Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:48

Айтматовдун Польшадагы күйөрманы


Иоланта Пясечна өзү поляк тилине которгон Чыңгыз Айтматовдун "Балалык" аттуу китебин кармап турат. Польша, 5-февраль, 2018-жыл.
Иоланта Пясечна өзү поляк тилине которгон Чыңгыз Айтматовдун "Балалык" аттуу китебин кармап турат. Польша, 5-февраль, 2018-жыл.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Балалык” аттуу чыгармасы былтыр поляк тилинде жарык көрдү.

Аны жазуучунун Польшадагы күйөрманы Иоланта Пясечна жети жыл мурда которгон. Иоланта айым “Азаттыкка” берген маегинде Айтматовдун чыгармачылыгы менен кантип таанышып калганын, эмне себептен бул китепти которууну чечкенин айтып берди. Иоланта Пясечна буга чейин да Польшада кыргыз тилин жайылтуу максатында атайын сайт ачкан.

“Азаттык”: Иоланта, кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасын поляк тилине которууга эмне түрткү берди? “Балалыкты" тандап алууңуздун сырын билгибиз келет.

Иоланта Пясечна: Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кызыгуум 2008-жылы ойгонгон. Мен анда “Эрасмус” программасы аркылуу Германиянын Кильт университетине окууга баргам.

Жатаканада кыргыз студенттери да бар эле. Алар менен коңшу бөлмөдө жашап калдык. Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармачылыгы тууралуу ошол жерден уктум. Андан көп өтпөй эле улуу жазуучу дүйнө салды. Бул кабарды Германиянын бардык маалымат каражаттары чагылдырды. Бул өлкөдө жазуучуну билгендер көп экен. Менде да кызыгуу пайда болду. Дароо эле китептерин алып, немис тилинде окуй баштадым.

Германияда Айтматовдун чыгармаларын табуу чоң түйшүк эмес. Китеп дүкөндөрдө жайнап турат. Жок дегенде бир чыгармасы болот. Немистердин китеп текчелеринен да кездештиресиң. Угушума караганда, бир кезде Германия Демократиялык Республикасында (ГДР) жазуучунун чыгармалары окуу программасына киргизилген экен.

Чыңгыз Айтматов немис жазуучусу Фридрих Хитцер менен бекеринен достошпосо керек. Мен полякчага которгон “Балалык” чыгармасынын Германияда жарык көрүшүнө Хитцердин эмгеги зор эмеспи.

Польшага кайтып келгенде Айтматовдун китептерин издедим. Поляк тилине да бир нече чыгармасы которулган экен. Акыркы жолу 1986-жылы чыккан “Кыямат” романын таптым. Мага чыгармаларынын ичинен “Жамийла”, “Бетме-бет” жана “Балалык” жакты. Айрыкча “Балалык” катуу таасир калтырды. Ошол себептүү аны которгум келди. Бирок анда котормом китеп болуп чыгат деп күткөн эмесмин.

“Азаттык”: Чыгарманы поляк тилине оодарууда кандай кыйынчылыктар жаралды? Ким менен кеңешип турдуңуз?

Иоланта Пясечна: Мен чыгарманы 2010-жылы эле которгом. Албетте, оңой болгон жок. "Айрым бөлүктөрүн туура котордумбу, автордун идеясын туура жеткире алдымбы?" деп күмөн санаган учурлар көп болду. Немис тилинен которуп, бирок кыргыз, орус тилиндеги версиялары менен салыштырып жаттым. Бирок китеп жарык көргөндөн кийин аны которуу басып чыгарганга караганда жеңил болгонун айта алам.

Иоланта "Бул китепти чыгарам деп ойлогон эмесмин". Чыңгыз Айтматовдун поляк тилине которулган "Балалык" чыгармасы. 5-февраль, 2018-жыл.
Иоланта "Бул китепти чыгарам деп ойлогон эмесмин". Чыңгыз Айтматовдун поляк тилине которулган "Балалык" чыгармасы. 5-февраль, 2018-жыл.

“Азаттык”: Сөзүңүзгө караганда китепти басып чыгаруу бир топ эле машакаттуу болгон окшойт? Кандай тоскоолдуктар жаралды?

Иоланта Пясечна: Башында айткандай, котормо китеп болуп чыгарын ойлогон эмесмин, андай ниетим жок болчу. Толугу менен даяр болгондо гана ошондой ойлор жаралды. Польшадагы бир нече басылмалар менен байланышып көрдүм. Бирок алар кызыккан жок. Андан кийин үмүтүмдү үзүп койгом.

Кийин жолдошум демөөрчүнү Польшадан эмес, Кыргызстандан издөөгө көндүрдү. Польшанын Бишкектеги консулдугу менен байланышып, демилгени айтып көрдүм. Алар сунушумду жактырып, китепти коммерциялык эмес негизде чыгарууга макул болушту. Ошентип жалпысынан 500 даана нуска менен жарык көрдү. Ал эми автордук укук боюнча “Аркус” басылма үйү жана Бишкектеги “Арте” аттуу юридикалык компания көмөктөштү. Польшанын Кыргызстандагы консулдугуна жана бардык көмөктөшкөндөргө ыраазычылык билдирем.

“Азаттык”: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын немис, орус, поляк тилдеринде окуп чыккан экенсиз. Сизге кайсы тилде окуу ыңгайлуу жана кызыктуу?

"Айрым бөлүктөрүн туура котордумбу, автордун идеясын туура жеткире алдымбы?" деп күмөн санаган учурлар көп болду. Немис тилинен которуп, бирок кыргыз, орус тилиндеги версиялары менен салыштырып жаттым.

Иоланта Пясечна: Мен китепти жандилим менен үңүлүп окуйм. Бир тилде окуган соң анын башка тилге кандай которулганын окуп, салыштырганды жакшы көрөм. Маселен, “Кылым карытар бир күндү” алгач поляк тилинде окугам. Кийин орус тилиндеги версиясына Чыңгыз Айтматов өзү айрым кошумчаларды киргизгенин угуп, кайрадан орус тилинде да окуп чыктым.

“Азаттык”: Эми «Балалык» чыгармасынын поляк тилиндеги китеби жалпы сатыкка чыгабы? Мындан ары да которуу менен алектенесизби?

Иоланта Пясечна: Бул китепти басма үйү менен Айтматов атындагы эл аралык фонддун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, сатыкка чыгарууга тыюу салынат. Ошондуктан бул китеп боюнча андай пландар жок. Бирок Чыңгыз Айтматовдун башка чыгармаларын жалпы окурмандарга сунуш кылсамбы деген максатым бар. Бирок Польшада китеп чыгаруу үчүн демөөрчү табыш керек. Ал абдан оор иш.

Иоланта Пясечна польшалыктардын арасында кыргыз тилин жайылтуу боюнча да иштерди жүргүзүп келет. Ал эми анын жолдошу - окумуштуу, кыргыз жигити Акыл Касымалиев. Польшанын Познань шаарында жашаган жубайлар бир жыл мурда “Азаттыктын” Прагадагы студиясына келип маек беришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG