Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:55

"Кыргызстанда укуктук аң-сезим менен маданият төмөн"


Венеция комиссиясынын мүчөсү, Латвиянын Конституциялык сотунун мурдагы төрагасы, юридика илимдеринин доктору Айварс Эндзиньш.
Венеция комиссиясынын мүчөсү, Латвиянын Конституциялык сотунун мурдагы төрагасы, юридика илимдеринин доктору Айварс Эндзиньш.

Кыргыз Конституциясында 2020-жылга чейин өзгөртпөө тууралуу шарт киргизилген. Ага карабастан өлкөнүн жогорку бийлиги Баш мыйзамды өзгөртүүнү утур-утур көтөрүүдө. Бул кыргызстандыктарга таандык бир мүнөзбү же укуктук маданияттын төмөндүгүн көрсөтөбү? Сырттан байкоо салган кишиге кандай көрүнөт?

Венеция комиссиясынын мүчөсү, Латвиянын Конституциялык сотунун мурдагы төрагасы, юридика илимдеринин доктору Айварс Эндзиньш “Азаттыктын" суроолоруна жооп берди:

Өткөн жайда Конституцияны өзгөртүүгө Кыргызстан катуу киришип калганда Евробиримдик, Еврокеңеш, Венеция комиссиясы, Улуттар Уюму баштаган эл аралык уюмдардын терс реакциясынан кийин токтотулду. Президент Атамбаев парламенттеги фракция лидерлеринен сунушту кайра артка алууну өтүндү.

Бирок өткөн жылдын 6-ноябрында президент Атамбаев Жогорку Кеңеште сүйлөгөндө сот бийлигин, Сотторду тандоо кеңешин, Соттор кеңешин, Конституциялык палатаны катуу сынга алгандан соң Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлөт өңдүү болуп калды деп чочулагам.

"Азаттык": Президент Атамбаев өткөн жыл соңунда Кыргызстан толук парламенттик башкарууга өтүшү керек. Президент жалпы элдик шайлоодо эмес, аны парламент шайлаганы оң деп сунуштаган. Кыргызстандын шартында бул канчалык реалдуу?

Кыргыз бийликтерине Конституцияны өзгөртүүнү эмес, оболу укуктук акттардын конституциялуулугун, алардын иерархиясын карап чыгууну сунуштагам

Бул суроого жооп берүү татаал. Парламенттеги көпчүлүк коалиция Конституцияга толуктоо киргизүү демилгесин көтөрүп чыкса референдум аркылуу гана өзгөртүү мүмкүн. Бул кыйла татаал иш. Сөздүн ачыгын айтсак мен эмнеден чочулайм? Кандай сунуштар болот? Мына соңку сунуштарды карай турган болсок: Конституциялык палатаны жок кылуу, депутаттарды императивдүү мандаттан ажыратуу – бул кайсы бир саясатчыга ылайыксыз депутатты парламенттен четтетүү аргасы эмеспи.

Референдум аркылуу мындай кытмыр сунуштарды карапайым элге саясий убадаларды берүү менен көз бойомочулукка салып өткөрүп кетүү коркунучу бар.

"Азаттык": Эгер Конституцияга өзгөртүү киргизүү чындап көтөрүлсө Венеция комиссиясынын реакциясы кандай болот?

Бардыгы сунуштун канчалык негиздүү экенине көз каранды. Өткөн жылкы Кыргызстандын сунуштары боюнча Венеция комиссиясы өтө терс мааниде өз бүтүмүн чыгарган. Латвияда, Молдовада президентти парламент шайлайт, декабрда Армения референдум аркылуу Конституциясын өзгөртүп, президенттик системадан парламенттик башкарууга өттү.

Кыргызстанда укуктук аң-сезим менен укуктук маданияттын төмөндүгү, жалпысынан укуктук нигилизм бар

Бирок ар бир өлкөнүн саясий системасы конкреттүү ошол өлкөгө мисал, аны жалпылаштырууга болбойт. Бул ошол өлкөнүн саясий системасынан, мыйзам чыгаруусунан көз каранды. Бири-бирине сыйбаган нерселерди алмаштыра берүү жарабайт, жакшы бүтүндү арзыбаган нерсе менен бузуунун зарылдыгы канчалык.

Албетте, Кыргызстандын бийлиги берген бардык сунуштарды Венеция комиссия дыкат карап, анализдеп чыгып, өркүндөтүлгөн сунуштар болсо колдоп, тескерисинче демократиялык нормалардан чегинген жерлери болсо аны дагы айкын көрсөтөбүз.

"Азаттык": Жогорудагы сөзүңүзгө улай бир суроо – Конституциялык палатанын тегерегинде талкуу катуу болду эле, аны мыйзамдык көзөмөл органы эмес, жөн гана кеңеш берүүчү органга айлантуу укуктук жактан алганда канчалык туура сунуш?

Эң оболу Конституциялык палата кеңеш берүүчү эмес, парламент, өкмөт кабыл алган кандай гана укуктук-нормативдик актылар болбосун, алардын мыйзамдуулугун, конституциялуулугун караган сот органы. Мен кыргыз бийликтерине Конституцияны өзгөртүүнү эмес, оболу укуктук акттардын конституциялуулугун, алардын иерархиясын карап чыгууну сунуштагам. Мына ушул пайдалуу зарыл иш болмок деген ойдомун.

"Азаттык": Анда эмне Конституциялык палатанын макамын өзгөртүү маселеси чыкты деп ойлойсуз? Кыргыз бийликтери соттор менен кошо конституциялык укуктук актарды көзөмөлдөөнү өз колуна алууну көздөп жатабы же палата эффективдүү ишмердүүлүк жүргүзө албай койдубу?

Кыргызстан демократиялык укуктук мамлекет деп шардана кылганыбыз менен чындыгында бийлик - мыйзам, бийлик - укук жаатында кетенчиктеп бараткан жагдайлар көп.

Маселенин тамырын карасак, буга чейинки Конституциялык соттун ишмердүүлүгүнө кайрылууга туура келет. Буга чейин иш жүзүндө көз каранды эмес орган экенин көрсөтө албады - бул саясатчылардын эсинде да. Ал эми жаңы палатанын ишин карасак, эски жүйөлөр туура келбейт, жаңы курам ишке киргени эки жылдан эми ашты, ага карабастан бир нече чечим кабыл алды. Кыргызстанда жеке жаранбы, же юридикалык жакпы – Конституциялык палатага кайрылып, маселени туура чечилишине жетишүүгө болорун далилди. Мен муну палатанын жетишкендиги деп санайм.

"Азаттык": Кыргызстан соңку тарыхында эки жолу бийликти күч менен алмаштырды. 2010-жылы бийликке келген жаңы жетекчилик эки жылга жетип-жетпей Баш мыйзамды өзгөртүүнү көтөрө баштады. Демек, кыргыз саясатчыларынын укуктук аң-сезими калыптана элек, алар өлкөдөгү көйгөйдүн баарын Конституцияны гана өзгөртүп чечебиз деп ишенгендей таасир калтырбайбы?

Эмне дейбиз, Кыргызстанда укуктук аң-сезим менен укуктук маданияттын төмөндүгү, жалпысынан укуктук нигилизм бар. Балким бул революциялардын, андан кийинки убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн, Конституцияны өзгөртүүнүн кесепети болсо керек. Андыктан көптөр мыйзам бул кагазда гана, ал эми чыныгы турмушта иш башка деп санашат. Бир жагынан Кыргызстан демократиялык укуктук мамлекет деп шардана кылганыбыз менен чындыгында бийлик - мыйзам, бийлик - укук жаатында кетенчиктеп бараткан жагдайлар көп.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG