-жакшы айтышса да, бири-бирине нааразы болсо дагы, Кыргызстандын келечеги үчүн чукулашпайлы, бири-бирибизди кечирели деген маселенин көтөрүлүшү кандай өңүттөн алсак да, жакшы жышаан. Ал эми ар бир жаран аларды кечиреби жокпу, бул башка, татаал маселе. Ошондуктан президент Садыр Жапаров бул кадамы тууралуу жазганда да "мен мурдагы президенттердин бирине да кусаматым да жок, милдеткер да эмесмин" дегени өзү да көп нерсени түшүндүрүп турат",-дейт коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев

Мурдагы коргоо министри, саясатчы Исмаил Исаков президенттин бириктирем деген аракети колдоого татыктуу экенин, бирок мындай жол менен ишке ашырылганы мыйзамга туура келбейт деп эсептейт.

Исмаил Исаков.
Исмаил Исаков.

"Анткени мурунку президенттердин айрымдарына Кыргызстанда кылмыш иши козголуп, сот жообуна тартылган. Аларды актабай же соттун чечими менен кылган кылмыштарын жокко чыгарбай туруп, кайра чай бергени - мыйзамсыз. Курманбек Бакиев жүзгө жакын адамды аттырган деп айыпталып, сыртынан кесилген. Мыйзам жагынан алганда Бакиевди Кыргызстанга алып келип, каматышы керек эле. Аксы окуясында элди аттырган деп айыпталган Аскар Акаевди былтыр "кылмыш мөөнөтү өттү" жана башка деп, соттун чечимин чыгарып беришти. Мейли аны чакырып, чай берсин. Бир нече кылмыш ишине айыпталып жаткан Алмазбек Атамбаев Батукаев иши боюнча айыпталып, камалган. Ал ишти жаңыдан кароого жиберишти. Бирок анын айыптуулугу да алына элек. Мына ушундай жагдайларга көз жуумп туруп, "мен бириктирүү максатында баарын чогулттум, бири-бирин кечиришти" дегени туура эмес. Бул укуктук жактан алып караганда таптакыр туура эмес. Бул укуктук нормага жооп бербейт. Андай болсо Конституциядагы "Кыргызстан - укуктук өлкө" деген жазууну алып коюш керек. Президент Жапаровдун бул кадамын мыйзамды баалаган мамлекеттер, эл аралык коомчулук кубаттабайт".

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Өмүрбек Абдырахманов баарын бир жерге чогултуп койгондон өлкө өнүгүп кетпейт дейт.

Өмүрбек Абдырахманов.
Өмүрбек Абдырахманов.

"Феодалдык жашоонун өрнөгүнөн алып туруп, баарын бир жерге чогултуп, кошуп койсок эле өлкө өнүгүп, эл биригип кетет деген өтө чоң жаңылыш ой. Ошондон Кыргызстан биригип, өнүгүп кетпейт. Минтип чогултуулар буга чейин деле болуп келген, премьер-министр мурункуларын, спикер өзүнө чейинки иштегендерди чогултуп эле жүрүшпөдү беле. Менин айтарым, ушул бир дастарконго чогулган президенттердин кимиси олуттуу реформа кылып, өлкөнү өнүктүрүп жиберди эле? Биринин да эсте каларлык реформасы жок".

Орусиялык саясат талдоочу Аркадий Дубнов эми президент Жапаровдун муну менен Кыргызстандагы төңкөрүштөрдүн "жагымсыз чынжырын” үзүүгө аракет кылдым деп айтышына негиз бар деп жазды.

Мурдакы президенттердин таржымалы

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат.

Аскар Акаев - Кыргызстандын тунгуч президенти. Бийлик сересине СССР урап, доор алмашып жаткан кезде чыккан. Физик-окумуштуу Аскар Акаев президенттик бийликке Михаил Горбачев башында турган расмий Москванын жана Чыңгыз Айтматовдун колдоосу менен күтүүсүздөн келгени айтылып да, жазылып да келет. Буга биринчи баскычта президенттикке талапкерлер Апсамат Масалиевдин, Апас Жумагуловдун, Жумгалбек Аманбаевдин жетиштүү добуш албай калышы, Чыңгыз Айтматовдун сунуштан баш тартышы себеп болгон. Кезинде жаш окумуштуу, демократ атыккан туңгуч президент Кыргызстанды 14 жыл башкарган. Кыргыз оппозициясы жана анын артында турган масса Акаевди бийликти менчиктеп, үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп, мамлекетке кыянатчылык кылды деп күнөөлөгөн. Тынымсыз Конституциялык реформалар (беш жолку), референдумдар (эки жолку) жана алар аркылуу бийлигинин бекемделип жүрүп отурушу буга негиз болуп берген.

24-март, 2005-жыл. Бишкек шаары.
24-март, 2005-жыл. Бишкек шаары.

Жубайы Майрам Акаеванын мамлекеттик ишмерлер арасында көмүскө таасиринин күчөшү, кызы Бермет, уулу Айдар баштаган жакын туугандары менен санаалаштарынын саясатка батыл аралаша башташы элде каршылык маанайды күчөткөн. 2002-жылдын 17-мартында Аксы районунда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан.

Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери Орусияда баш калкалап келет. Ушул жылдын январь айында ага карата козголгон кылмыш иштери кыскарганы белгилүү болгон. Башкы прокуратура муну кылмыш иштеринин мөөнөтү өтүп кеткени менен түшүндүргөн. Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган. Мурдагы президент акыркы эки жылда көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке бир нече ирет келип кеткен.

Курманбек Бакиев - "Акаевдин каталарын кайталабайм" деген ант менен тактыга отурган Курманбек Бакиев эки жолу шайланган, бирок күч менен кулатылган экинчи президент. 2005-жылдагы Март ыңкылабында бийликке келген. Анын жылдары мамлекеттик башкарууну үй-бүлөлүк башкарууга айырбаштаган, кылмыш чөйрөсү менен коюн-колтук алышкан, Март ыңкылабынын жеңиштерин уурдаган, "кан төккөн президент" деген жаманатты менен элдин эсинде калды.

Апрель окуясында 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен. Ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. Расмий Бишкек аны экстрадициялоо тууралуу бир нече ирет Минскиге кайрылып, андан майнап чыккан эмес. Бакиевге жана жакындарына онго жакын факты боюнча айып тагылган. Курманбек Бакиев сыртынан соттолуп, 30 жылга эркинен ажыратылган. Негизги айыптоо 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы кан төгүлгөн окуяга байланыштуу коюлган.

Роза Отунбаева - Кыргызстандын үчүнчү президенти. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин 1992-жылы Роза Отунбаева Бишкекке кайтып, тышкы саясат боюнча вице-премьер-министр, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы биринчи элчиси болгон. 1994-97-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри, андан кийин Британияда элчи болгон. 2005-жылы Март революциясында оппозициянын алдында жүргөн. Парламент тышкы иштер министри кызматына өткөзбөй койгондон кийин социал-демократиялык партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 2009-жылы Бакиевге каршы көтөрүлгөн оппозициялык күчтөрдүн башында туруп, 7-апрелде президент качып кеткенден кийин Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүн жетектеген.

Отунбаеванын Убактылуу өкмөтү жүздөгөн кишинин өмүрүн алган, миңдеген кишилерди жабыркаткан Ош, Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек коогалаңын, жеңилген саясий күчтөрдүн ачык жана көшөгө артындагы каршылыктарын башынан кечирген. Бир жыл өлкөнү башкарып, 2011-жылы 1-декабрда Баш мыйзамга ылайык президенттикти өткөрүп берген.

Алмазбек Атамбаев - Кыргызстандын төртүнчү президенти. Өзүнөн мурунку үч президент сыяктуу эле жогорку билимди Орусияда алган. Акаевдин, Бакиевдин заманында кыска мөөнөттөргө министр, премьер-министр кызматтарын аркалаган. Президенттик жарыштарга үч ирет катышкан. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары болгон.

Атамбаев президенттик кызматка кандуу Апрель, Июнь окуяларынын илеби кайтып, коомдук-саясий кырдаал салыштырмалуу турукташып калган кезде, 2011-жылдын аягында жаңы Конституциянын негизинде шайланып келди.

Анын алты жылдык президенттик мөөнөтүнүн негизинен экинчи жарымында эркин медиага жана сынчыл көз караштагы саясатчыларга басым күчөгөн жана Кыргызстанда 2010-жылы кабыл алынган Конституция өзгөртүлгөн. Атамбаев жан-жөкөрлөрүн бийликтин жогорку бутактарына алып келгени үчүн да сынга кабылган.

2017-жылы бийликти Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Инаугурацияда "Соке досум баштаган ишибизди аягына чыгарат" деп айткан.

2019-жылы "Батукаев иши" боюнча камалган. Аны кармоо операциясы Кой-Таштагы резиденциясында өткөрүлгөн. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, 225 адам жабыркаган.

Аны улай Атамбаевге ондон ашык кылмыш иши ачылып, алардын бир бөлүгү боюнча акталган. Айрымдары боюнча сот чечими чыга элек. Атамбаев ушул жылдын 14-февралында абактан бошотулуп, 15-февралда дарылануу үчүн Дубай аркылуу Испанияга учуп кеткен.

Сооронбай Жээнбеков - Кыргызстандын бешинчи президенти. 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган. КСДПнын башатында тургандардын бири. 1995-жылдан баштап Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты, төрага орун басары, комитет төрагасы болгон. Апрель ыңкылабынан кийин Ош облусуна элдик губернатор болуп, андан кийин расмий дайындалган. 2015-жылдын декабрынан баштап​ беш ай ичинде үч кызмат которуп, өкмөт башчылыкка келген. Жээнбековдун үч жылдык башкаруусунда бийликке бажыдагы коррупция менен күрөшө албаганы үчүн бир катар сындар айтылган. 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин нааразылык акциясы өткөн.

Ал тополоң, бийлик алмаштыруу менен аяктап, Жээнбеков жаңы парламенттик шайлоо өткөрүп, андан кийин кете турганы кабарланган. Бирок көп өтпөй эле президенттик кызматын тапшырып, анын ордуна абактан чыккан Садыр Жапаров өлкөнү башкарып калган. Жээнбековдун тарапташтары учурда ал Бишкекте экенин айтып келишет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG